Линктер

шейшемби, 17-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 22:58

«Коопсуз шаардын» кытайча варианты


Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан адамды кебетесинен тааный турган системаны киргизиши мүмкүн. Эгер өкмөт буга макул болсо Кытайдын мамлекеттик компаниясы жардам берет.

Макулдашуу позициясы

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги «коомдук тартипти жана жол коопсуздугун камсыздоо максатында» адамды бет түзүлүшүнөн тааный турган функциясы бар камераларды киргизиши мүмкүн деген божомол кептерге жооп кайтарууга аргасыз болду. «Мындай камераларды Кытайдын мамлекеттик ишканасы камсыздап берүүгө макул болуптур» деген божомол социалдык баракчаларда кызуу талкууланып жаткан.

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев көрсө 2019-жылдын 4-мартында эле Кыргызстандын Ички иштер министрлиги менен кытайлык CEIEC (China National Electronics Import & Export Corporation) компаниясы менен макулдашкан долбоорго макулдугун билдирип, буйрукка кол койгон экен. Мындай документке кол коюлганы тууралуу маалымат ал учурда эмнегедир көпчүлүккө ачыкка чыкпай, коомчулук арадан жарым жыл өтүп кеткенден кийин гана билип отурат.

Өкмөттүн маалыматына караганда ИИМ менен CEIEC компаниясынын «коомдук тартипти жана жол коопсуздугун камсыздоо максатында» интеллектуалдык жана техникалык системалар тармагы боюнча кызматташтыгы санарип технологияларды өнүктүрүүнүн алкагында ишке ашып жатат. Долбоор бир нече баскыч менен ишке ашып, 2018-2022-жылдарды камтыйт.

Бирок ИИМ менен кытайлык компаниянын макулдашуусу тууралуу ачык булактарда долбоорду ишке ашыруунун так мөөнөтү көрсөтүлгөн эмес. «Кайсы булактардан, ким каржылайт?» деген маселе боюнча да жеткиликтүү маалымат жок. Коомчулукта резонанс жараткан бул маселе боюнча ИИМ долбоорду каржылоодо Кыргызстандын мамлекеттик бюджетинен каражат сарпталбай турганын, ал эл аралык кызматташтыктын алкагында ишке ашарын билдирди. Бирок өнөктөштөрү мындай шаймандарды кандай шарт менен алып келип берүүгө макул болгонун ачык айткан жок.

Профайл

CEIEC – бул көп тармактуу мамлекеттик корпорация. 1980-жылы негизделип, компаниянын маалыматына караганда дүйнө жүзүндөгү 160 мамлекет менен кызматташат экен. Мисалы, 2017-жылдын акырында CEIEC ишканасынын активдери 2,7 млрд. долларга, сатуудан түшкөн кирешеси 1,3 млрд. долларга жеткен. Коомдук коопсуздукту сактоо жаатындагы технологияларды өркүндөтүүнү кытайлык компания өз ишмердүүлүгүндө стратегиялык багыт деп эсептеп, абдан чоң маани берет.

CEIEC коомдук тартипти жана жол коопсуздугун камсыздоо тармагында ишке ашырган долбоорлору менен ар дайым сыймыктанып келет. Кытайлык адистер бул багытта Түштүк Америка мамлекеттерине өз технологиясын орноткон. Атап айтканда Эквадор, Венесуэла жана Боливия азыр ошол шаймандарды колдонуп жатыптыр.

Түштүк Америкалык акцент

Эквадордо ишке ашты деген долбоор журналисттердин кызыгуусун жаратты. «New York Times» ушул жылдын апрель айында ушул өлкөдөгү кытайлык компаниянын ишмердүүлүгү боюнча макала даярдаган. Америкалык журналисттер баса белгилегендей, Бээжиндин бул багыттагы жардамы коомдук кыймылга көз салган технологияларды жөн гана өркүндөтпөстөн, өкмөткө мурда алар ээ болбой келген мүмкүнчүлүктү да түзүп берди. Иликтөөнүн жыйынтыгында алар Эквадордо орнотулган камералар коомдук коопсуздукту гана камсыздабастан, азыркы бийликке саясий оппоненттеринин кыбыр эткен кыймылына, баскан-турганына саресеп сала тургандай эң мыкты шарт түзүп берген деген тыянак чыгарышты.

Америкалык басылмага жооп кылып CEIEC бул өлкөнүн саясатын иштеп чыгууга жана камералар системасын кантип иштетүүгө кийлигишпей тургандыгын, бир гана жабдуулар менен камсыз кылып жеткирип бере тургандыгын баса белгиледи. Компаниянын маалыматына караганда Эквадордо иштеп жаткан система жарандардын коопсуздугун камсыз кылууда да, мамлекеттин мүлкүн сактоодо да маанилүү роль ойноп, натыйжасын берип жатат.

Коомдук коопсуздук – геосаясий жактан чабалдыкпы?

Эквадор – Кыргызстан сыяктуу эле байлыгы анча ашып-ташпаган мамлекет. Латын Америкасындагы журналисттердин эсеби боюнча 2009-жылдан бери эле Эквадор Кытайдан 18,4 миллиард доллар суммасында карыз алган. Азыр өз аймагында кытай насыясын эң көп алган жагынан алдына эч кимди алдына чыгарбаган лидерлердин бири. 2005-жылдан бери алып караганда Кытай мамлекети Латын Америкасы менен Кариб бассейнинде жайгашкан мамлекеттерге 141 миллиард доллардан ашык насыя берген. Карызга алынган насыялардын 90% Бразилияга, Эквадорго, Венесуэлага жана Аргентинага таандык. Ушул эле мамлекеттер CEIEC компаниясынын негизги өнөктөштөрүнө айланган.

Кыргызстандын тышкы карыздарынын тең жарымына жакыны – 1,7 миллиард доллар – Кытайдын Экспорттук-импорттук банкынан алынган. Өлкөнүн эконмикалык акыбалында чоң секирик болбогондон кийин ал карыздарды тез арада эле төлөп, милдеттенмелерден кутулуп коё тургандай мүмкүнчүлүк жок. Бээжин деле расмий сүйлөшүүлөрдө Кыргызстанды анча шаштырган жок. Ал гана эмес Кытай кең пейилдикке салып кайра кайтарымсыз жардамын да бере калып жүрөт. Мисалы, ушул жылдын май айында өткөн ШКУ саммитинин алдында Кытай Кыргызстандын Ички иштер министрлигине жалпы баасы 30 млн. юанга барабар болгон автобустарды, кичи автобустарды, жол тандабастарды, чопкуттуу автоунааларды берген. Кыргызстандык аткаминерлер мындай техника коомдук тартипти камсыз кылуу менен кылмыштуулукка каршы күрөштө орчундуу роль ойной тургандыгын баса белгилеп келишет. Адамды бетинен тааный турган технологияларды алуу боюнча макулдашуу деле ушундай максатты көздөп, расмий документтер аркылуу макулдашылып, бекемделип отурат.

Жакшылап эстей турган болсок кытайлык компания мурда да Кыргызстан менен ушундай багытта кызматташууга аракет кылган. 2018-жылдын январь айында кыргыз өкмөтү кытайлык «Хуавей» компаниясы менен инвестициялык макулдашууга кол коюп, өлкөнүн ири шаарлары менен негизги кан жолдорун видеокөзөмөл камералары менен жабдып чыкмак болгон. Бирок эки айдан кийин министрлер кабинети андай макулдашуудан чыгып кеткен.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Хуавей» менен CEIEC – өнөктөштөр. Бирок экинчи компания макулдашууда көрсөтүлгөндөй күнү-түнү көз сала турган видеобайкоо камераларын «эл аралык кызматташуунун алкагында» орноткону жатат. Макулдашуунун «майда-чүйдө» мазмунунда эмнелер жазылганы азырынча сыр бойдон сакталып, коомчулукка ачык айтыла элек.

Чет элдик тажрыйба

Кытайдын жогорку технологияны өндүргөн компаниялары эмне үчүн Кыргызстанга кызыгып жатышат? Чет элдик эксперттердин баамында, технологиялар – Кытайдын дүйнө жүзүнө өз таасирин көрсөтө алчу аймагын кеңейте турган кийинки кадамы. Мисалы, жогорку технологиялар жана геосаясат тармагы боюнча эл аралык эксперт Абишур Пракаштын пикиринде, Кытай жогорку технологияларын башка өлкөлөргө жайылтуу аркылуу геосаясий атаандаштыкта убакыттан уткусу келет.

«Эквадор, Малайзия, Мьянма, Таиланд жана Зимбабве мамлекеттери бекеринен тандалган жок. Алдын-ала пландаштырылган. Жөнөкөй сөз менен айтканда Кытай дүйнөдөгү жаңы экономикалык державаларды, Түштүк Америка мамлекеттерин, Азия менен Африканы өз таасиринде кармагысы келет. Муну ишке ашырыш үчүн алгач Кытай насыя менен инфратүзүмдү колдонду. Эми КЭР буга кошумча жасалма интеллектини ишке салды. Мындай ыкманы натыйжалуу иштетүү менен Кытай кыска эле жылдар аралыгында бир топ өлкөлөрдү кучагына алып, таасирин тийгизе алат», – дейт эксперт.

«Latin America reports» басылмасы болсо аймактагы мамлекеттердин Кытайга болгон ири карызын талдап көрүп, мындай деп жазды:

«Латын Америкасы өз инфраструктурасын оңдоп-түзөөгө келгенде каражат жагынан кайсалап, акча таппай турат. Өкмөттө ага жеткидей акча жок. Кытай менен болгон инвестициялык жана соода жаатындагы макулдашуулар жарандарга мыкты шарт түзүп, экономиканы да күчтөндүргөнү турат. Бирок ошол эле учурда бул аймактагы өлкөлөр олчойгон карызга да батып жатышат. Анткен менен Латын Америкасы Кытайдан алчу акчага кызыгуусу дагы эле күчүндө болуп, «кызылдан» кайтчудай көрүнбөйт, Кытай да бул багытта капчыгын кенен ачып, аянган учуру боло элек».

(Макаланын түп нускасы бул жерде)

Которгон Тариэл Чуңгулов

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (40)

XS
SM
MD
LG