Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:43

Фейк кабарлар элдин башын айлантты


Иллюстрация
Иллюстрация

"Евразиялыктар - жаңы толкун" фондунун" иликтөөсүнө караганда Кыргызстандагы социалдык тармактарды колдонуучулардын 46 пайызга жакыны "Фейсбукка" кирет.

Өткөн жумада Бишкекте социалдык тармактар жана анын таасири тууралуу иликтөөнүн жыйынтыгын талкуулаган тегерек үстөл өткөн. Анда фейк аккаунттар менен жалган маалымат таркатуунун активдешүүсү талкууланган.

“Евразиялыктар – жаңы толкун” фондунун өкүлү Денис Бердаков бул көйгөй тууралуу төмөнкүлөрдү айтты:

- Такталбаган же фейк жаңылыктар соцтармактар аркылуу калкка тарап жатат. Чагым кабарлардын авторлору билдирүүлөрүн бат эле өчүрүп салат. Бирок алар тараткан ушак элге дароо тарап кетет. Фейк жаңылыктын социалдык климатка жана коомдогу саясий турмушка таасири тийбей койбойт. Биз иликтөөбүздө кайсы бир социалдык тармакта катталган адамдын санын эмес, активдүүлүгүн көрсөткөн, тагыраагы билдирүү жазып же маалымат менен бөлүшкөн авторлордун гана санын эске алдык.

Марс Сариев
Марс Сариев

Социалдык тармактар аркылуу тараган жалган, далилденбеген маалыматтарга айрыкча жаштар көп кызыгарын серепчи Марс Сариев да белгиледи:

- Жакында эле айылыма барып келдим. Кадимкидей муун ажырымы пайда болуптур. Улуулары өлкөдөгү абал, коом турмушу тууралуу мамлекеттик телеканалдардан кабардар болот экен. Ал каналдардын өз кызыкчылыгы барын эске алганда так жана туура маалыматты алып жатышат деп айтканга болбойт. Ал эми жаштар жаңылыктарды интернет, социалдык тармактардан окушарын байкадым. Бирок алар да жеңил, такталбаган кабарларга кызыгышат. Демек элдин басымдуу катмары калыс, так маалыматка ээ болбой жатат.

Маалыматтардын чын-төгүнүн иргебей кабыл алган жаштардын катарында жогорку окуу жайдын студенти Нурпейил да бар:

- Көбүнчө "Инстаграм", "Фейсбукту" колдоном. "Фейсбуктан" жаңылык окуйм, "Инстаграмдан" ар кандай жарнама, кызыктуу маалыматтарды издейм. Менимче, элдин баары эле маалыматтарды ылгап окуганды билбейт.

Иллюстрация
Иллюстрация

Жасалма аккаунттар аркылуу ушак деңгээлиндеги жалган маалыматтар азыр дүйнөлүк алкакта социалдык тармактардын, анын ичинде "Фейсбуктун" негиздөөчүлөрүнүн да баш оорусуна айланып турган чак.

"Фейсбук" социалдык тармагынын түзүүчүсү Марк Цукерберг бүгүн жалган маалыматты ооздуктоонун аргасын издеп жатканын ачык айтууда.

Ушундай жагдайда “Евразиялыктар – жаңы толкун” фонду жалган кабарлардын таратылышына көз салууну кыргыз коомчулугуна жана өкмөткө сунуштады.

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова адегенде фейк аккаунттарды каттап жаткан сайт, социалдык тармактарды жоопкерчиликке тартуу керек деген пикирде:

- Фейк аккаунттардын ээсин жоопко тартуу абдан кыйын. Ошондон улам, аларды каттап жаткан сайттын доменин алып же социалдык баракчага жоопкерчиликти жүктөө керек. Сүрөтү, аты-жөнү көрсөтүлбөгөн аккаунттарга уруксат бербеш керек.

“Евразиялыктар – жаңы толкун” фондунун иликтөөсүнө караганда февраль айында Кыргызстанда социалдык тармактагы активдүү колдонуучулардын саны 457 миң 490го жеткен. Анын 45,7% же жарымы Фейсбук социалдык тармагында активдүүлүгүн көрсөткөн. "Фейсбукта" катталган баракчалардын алдынын аудиториясы 25 миңден жогору экени белгилүү болгон. Экинчи орунда "Инстаграм", анан "Одноклассники" сайты турат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG