Линктер

жекшемби, 22-июль, 2018 Бишкек убактысы 16:56

Бүгүн президент Сооронбай Жээнбековдун Кытайга мамлекеттик сапары башталат.

Бул күнү Жээнбеков менен Кытайдын төрагасы Си Цзинпиндин жолугушуусу белгиленген. Кыргызстандын мамлекет башчысы өз сапарынын алкагында Циндао шаарында өтө турган Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) курамындагы өлкөлөрдүн башчыларынын кезектеги жыйынына катышат.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун 6-8-июндагы мамлекеттик сапары Кытайдын төрагасы Си Цзинпиндин чакыруусу менен өткөнү турат. Бул Жээнбековдун президент катары алгачкы мамлекеттик сапары.

Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыковдун маалыматы боюнча, Бээжинде Жээнбеков Кытайдын төрагасы Си Цзинпин, Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Кэцян жана Эл өкүлдөрүнүн бүткүл кытайлык жыйынынын Туруктуу комитетинин төрагасы Ли Чжаншу менен жолугат. Анда кыргыз-кытай алакасынын бардык багыттары талкууланышы күтүлүүдө.

Данияр Сыдыков.
Данияр Сыдыков.

- Бүгүнкү күндө Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда мамлекет аралык, өкмөт аралык, мекеме аралык жана башка 200дөй эки тараптуу документтерге кол коюлган. Бул олуттуу келишимдик-укуктук база жана ал ар түрдүү чөйрөлөрдө өз ара кызыкчылык туудурган эки тараптуу пайдалуу кызматташтыкты туруктуу өнүктүрүүгө умтулуу бар экенин көрсөтүп турат. Бул сапар келечекке багытталган кыргыз-кытай кызматташтыгын жана өнөктөштүгүн кеңейтүүгө жана тереңдетүүгө кыргыз тарап чоң маани бере турганын билдирет.

Сыдыковдун айтымында, сапардын алкагында кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган он чакты документке кол коюлат.

Сооронбай Жээнбековдун Кытайдагы мамлекеттик сапары "Кыргызстан-Кытай" газ кууру боюнча Кытай менен түзүлгөн макулдашууга байланыштуу, Бишкек ЖЭБине Кытай берген каражаттын максатсыз пайдаланышы, Кытай элчилигине ижарага бөлүнгөн жер тилкеси боюнча талаш-тартыштар кызыган учурга туш келүүдө. Данияр Сыдыков "газ кууру үчүн Кытайга Алай өрөөнүндөгү жер берилет" деген сөздөрдү четке какты.

Жээнбековдун Кытай сапарынын алкагында кайсы маселелер көтөрүлүп, кандай нукта чечилиши керек? Адистер эки өлкө ортосундагы экономикалык байланышты чыңоо, Кыргызстан-Кытай-Өзбектан темир жолун куруу маселесин илгерилетүү, ар кайсы тармактагы биргелешкен ири долбоорлорду баштоого шарт түзүү зарыл экенин белгилеп жатышат.

Жогорку Кеңештин Эл аралык мамилелер, коопсуздук жана коргонуу боюнча комитетинин мүчөсү, депутат Абдывахап Нурбаев Кытайдан келген инвестицияны инфраструктураны оңдоого гана эмес, өндүрүшкө, пайда алып келчү тармактарга жумшоо зарыл деп эсептейт:

Абдывахап Нурбаев.
Абдывахап Нурбаев.

- Газ кууру боюнча сөзсүз кеп болот деп ойлойм. Анткени ал курулуп калса транзит болгон үчүн Кыргызстанга жакшы эле акча түшөт. Мындан сырткары, темир жол да чечилип калса деп үмүт кылып турабыз. Кыргызстан соода-экономикалык жактан көз каранды болуп турбайбызбы. Өзбекстан-Кыргызтан-Кытай темир жолу башталып, курулуп калса транзит менена акча табабыз. Экинчиден, биздин товарлар экинчи альтернативалуу жол менен дүйнөлүк рынокко чыга алат. Андан сырткары мунай боюнча биз бир мамлекетке көз каранды болуп турабыз. Темир жол курулуп калса башка жактан алып келгенге да мүмкүнчүлүгүбүз болот эле.

"Кыргызстан-Кытай” газ куурун салуу жана ишке киргизүү боюнча макулдашууга 2013-жылдын 11-сентябрында Кыргызстандын өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын (КЭР) өкмөтүнүн ортосунда кол коюлган.

Расмий маалыматтарга караганда, кыргыз-кытай газ куурунун курулуш долбоорунун суммасы - 1,2 млрд. доллар жана ал толугу менен чет элдик инвесторлор тарабынан курулат. Долбоор Түркмөнстан-Өзбекстан-Тажикстан-Кыргызстан-Кытай газ куурунун бир бөлүгү болуп саналат. Кыргызстандын аймагында куурдун узундугу 215 чакырымды түзөт.

Аз күн мурдараак социалдык тармактарда жана маалымат каражаттарында "кыргыз-кытай газ кууру түшө турган жерлер Кытайга сатылып кеткени, аны кийин Кытайдын аскерлери кайтараары" жөнүндө кабарлар тараган.

Ал эми Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоору соңку 20 жылдан ашуун убакыттан бери сөз болсо да түрдүү себептерден улам ишке ашпай келген. Расмий Бишкек темир жол боюнча Кытайдыкынан кескин айырмаланган өз долбоорун да сунуш кылып келгени белгилүү.

Мындан сырткары Жээнбековдун Кытайдагы сапарында эки өлкөлөрдүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө бөлүнгөн жер боюнча да келишимге кол коюлары айтылган.

Тышкы иштер министринин мурдагы орун басары Талант Кушчубеков Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы саясий кызматташтык жолго салынып калганын белгилейт. Ал атамекендик товарларды, өзгөчө айыл чарба өндүрүмүн Кытайга сатуу маселесин чечүү зарыл деп эсептейт.

Талант Кушчубеков.
Талант Кушчубеков.

- 2-3 жылда канча насыя алып жибердик? Азыр жалпы сырткы карызыбыздын жарымы Кытайдыкы болуп калды. Мындан ары да насыя ала берген опурталдуу да болуп калышы ыктымал. Ал жагын да эске алыш керек. Өзүбүздүн таза, айыл чарба өндүрүмүн ошол жакка сатканга, көлөмүн көбөйткөнгө аракет кылышыбыз керек. Алыс бир жакка ташыгандын ордуна Кытайга ташыганыбыз жакшы эмеспи. Ушуну жолго салып алсак, Кытай эле жетет эле, бизге. Ооганстанда ал-акыбал тынчтанбай жатканына байланыштуу коопсуздук маселелери боюнча да бир топ сөз болот деп ойлойм.

Өткөн жылы Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 1 млрд. 600 млн. доларды түзгөн. Инвестиция тартуу боюнча да Кытай алдыда турат.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты, мурдагы вице-премьер-министр Акылбек Жапаров акыркы беш жылда Кыргызстандын чет элдик карызындагы Кытайдын үлүшү 2 пайыздан 44 пайызга чыгып, 1,7 миллиард долларга жеткенин билдирген. Айрым экономисттер "ушул нерсени эске алууга убакыт келип жетти" деп кооптонуу менен айтып жатышат.

Ал эми Бишкек ишкерлер клубунун аткаруучу директору Улук Кыдырбаев ишкерлерге виза берүүнү жеңилдетүү маселесине токтолду. Анын айтымында, кийинки убакта ишкерлер Орусиядан жолугушуп жатышат. Ошондой эле ал Кытайдан туристтерди тартуу маселеси да күн тартибине киризилиши зарыл экенин белгилөөдө.

Улук Кыдырбаев.
Улук Кыдырбаев.

- Кытайда канчалаган көп дүйнөлүк көргөзмөлөр өткөрүлөт? Биздин ишкерлер виза ала албай, аларга катыша албай калып жатышат. Ал жерде кытайлык эле эмес, дүйнөлүк компаниляар өз өндүрүмүн сунуш кылат. Заманбап технологиялар көрсөтүлөт. Экинчиден, Кытай дүйнөдөгү эң чоң инвестиция кылган мамлекет болуп турат. Кыргызстанга мамлекет эмес, жеке компаниялар келе тургандай шарт түзүш керек. Жалаң эле тоо-кен тармагына эмес, маалымат технологиялары, тигүү, кайра иштетүү тармагына ишкерлерди чакырышыбыз керек. Парижде соода борборуна барсам ар бир бутигинде кытайча сүйлөгөн соодагер бар экен. Атайын кытайча жазылган белгилер бар. Эң кымбат товарды алган кытайлыктар экен. Дүйнөдөгү өнүккөн өлкөлөр кытайларды тартууга аракет кылып жатышат. Биз аларды турист катары да чакырышыбыз керек.

Мындан сырткары Сооронбай Жээнбеков 9-10-июнда Циндао шаарында өтө турган Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) курамындагы мамлекеттердин башчыларынын кезектеги жыйынына катышат. Саммиттин жүрүшүндө ал Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Индиянын премьер-министри Нарендра Моди, Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрүп, өз ара кызматташтыкты талкуулайт. Бул саммитте кытай тарап ШКУдагы төрагалыгын (2017-2018-жж.) жыйынтыктап, аны 2018-2019-жылдарга Кыргызстанга өткөрүп берери пландалууда.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG