Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:07

АКШнын Иранга каршы санкциясы күчүнө кирди


Тегерандагы демонстрация. 4-ноябрь, 2018-жыл.
Тегерандагы демонстрация. 4-ноябрь, 2018-жыл.

Кошмо Штаттардын Иранга каршы экономикалык санкцияларынын экинчи баскычы 5-ноябрдан тартып күчүнө кирди.

Санкциялар Вашингтон Тегерандын талаштуу өзөктүк программасы боюнча 2015-жылкы көп тараптуу келишимден чыгып кеткенине байланыштуу калыбына келди. Муну утурлай АКШ да, Иран да бири бирин мурдагыдан алсыз деп эсептешерин айтып чыгышты.

Америкалык расмий адамдар билдиргендей, 5-ноябрдан тартып санкциялардын экинчи баскычынын күчкө кириши менен алар эми Иранга “максималдуу кысым” көргөзүүгө багытталган иш-чараларды “агрессивдүү түрдө” колдонушмакчы.

Президент Дональд Трамп санкциялардын жаңы этабын “чоң сокку” катары баалады:

Дональд Трамп кабарчылардын суроолоруна жооп берүүдө. Вашингтон, 2-ноябрь, 2018-жыл.
Дональд Трамп кабарчылардын суроолоруна жооп берүүдө. Вашингтон, 2-ноябрь, 2018-жыл.

- Иранга каршы санкциялар башталууда, бул өтө чоң жана олуттуу санкциялар. Силер билгендей, Иран чоң соккуга кабылганы турат. Бул өлкө азыр мен эки жыл мурдагыдай эмес. Мен келишимди токтоткондон бери ал такыр бөлөк өлкө болуп калды, - деди Трамп 2-ноябрда Ак үйдөн журналисттерге.

Америкалык санкциялардын экинчи баскычы Ирандын мунай сектору менен каржы тармагын бутага алмакчы. АКШ тарап буга чейин айтып жүргөндөй, маселен мунай секторунда алар Ирандын кара май экспортун “нөлгө түшүрүш” үчүн иш жүргүзүшөт.

2015-жылы келишим түзүлүп, эл аралык санкциялар жоюлгандан кийин Ирандын мунай соодасынын күндөлүк көлөмү мурдагы 1,2 миллион баррелден 2,5 миллион баррелге чейин көтөрүлгөн. Эми быйыл октябрь айынын алгачкы үч жумасында айрым эсептер бул көлөм 1,5 миллион баррелге чейин түшкөнүн ишарат кылууда. Бирок эксперттер Иран АКШнын санкцияларынан улам экспорттун көлөмүн жашыра баштаганына да көңүл буруп жатышат.

Ким жеңилдик алат?

Мамлекеттик катчы Майк Помпео 2-ноябрда санкциялардын жаңы баскычы күчкө кириши менен “сегиз юрисдикцияга” убактылуу жеңилдик берилерин белгиледи.

Анткен менен мамкатчы алар өлкөлөр же ишканалар экенин тактоодон баш тартты. Помпеонун айтымында, бул тизме коомчулукка 5-ноябрда жарыяланмакчы.

Түркия менен Ирактын бийлик өкүлдөрүнүн "бизге санкциялардан жеңилдик берилет" деген маалыматын Вашингтон азырынча ырастай элек.

АКШнын Евробиримдиктеги өнөктөштөрүнөн Британия, Германия жана Франция биргелешкен билдирүүсүндө санкциялар калыбына келип жатканына “терең өкүнүчтө” экенин айтышты. Ал эми Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Кошмо Штаттардын чечимин “тарыхый кадам” деп баалады.

Ирандын реакциясы

Ирандан болсо өлкөнүн Жогорку лидери аятолла Али Хаменеи 3-ноябрда телевидениеден көргөзүлгөн сөзүндө тескерисинче "АКШ алсырап бара жатат" деп ырастады:

Аятолла Али Хаменеи.
Аятолла Али Хаменеи.

- Кошмо Штаттар азыр 40 жыл мурда ыңкылап (ислам ыңкылабы) жеңгендегиден кыйла алсыз. Анын кубаты таюуда. Бул - өтө маанилүү учур. Дүйнө саясатчылары менен глобалдык иштер боюнча талдоочулардын көбү да АКШнын "жумшак күчү" жешилип, бузулуп баратат деп эсептешет. Биздин АКШ менен мунасага баруубузду каалагандар эч негизсиз план түзүшүүдө. Кошмо Штаттар азыр ылдыйлап баратат.

Жогорку лидердин бул сөздөрүнөн төрт күн мурда Иран өкмөтүнүн 31-октябрындагы отурумунда президент Хассан Роухани “акыркы айлар ирандыктар үчүн кыйын болгонун”, алдыда да “бир нече ай оор болушу” мүмкүн экенин моюнга алган.

Санкциялар тууралуу Иранда Кошмо Штаттардын элчилиги 1979-жылы басылып алынган күндүн кезектеги жылдыгына арналган демонстрациялар учурунда да айтылды.

Тегерандагы миңдеген демонстранттар “АКШ жоголсун”, “Израилге өлүм”, деген сөздөрдү кыйкырышып, ушундай эле мазмундагы ураандарды көтөрүп жүрүштү жана сөз болуп жаткан эки өлкөнүн желектерин, президент Дональд Трамптын келбети түшүрүлгөн каракчыны өрттөштү.

Тегерандагы демонстрация. 4-ноябрь, 2018-жыл.
Тегерандагы демонстрация. 4-ноябрь, 2018-жыл.

АКШда болсо президент Дональд Трамп Иранга каршы санкциялар маселесин Конгресске 6- ноябрдагы шайлоо алдында шайлоочуларды Республикалык партияга тартыш үчүн да колдонууда.

Трамп быйыл майда өз өлкөсү Ирандын өзөктүк программасы боюнча келишимден чыкканын жарыялаганда, Тегеран баллистикалык ракеталарды сыноо, Жакынкы Чыгышта жана дүйнөдө террордук топторду колдоо менен ошол келишимдин маңызын бузуп жатканын жүйө келтирген. Келишимге АКШ менен Ирандан тышкары Британия, Германия, Франция, Кытай жана Орусия кол койгон.

Быйыл августта санкциялардын алгачкы баскычы күчүнө киргенден кийин Европанын "Total", "Peugeot", "Renault", "Daimler", "Airbus", "AIr France", "British Airways", "Siemens" жана "Deutsche Telecom" өңдүү ири компаниялары Ирандан кетүүгө же аны менен кызматташтыгын токтотууга аргасыз болушкан.

Кыргызстан кирген Евразия Экономикалык Биримдигинен Иран менен кургактан Армения чектешет.

АКШнын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон 25-октябрда “Эркин Европа/Азаттык” радиосу менен болгон маегинде Вашингтон санкцияларды “жигердүүлүк менен ишке ашырган” шартта Армения менен Ирандын чек арасы “өтө маанилүү маселеге айланарын” айткан.

Армениянын премьер-министринин милдетин аткаруучу Никол Пашиняндын өткөн аптада билдиргенине караганда, ал Болтон менен Ереванда кездешкенде коңшу Иран менен “атайын алака-катыш” жүргүзүүнү Армениянын улуттук кызыкчылыгы катары түшүндүргөн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG