Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:13

“Мегакомдун” тил саясатына каршы акция токтоду


Ырчы Бек Борбиевдин “Мегаком” уюлдук операторунун өзбек тилиндеги тейлөө кызматын алып салуу боюнча интернетте жүргүзүп жаткан үгүтүн токтотту. Ал 15-майда Бишкекте пландалган нааразылык акциясы да болбой турганын “Фейсбуктагы” баракчасына жазды.

Борбиев уюлдук компанияга каршы акцияны ушул апта башында баштаган. Анын билдирүүсүн УКМК текшерүүгө алып, элди бөлүп жаруу аракети бар же жок экенине экспертизалык байкоо жүргүзө баштаган болчу.

“Мегаком” ачылгандан бери элди кыргыз, орус, англис жана өзбек тилдеринде тейлейт. Жакында түрк тили кошулган. Ушундай эле кызматтар “Билайн” уюлдук компаниясында да бар. (SE)

XS
SM
MD
LG