Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:17

АКШ менен Кытай бири-бирине салык салды


Бээжинде Кытай-АКШ сүйлөшүүлөрүнө даярдык көрүлгөн учурлардын бири.
Бээжинде Кытай-АКШ сүйлөшүүлөрүнө даярдык көрүлгөн учурлардын бири.

Дүйнөлүк биржаларда дүйшөмбү күнү баалуу кагаздардын нарксыздануусу менен катар мунай баасы да арзандады. Азия менен Европанын биржаларында баалуу кагаздардын нарксыздануусу бүгүн дагы уланууда.

Буга АКШ менен Кытайдын ортосунда соода талашы күчөйбү деген кооптонуулар түрткү бергендей. Өткөн жумада Вашингтон менен Бээжин бири-биринин товарына каршы кошумча бажы салыктарын киргизген.

Кошумча бажы тарифин озунуп киргизген Вашингтондун жарыясына караганда, 25% жаңы бажы салыгы быйыл 6-июлдан тарта кытайлык өндүрүштөгү товар менен продукциянын 818 түрүнө коюлат.

Бул товарларды АКШ жыл сайын 34 миллиард долларга импорттоп келген. Алдыда дагы 16 миллиард доллар көлөмүндөгү товарга кошумча бажы салыгын киргизүү маселеси чечилиши керек.

Бээжин АКШнын бул тариф саясатын дароо айыптады.

Кытайдын Соода министрлиги мындан эки тараптын кызыкчылыгына эле доо кетпестен, сооданын дүйнөлүк тартибине да шек келерин билдирди.

Кошмо Штаттардын соода чектөөлөрүн Кытайдын мамлекеттик медиасы сынга алып, жергиликтүү эксперттер мунун зыяндуу экенин түшүндүрүп жатышты:

- Кошмо Штаттар соода маселесиндеги туруксуздугун чындап көргөзүп, эки өлкө ортосундагы буга чейинки сүйлөшүүлөрдү толугу менен жерип, акыр-аягында кошумча тариф киргизүүнү тандап алды. Мындай аракет АКШнын да, Кытайдын да кызыкчылыгына каршы келет, анан албетте бул дүйнөлүк соода тартибин бузганга жатат, - деди Кытайдын Соода палатасындагы вице-президенттердин бири Ю Лу CCTV телеканалы менен маегинде.

Ал эми Эл аралык мамилелер жана Стратегиялык изилдөөлөр боюнча Бээжиндеги институттун департаментинин директорунун орун басары Су Цияо Ху ( Su Xiaohui) ушул эле телеканал менен маегинде Кытай соода согушун жүргүзүүнү жана кеңейтүүнү каалабасын айтты.

Кытай АКШга жооп чара катары өткөн жума күнү наркы 34 миллиард доллар турган америкалык товарлардын 545 түрүнө, анын ичинде айыл чарба продукциясына, автоунааларга 25% жаңы тариф 6-июлдан тарта кирерин, дагы товардын 114 түрү боюнча чечим кийинчерээк кабыл алынарын билдирген.

АКШнын Бостон шаарындагы порттогу контейнер терминалы. 9-май, 2018-жыл.
АКШнын Бостон шаарындагы порттогу контейнер терминалы. 9-май, 2018-жыл.

Бээжин менен Вашингтондун бири-бирин чектөө чаралары алар бери дегенде соода талашында азырынча мунаса таба албады, буга чейинки сүйлөшүүлөрүнөн майнап чыккан жок дегенди туюндурат.

Бул арада АКШ президенти Дональд Трамп дүйшөмбү күнү эгер Кытай жооп чарасын күчкө киргизип, америкалык товарлардан кошумча бажы салыгын ала баштаса, Вашингтон андан ары кетип, Бээжиндин акчалай наркы 200 миллиард доллардык продукциясына 10%дык кошумча тариф койорун эскертти.

"Кытайды адилетсиз соода практикасынан баш тарттырып, америкалык товарларга базарын ачууга, Америка менен тең салмактуу соода мамилеге макул болушуна түртүү максатында жаңы кадамдар жасалат",- деди Трамп.

Бээжин Трамптын соңку сөздөрүн да "опузалоо" катары дароо айыптап, "ашыкча басым-кысымга катаал жооп болорун" убада кылды.

Өзү АКШда Кытай өндүрүшүнөн чыккан 25% жаңы бажы тарифтерин киргизе турган 1300дөй товардын тизмеси апрелдин башында жарыяланган. Арасында технология, аэрокосмос, транспорт, коммуникация жана медицина продукциялары болгон.

Андан мурдараак президент Дональд Трамп ошол тизмени аныктоого көрсөтмө берген жардыкка кол койгондо мунун себебин соодагы “эбегейсиз” таңсыктык, “адилетсиздик” жана интеллектуалдык менчиктин уурдалып жатканы менен түшүндүргөн.

Буга жооп иретинде Кытай 25% кошумча бажы тарифи коюла турган америкалык товарлардын тизмесин түзгөн.

Арасына автоунаалар, учактардын кээ бир тиби, химиялык жана айыл чарба продукциялары, алкоголдук ичимдик, тамеки киргизилген.

Шанхайдагы порт. 24-апрель, 2018-жыл.
Шанхайдагы порт. 24-апрель, 2018-жыл.

Бирок май айынын орто ченинде Кошмо Штаттар менен Кытайдын жогорку деңгээлдеги делегацияларынын соода сүйлөшүүлөрү Бээжинде да, Вашингтондо да өткөндөн кийин эки тараптын расмий өкүлдөрү мунаса табылганын, “соода согушуна" бөгөт коюлганын белгилешкен.

Анткен менен жаңы тарифтер тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео өткөн апта соңунда Бээжинге барып кеткенден кийин жарыяланды:

- Элүү миллиард доллар (жаңы бажы тарифи киргизилген товардын акчалай наркы) бул эки тараптуу соода үчүн эч нерсе эмес. Бирок билесизби мындагы реалдуу тобокелдик - бул нерсенин кеңейгенден кеңейе берип, чыңалуунун акыр-аягында инвестициянын азайышына, ишкер байланыштардын алсырашына алып барышы. Кошмо Штаттардын ички дүң өнүмү деле Кытай менен соода согушту көтөрүп кетет, бирок биз бир учурда Европа, Канада, Кытай менен да соода талашына барып жаткан дүйнөдө бул экономикага реаалдуу зыянын тийгизип коюшу мүмкүн, - деди Нью-Йорк университетинин профессору Йозеф Фоуди "Ассошиэйтед Пресс" агенттиги менен маегинде.

Нью-Йорктогу биржа. 13-июнь, 2018-жыл.
Нью-Йорктогу биржа. 13-июнь, 2018-жыл.

Дүйнөнүн биринчи экономикасы АКШ Кытай үчүн экинчи ири, ал эми экинчи экономика Кытай АКШ үчүн биринчи ири соода өнөктөш.

АКШнын эсебинде былтыр эки тараптуу сооданын көлөмү 635 миллиард доллардан ашып, бирок соода таңкыстыгы Кытайдын пайдасына 375 миллиард долларга жеткен.

Башкача айтканда, Кытай АКШга мына ушунча акчага товарды көп саткан.

Былтыр дүйнөлүк экономика 3,7% жогорулса, көлөмү 18 триллион доллардык АКШ экономикасы 2,3%, 11 триллиондук Кытай экономикасы 6,8% өскөн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG