Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:28

Укук коргоочу интернеттеги басымга нааразы


Укук коргоочу Изатулла Рахматуллаев интернетте улуттук азчылыктарды басмырлоо жайылып жатат деп, Башкы прокуратурага жана УКМКга кайрылды.

Ал мындай пикирлерди жазган кишилерди кылмыш жоопкерчилигине тартууну сунуштап жатат. Айрымдар укук коргоочу көтөргөн демилге сөз эркиндигин чектей турганын айтууда.

Кыргызстандын мыйзамдарында улут аралык кастыкты козутуу боюнча жоопкерчилик каралганы менен, соцтармактардагы чакырыктарга чара көрүү жаатында так аныктама жок.

Ош шаарында ишмердик кылган укук коргоочу Изатулла Рахматуллаев 1-август күнү башкы прокурор Индира Жолдубаеванын, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Абдил Сегизбаевдин дарегине ачык кат жолдоп, анда социалдык тармактар аркылуу улут аралык кастыкты козуткандарды кылмыш жоопкерчилигине тартууну суранды:

- Социалдык тармактарда экстремисттик маанайда пикир калтыргандардын жоопкерчилигин карап жатышат. Эмне үчүн улут аралык кастык козуткандарга ушундай чара көрүүгө болбойт?

Иззатулла Рахматуллаев
Иззатулла Рахматуллаев

Укук коргоочу "Ошко Өзбекстан жаңы мектеп курат" деген кабардан кийин соцтармактар аркылуу жамырап чыккан жек көрүү маанайындагы пикирлерди жаңы мисалдардын бири катары келтирди:

- Комментарийлерди окуп, жакаңды кармайсың. Башка улутту басмырлап, өлкөдөн чыгып кетүүнү талап кылып жазгандары да бар. Кыргызстандагы башка улуттар деле ушул өлкөнүн жарандары эмеспи!

УКМК Рахматуллаевдин ачык каты боюнча азырынча комментарий бере элек. Ал эми Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кайрылуу каттоого алынгандан соң, кат ээсине жооп берилерин билдирди. Аталган мекемелерден улут аралык кастыкты козутуу белгилери бар ар бир аракет дыкат текшерилерин кошумчалашты.

Кыргызстандык соцтармак колдонуучулар арасында жаатташып, талаш-тартышка барган учурлар тез-тез кездешет. Журналист Улукбек Акишев андай пикирлерди тизгиндөө өлкөдө цензуранын күчөшүн шарттайт деген ойдо:

- Мен улутчул маанайдагы тайпаларга кошулбайм жана алар жазып жаткан пикирлерди окубайм. Ошентсе да башка этносторду басмырлаган пикирлер тез-тез жазыларын угуп жүрөм. Бирок "аларды тизгиндеш керек" деген ойду колдобойм. Интернетти эркин базарга салыштырсак болот. Базар өзүн өзү жөнгө салат эмеспи, интернетте да бара-бара ушундай болот.

Медиа өкүл, юрист Акмат Алагушевдин оюнча, соцтармактардагы пикирлердин көбү эмоциялык билдирүү болгондуктан, аларды кылмыш катары саноо туура эмес. Олуттууларына гана эскертүү берүү керек:

- Бирөө бир маселени козгосо, айрымдар талкуулап кирсе эле аны кылмыш катары кароо туура эмес. Кээ бирөөлөр ачууланып сүйлөп коюушу турган кеп. Ал эми ошол маселени атайын козготсо, ошол иш абройлуу кишилер тарабынан жасалып, бөлүнүп-жарылууга чакырык жасалса, анда кеп башка.

Быйыл июнь айында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети улут аралык кастыкты козутту деген шек менен интернеттеги социалдык түйүн колдонуучусун камакка алганын билдирген.​ Андан тышкары, мекеменин Тергөө башкармалыгы журналист Улукбек Бабакуловго карата кылмыш ишин козгогону, ал чагымчыл мүнөздөгү макалаларды жарыялаган деп шектелип жатканы маалымдалган. Бабакулов бул айыпты четке каккан жана өлкөдөн чыгып кеткенин айткан.

2015-жылдын май айында ырчы Бек Борбиев "Мегаком" уюлдук компаниясындагы өзбек тилиндеги тейлөөгө каршы экенин Фейсбукка жазып, талкууга түшкөн. Атайын кызмат мындан кийин ырчыга эскертүү берген эле. Жакында эле модел Амина Юсурованын интернеттеги билдирүүсү орус улутундагылардын укугун бузганы айтылып, катуу талкууга алынган.

Кыргызстандын Конституциясынын 31-беренесине ылайык, улуттук, этностук, расалык, диний жек көрүүчүлүктү, гендердик жана башка социалдык үстөмдүктү үгүттөп, кодулоого, касташууга же күч колдонууга чакырган үндөөлөргө тыюу салынат.

Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинин 299-беренесинде “улуттук, расалык, диний же аймак аралык кастыкты козутууга багытталган иш-аракеттер” деген пункт бар. Анда айыптуу деп табылгандарга жети жылдан 10 жылга чейин жаза каралган.

УКМКдан тышкары, Ички иштер министрлигинин экстремизм жана терроризмге каршы иштеген 10-башкы башкармалыгы да улут аралык кастык козутуучуларды тизгиндөө жаатында иш алып барат. Антсе да, күч органдары тарабынан улут аралык мамилелерге тескери таасир эткен аракеттер боюнча аныкталган фактылар жана аларга карата көрүлгөн укуктук чаралар тууралуу кенен маалыматтар жок.

Өлкөдө 80ден ашуун улуттун өкүлдөрү жашайт.

2010-жылкы 400дөн ашуун адамдын өмүрү кыйылган июнь окуясынан кийин "Медиа өнүгүү борбору" жана "Журналисттер" уюмдары өз иликтөөлөрүнүн негизинде улут аралык мамилеге байланышкан талаштар сезимтал тема деген аныктама берген. Медиа серепчилер мындай маселени чагылдырууда журналисттерди бейтараптуулукту карманып, жаман кесепеттерге шыкакчы болбоого үндөп келет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG