Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:13

"Хуавейдин" башчысы кылтакка илинди


Ванчжоу Мэн Орусиядагы инвестициялык форумга катышканда. Москва, 2-октябрь, 2011-жыл.
Ванчжоу Мэн Орусиядагы инвестициялык форумга катышканда. Москва, 2-октябрь, 2011-жыл.

Кытайдын Huawei компаниясынын Канадада кармалган топ-менеджеринин баш коргоо чарасы 7-декабрда бул өлкөнүн сотунда каралганы турат.

Расмий Бээжин Ванчжоу Мэнди бошотууну талап кылууда. Кытайлык ири бизнестин Канадада кармалган белдүү өкүлү анын компаниясы АКШнын Иранга каршы санкцияларын бузган деп шек саналууда. Ал Кошмо Штаттарга экстрадиция болушу мүмкүн.

Кытайдын эң ири компанияларынын бири телекоммуникация жабдууларын жана эл керектөөчү электрониканы өндүргөн Huaweiди негиздеген Рен Чжэнфэйдин улуу кызы, бул компаниянын аткаруучу жана каржылык директору Ванчжоу Мэнди Канада АКШнын өтүнүчүнө ылайык 1-декабрда, Кытай жана АКШ лидерлери Аргентинада жолуккан күнү кармаган.

Бирок бул маалымат 5-декабрда гана ачыкка чыкты.

Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо 6-декабрда Оттавада атайын билдирүү менен чыгып, бул кармоодо эч кандай саясий кийлигишүү болгон жок деп ырастады:

- Мен баарын ишендирип кетким келет. Биз сот системасы көз карандысыз өлкөбүз. Бул иште тиешелүү бийлик өкүлдөрү эч бир саясий кийлигишүүсүз чечим кабыл алган. Бизди алар саналуу күн калганда гана кабардар кылышты. Албетте чечимге саясий деңгээлде эч кандай кийлигишүү болгон жок. Анткени, биз сот жараяндарыбыздын көз карандысыздыгын урматтайбыз. Мындан сырткары менде бул маселе боюнча эл аралык кесиптештерим менен түз дагы, кыйыр дагы сүйлөшүү болгон эмес.

Жастин Трюдо
Жастин Трюдо

Кошмо Штаттардан Ак үйдүн Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон Улуттук коомдук радио менен маегинде Ванчжоу Мэндин Канадада кармаларын күн мурунтан билгенин айткан, бирок иштин чоо-жайын чечмелеген жок.

Кытайдын Huawei сыяктуу компаниялары АКШдан уурдалган интеллектуалдык менчикти колдонуп жатат деген шек саноолор, тынчыздануулар болгонун белгилеген.

Кытайдын Канададагы элчилиги Huawei башчысынын камакка алынышын дароо айыптаган. Расмий Бээжин Оттавадан анын дароо бошотулушун талап кылды.

Кытай бийлиги алардын компаниялары эл аралык мыйзамдарды же санкцияларды бузган жок деп эсептейт.

- Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөсү катары Кытай Коопсуздук кеңеши кабыл алган резолюцияларга олуттуу мамиле жасап, аларды кынтыксыз аткарат. Ал эми Коопсуздук кеңештин алкагынан тыш бир тараптуу санкцияларды кайсыл өлкө болбосун киргизүүгө Кытай каршы. Кытайдын туруму ырааттуу жана түшүнүктүү. Мыйзамды сактаганы тууралуу Huawei өзүнчө билдирүү жасады, - деди Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Генг Шуанг 6-декабрда Бээжинден.

Санкция демекчи канадалык медианын жазгандарына караганда, Huawei башчысы Иран менен соода кылууда АКШнын санкцияларын бузууга аракеттенген деп айыпталууда.

Huawei компаниясынын Шанхайдагы дүкөнү. 6-декабрь, 2018-жыл.
Huawei компаниясынын Шанхайдагы дүкөнү. 6-декабрь, 2018-жыл.

Ал Канададан АКШга экстрадиция болушу да мүмкүн. Президент Трамптын администрациясы Ванчжоу Мэнди Канададан өткөрүп алуу аракетин көрүп жатканын 6-декабрда америкалык The Wall Street Journal басылмасы да жазып чыкты.​

Тыңчылыкка шек саноо

Расмий Бээжиндин нааразылыгын жараткан бул окуя АКШ менен Кытай бир нече айга созулган соода согушуна токсон күндүк убактылуу “тыныгуу” жарыялап, жаңы сүйлөшүүлөргө камынып жаткан кезге туш келди.

АКШ Huawei компаниясына карата иликтөө жүргүзүп жатканы тууралуу алгач быйыл апрелде The Wall Street Journal басылмасы кабарлаган.

Гезиттин маалыматына караганда, АКШ бийлиги Huawei компаниясы америкалык өндүрүштөн чыккан өндүрүмдү АКШнын экспорттук мыйзамын бузуу менен Иранга жана башка өлкөлөргө сатканын иликтеген.

Жакында Кошмо Штаттардын администрациясы дүйнө боюнча өнөктөш өлкөлөрдү Кытайдын Huawei телекоммуникациялык компаниясынын жабдууларын колдонууну токтотууга кайрадан чакырган.

Вашингтон бул компания Кытай бийлигинин пайдасына жашыруун тыңчылык кылат деп шек санайт.

АКШ өзүнүн европалык жана башка өнөктөштөрүнө Huawei компаниясынын технологиясын чектөө зарыл экенин мурдагы президент Барак Обаманын тушунда да эскертип келген.

Өткөн айда эле Жаңы Зеландиянын өкмөтү өзүнүн жергиликтүү мобилдик компаниясына Huawei чыгарган жабдууларды колдонууга тыюу салып, мунун жүйөсү катары олуттуу коопсуздук тобокелдиктерин атаган.

Ага чейин Австралия Huawei компаниясынын тыңчылык боюнча кооптонуулардан улам аларда 5G системасында иштөөсүнө уруксат берген эмес.

Ушул шаршемби күнү Британиянын эң мобилдик операторлорунун бири BT компаниясы өзүнүн 4G түйүнүнөн Huawei чыгарган жабдууларды алып жатканын жарыялаган. Мунун алдында Британиянын MI 6 чалгын кызматынын башчысы кытай компаниясы коопсуздук тобокелдиктерин жаратып жатканын эскерткен.

Financial Times басылмасынын 7-декабрда жазганына караганда, эми Huawei компаниясынын жетекчилери Британиянын киберкоопсуздук боюнча улуттук борборунун өкүлдөрү менен жолугуп, камтамачылыктарды басаңдатуу үчүн бир катар техникалык талаптарды кабыл алууга макул болду.

Ванчжоу Мэн Орусиянын президенти Владимир Путин менен Москвадагы инвестициялык форумда. 2-октябрь, 2011-жыл.
Ванчжоу Мэн Орусиянын президенти Владимир Путин менен Москвадагы инвестициялык форумда. 2-октябрь, 2011-жыл.

Канадада кармалган Ванчжоу Мэн Кытайдын бизнес дүйнөсүнүн белдүү өкүлү. Ал өз компаниясынын атынан эл аралык ишкер форумдарына такай катышып келген.

Huawei компаниясын анын атасы Кытай армиясынын мурдагы инженери Рен Чжэнфэй 1987-жылы негиздеген. 2017-жылы компаниянын соода жүгүртүүсүнүн көлөмү 92,5 миллиард долларга жетип, таза кирешеси 7,2 миллиард долларды түзгөн.

"Хуавей" компаниясы Кыргызстанда “Таза коом” долбоорунун алкагында ишке ашпай калган келишими менен таанылган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG