Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:29

Инвесторлорго бюрократия бөгөт болууда


Кубатбек Боронов.
Кубатбек Боронов.

Кыргыз өкмөтү инвесторлорду тартуу, инвестициялык климатты оңдоо максатында тиешелүү мыйзамдарга өзгөртүү киргизип жатат.

Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов өткөн аптада Чолпон-Атадагы бешинчи инвестициялык форумдан кийин “Азаттык” менен болгон маегинде билдирди. Боронов Кыргызстандагы инвестициялык абал, мурдагы өкмөт баштап кеткен "Акылдуу шаар", "Коопсуз шаар", "Таза коом" долбоорлору, Чолпон-Атадагы форумда чет элдик ишкерлер менен кол коюлган 10 чакты келишимдин чоо-жайы тууралуу суроолорго жооп берди.

"Азаттык": Форумда Кыргызстанда чыгарылган өндүрүмдү башка мамлекеттерге экспорттоо боюнча онго жакын келишимге кол коюлуп отурат. Бул макулдашуулар өлкөнүн экономикасына кандай пайда алып келет?

Кубатбек Боронов: Инвестициялык форум Кыргызстанда бешинчи жолу өтүп жатат. Быйыл анын форматы башкача болду. Географиясы да кеңейди. Ага Бириккен Араб Эмиратынан ишкерлер, Кытайдан жана башка мамлекеттерден чоң компаниялардын өкүлдөрү келишти. Форумдун алкагында негизинен Кыргызстанга инвестиция тартып келүү, туризмди өнүктүрүү багытында жакшы келишимдерге кол коюлду.

Буга чейин Кыргызстандын өндүрүмүн экспортко чыгаруу боюнча иштер жүрүп жаткан. Анын ичинде балды Кытайга чыгаруу тууралуу келишим түзүлдү. Жакында эле президент Кытайга барып келгенде электромобилдерди чыгаруучу компаниянын өкүлдөрү менен жолугуп келбедиби. Алар да форумга катышты.

Келишимдер негизинен Кыргызстанга инвестор тартып, кайра иштетүү тармагын өнүктүрүү, завод-фабрика куруу жана жергиликтүү өндүрүмдү экспортко чыгаруу максатын көздөдү.

Кыргызстан иш-чарада инвестициялык климатты оңдоо тууралуу презентация жасады. Бул түшүнгөн кишиге абдан маанилүү маселе. Жөнөкөй сөз менен айтканда, Кыргызстанга келген инвесторду мындан ары документтердин даяр пакети күтүп турат. Мурункудай болуп көрүнгөн аткаминер менен сүйлөшүп, ар кайсы кабинеттин каалгасын какпайт. Инвестор келгенде баары даяр болот. Коммуникациясы менен баары даяр жерди, документтерди жергиликтүү бийлик өзү же инвестиция алып келген жергиликтүү ишкер даярдап турат. Бул үчүн тиешелүү мыйзамдарды өзгөртүү аракети жүрүп жатат.

Буюрса, быйыл ушуларды жолго койсок, андан кийин жергиликтүү бийликке - район акимине же айыл өкмөт башчысына "ар бир райондо жок дегенде эки инвестициялык долбоор, инвестициялык лот менен даяр турушу керек" деген тапшырма коебуз. Анан даярдап коюп эле "сырттан качан келет" деп күтүп отура бербестен, акимдерге, мэрлерге, айыл өкмөт башчыларына башка жактардын тажрыйбасын көрүүгө уруксат берилет. Алар башка жактарда өткөн форумдарга барып, долбоорлорун, шарттарын тааныштырып, инвесторлорду чакырса болот. Мындан тышкары, салык боюнча жеңилдиктер каралууда. Булар жакын арада ишке аша турган маселелер.

Ысык-Көлдө инвестициялык форум өттү
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:17 0:00

"Азаттык": Кытайга бал качан экспортко чыгат?

Кубатбек Боронов: Бул эки компаниянын ортосундагы келишим. Анда кандай жазылганын билбейм. Бирок быйылкы өндүрүмдөн чыгара бергенге мүмкүнчүлүк бар. Ага Кыргызстандын сертификат берүүчү органдарыбыз да даяр.

"Азаттык": Инвестициялык форумда Жалал-Абад облусундагы "Кыргыз мрамор заводу" жоопкерчилиги чектелген коомун Өзбекстан менен чогуу иштетүү тууралуу документтер бар. Биргелешкен ишкана кандай негизде иштейт?

Кубатбек Боронов: Ал ишкана өз өндүрүмүн экспортко чыгарат. Кыргызстанда травертин деп атпайбы, сары таш, ошонун запасы бизде өтө көп. Токтогулда, Ала-Букада, Өзгөндө, Баткенде, Таласта бар. Ошолорду иштетип жаткан компания Өзбекстан менен экспорт тууралуу келишимге кол койду. Өзбекстанда чоң-чоң имараттардын сыртын сары таш менен жасалгалаган учурлар көп экен. Президенттин, премьер-министрлердин буга чейин Ташкентте болгон сапарларында бул багытта сүйлөшүүлөр болгон. Ошол боюнча макулдашуу түзүлдү.

"Азаттык": Мындай форум бешинчи жолу өткөрүлүптүр. Буга чейинки иш-чаралардан жыйынтык чыгып, инвесторлор тартылып иштеп жатабы?

Кубатбек Боронов: Ал боюнча маалыматым жок. Бирок бүгүнкү келишимдер - буга чейинки форумдардын жыйынтыгы десек болот.

"Азаттык": "Акылдуу шаар", "Коопсуз шаар" долбоорлорунун тагдырлары эмне болду?

Кубатбек Боронов: "Коопсуз шаар" боюнча жаңы сынак жарыяладык. Өкмөттүн буйругуна кол коюлду. “Коопсуз шаар” - “Акылдуу шаардын” компоненти. "Акылдуу шаар" өзү чоң долбоор да. Августтун аягында сынактын жыйынтыгы чыкса, сентябрь-октябрда ишти баштайбыз.

"Азаттык": Ал эми Сапар Исаков башында турган мурдагы өкмөттүн "Таза коом" долбоору боюнча иштер улантылып жатабы?

Кубатбек Боронов: Негизинен бул ишти 2016-жылы баштаганбыз. Билсеңиздер, ал убакта Сооронбай Шарипович премьер-министр болуп турганда "Таза коом", "Түндүк" мамлекеттик органдардын арасындагы маалымат алмашуу системасы боюнча иштер башталган.

Тилекке каршы, былтыр "тез арада ишке ашырабыз" деген жана кандайдыр бир туура эмес кадамдар болуп кетип, "Хуавей" компаниясы менен келишим ишке ашпай калбадыбы. Жаңы өкмөт ишке киргенден кийин ушул маселенин үстүнөн иштеп жатат. Үч ай ичинде нөлдөн баштадык десек болот. Техникалык-экономикалык негиздеме, техникалык тапшырмалардын эч нерсеси даярдалган эмес экен. Ошолордун баарын кайрадан жазып, даярдоого туура келди. Сынактык документтерди, анын ичинде 20дан ашык мамлекеттерде ушул иштерди алып барган компанияларды чакырып, алар менен сүйлөшүү, статистикалык талдоо жүргүзүү иштеринин баарын тез арада, үч айда даярдаганга мүмкүнчүлүк болду.

"Азаттык": "Кыргызстанда инвестициялык климат начар" деген сын пикирлер көптөн бери айтып келатат. Мунун себебин сиз эмнеден көрөсүз?

Кубатбек Боронов: Эң негизги себептеринин бири - бюрократия. Андан кийин эки-үч эле себеп бар. Келген инвесторду татыктуу тосуп, коопсуздукту да камсыз кыла албай атабыз. Буга биринчиден, бийлик, экинчиден, жергиликтүү эл күнөөлүү. Тоо-кен тармагында абдан жаман көрүнүштөр болуп кетти. Макмалда, Ала-Букада, Чаткалда ар кандай чыр чыкты.

Эл кичине эле бирдеме болсо былтыркы алар берген жардамды унутуп калып, жол тосуп же болбосо ошол жакка чейин кирип барып, завод-фабрикаларды талкалап, өрттөп ийген учурлар кездешүүдө. Ушундайды эл туура түшүнүп, Кыргызстанга же ошол айылга келип аткан пайда катары мамиле кылса климат жакшы жакка өзгөрөт эле. Туристтерди үйүбүзгө кандай конок келсе ошондой тосуп, ошондой мамиле кылышыбыз керек. Эл да, бийлик да. Бюрократияны жок кылышыбыз керек, аны жок кылыш үчүн инвестиция тартуу маселесин жолго коюшубуз зарыл. Ошол жолго салынса бюрократия жоюлат. Кыскасын айтканда, инвестор мындан кийин ар бир кабинетке жүгүрбөйт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG