Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:41

"Фейсбуктун" "Хуавей" менен келишими сынга кабылды


"Фейсбуктун" негиздөөчүсү Марк Цукерберг.
"Фейсбуктун" негиздөөчүсү Марк Цукерберг.

“Фейсбук” социалдык түйүнү кытайлык “Хуавей” компаниясы менен маалымат бөлүшүү тууралуу келишими болгонун ырастап, аны ушул жуманын этегине чейин токтоторун билдирди.

Эки миллиарддан ашык активдүү колдонуучусу бар “Фейсбуктун” март айынан бери жаңжалдан башы чыкпай жатат.

Жекшемби күнү “Нью-Йорк Таймс” гезити бул компания акыркы он жылда "Apple", "Samsung", "Amazon", "BlackBerry" жана "Microsoft" сыяктуу телефон чыгарган 60тай компания менен келишим түзгөнүн, ал компаниялар колдонуучулардын макулдугу жок эле алардын социалдык түйүндөрүндөгү жеке маалыматтарын көрүүгө мүмкүнчүлүк алганын жазып чыкты.

Мындай келишим түзгөн тараптардын арасында “Хуавей” баштаган төрт кытайлык компаниянын болгону АКШда өзгөчө сынга кабылды.

“Хуавей” дүйнөдөгү смартфон чыгарган үч негизги компаниянын катарына кирет. Кошмо Штаттардын атайын кызматынын өкүлдөрү бул компания кытай бийлиги менен кызматташарын билдирип, анын америкалыктар үчүн коркунучун эскерткен жайы бар. Май айында Пентагон коопсуздук маселесинен улам америкалык аскердик базаларда “Хуавейдин” телефондорун сатууну токтотууну буюрган.

Соңку кабардан кийин АКШнын айрым конгрессмендери социалдык түйүндүн колдонуучуларынын жеке маалыматтарынын корголушу тууралуу маселени көтөрүштү. Кайсы бири "Фейсбук" колдонуучуларынын жеке маалыматтары Кытай бийлигинин колуна өтүп кеткен жокпу деп суроо салышты.

- “Фейсбук” өз колдонуучулары тууралуу маалымат Кытайдын серверлерине жөнөтүлбөгөнүн кантип камсыз кылганын билгим келет, - деди виргиниялык сенатор Марк Уорнер “Нью Йорк Таймс” басылмасына.

“Фейсбук” компаниясы шейшембиде кытайлык компаниялар мындай келишим болгонун ырастады. Бирок ушул жуманын этегине чейин “Хуавей” менен келишим токтотулмай болду.

Кытайлык фирмалар өз платформаларында "Фейсбуктуку" сыяктуу ыкмаларды иштеп чыгуу үчүн анын колдонуучуларынын маалыматына муктаж болгону кабарланууда.

“Фейсбуктун” өкүлдөрү телефон чыгарган компаниялар менен түзүлгөн бардык келишимдер компаниянын эрежесине жана АКШ мыйзамдарынын талабына шайкеш келерин билдирүүдө. Компания ушул аралыкта жеке маалыматтарды кыянаттык менен пайдаланылган учурлар да катталбаганын белгилеп жатат.

"Фейсбук" колдонуучулардын жеке маалыматы Кытайдагы серверлерде эмес, телефондордун өзүндө сакталганын айтып жатат. “Хуавей” болсо өз кызматын жакшыртуу үчүн гана "Фейсбук" менен кызматташканын кабарлады.

"Хуавейдин" смартфондорунун Кабулдагы жарнактары.
"Хуавейдин" смартфондорунун Кабулдагы жарнактары.

Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Хуа Чунинг соңку кабар боюнча суроого мындай жооп берди:

- Айтылган компаниялардын ортосундагы кызматташтык тууралуу комментарий бербейм. Себеби келишимдин деталдарын билбейм. Бирок АКШ кытайлык ишканалардын инвестициясы менен бизнес ишмердигине акыйкат, ачык жана жагымдуу шарт түзүп берет деп үмүттөнөбүз.

Март айында "Фейсбуктун" 60 миллиондон ашык колдонуучусунун жеке маалыматтары британиялык "Cambridge Analytica" консалтинг компаниясынын колуна өтүп кеткени, ал маалыматтар саясий максатта колдонулганы ачыкка чыккан. Аталган британ компаниясы 2016-жылы президент Дональд Трамптын штабы менен иштешкени тууралуу кабар талкууну ого бетер күчөткөн.

Бул жагдай "Фейсбук" компаниясынын дарегине сын-пикирлерди жаадырып, социалдык түйүндүн негиздөөчүсү Марк Цукерберг АКШнын жана Европарламенттин депутаттарынын суроолоруна жооп берүүгө аргасыз болгон. Анда Цукерберг "Фейсбуктун" колдонуучуларынын жеке маалыматын толук коргой албаганы үчүн кечирим сураган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG