Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:36

Марк Цукерберг Европарламентте билдирүү жасады


Марк Цукерберг Европарламентте сүйлөп жаткан учуру.
Марк Цукерберг Европарламентте сүйлөп жаткан учуру.

"Фейсбуктун" жетекчиси Марк Цукерберг Европарламентте шейшемби күнү билдирүү жасады. Депутаттар менен жолугушуу "Cambridge Analytica" фирмасы аркылуу социалдык желенин миллиондогон колдонуучуларынын жеке маалыматтары чыгып кетишине арналды.

Цукербергге "Фейсбуктун" социалдык тармактар базарындагы монополиясы, өздүк маалыматтарды америкалык жана европалык мыйзам базасы боюнча коргоо маселелери суроолор берилди. Ал ой-пикирин эркин айтуу укугу жана соцтармактын бир колдонуучусунун экинчи кишинин үстүнөн аша чаап кетиши сыяктуу темаларда суроолорго да жооп берди.

Марк Цукерберг буга чейин АКШнын Сенаты менен Эл өкүлдөр палатасында чыгып сүйлөп, компаниясы жеке маалыматтарды уурдатып жибергенин моюнга алган. Европарламентте да ошондой мааниде кеп кылып, анын командасы жагдайды жөнгө салуунун үстүндө иштеп жатканын айтты.

Британиядагы "Cambridge Analytica" компаниясы ар кайсы өлкөлөрдө саясий өнөктүккө колдонуу максатында "Фейсбуктун" колдонуучуларынын жеке маалыматын топтогону ачыкка чыккан. Соңку маалыматка караганда, бул компания 67 миллион колдонуучунун маалыматын алган.

Мындан кийин "Фейсбук" компаниясы Орусиядагы "троллдор фабрикасына" байланышы бар экени маалымдалган 250дөн ашык баракчаны жапкан. Ал баракчалар көбүнчө орус тилинде маалыматтарды таратканы, алардын Кыргызстанда кеминде 35 миң окурманы бар экени белгилүү болду. (ErN)

XS
SM
MD
LG