Линктер

жекшемби, 16-июнь, 2019 Бишкек убактысы 22:48

Кыргыз-кытай алакасы: инвестиция азайды


Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков жана Кытайдын төрагасы Си Цзинпин. Бээжин, 6-июнь, 2018-жыл.

Кытайдан Кыргызстанга келчү инвестициялар эки эсе кыскарды. Мурдагы жылы 300 млн. доллардын тегерегинде каражат келсе, былтыр бул сумма араң 100 млн. доллардан ашты.

Былтыр ошондой эле Кытай мамлекети Кыргызстанга грант катары берет деген 100 млн. доллар келбей калганы белгилүү болду. Муну айрым адистер Кытайга карата терс маанайдын күчөшү жана кытайлык ТВЕА компаниясына козголгон кылмыш иштери менен байланыштырууда.

2018-жылы Кыргызстанга тикелей инвестициялардын көлөмү 31 пайызга кыскарды. Тагыраагы мурдагы жылы инвестициялар 503 миллион долларга жеткен болсо, былтыр бул сумма болгону 345 миллионду түздү.

Мунун ичинен Кытайдан келген инвестиция эки эсе кыскарган. 2017-жылы кытайлык ишкерлер Кыргызстанга 300 млн. доллардай акча салса, өткөн жылы болгону 125 миллион доллар алып келишкен.

Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиктин директору Шумкар Адилбек уулу муну эки нерсе менен байланыштырды:

- Статистиканы алып караганда Кытайдан келген инвестициялар чын эле аз түшүп жатат. Буга эки-үч фактор себеп болууда. Биринчиден, биздин жергиликтүү элдин чет элдик инвесторлор менен диалогго барбай жатканы. Экинчиден, Кытайдын финансылык рыногундагы саясатына көзөмөлдү катуулатканы. Аларда акчаны өлкөдөн чыгаруу жолу катаалдашып, 5-10 миллион долларга чейин инвестиция салган кытайлык ишкерлердин саны азайды. Ошондон улам бизге келген көлөм да азайды. Кытай инвесторлору Кыргызстанда негизинен тоо-кен өндүрүшүнө, соода тармактарына акча салчу. Алар бизнестин кызыкчылыгы менен гана келишет. Тилекке каршы, “кытайларга берип койдуңар, даярын сунуп койдуңар” деген туура эмес түшүнүктөр болуп калууда.

Буга чейин вице-премьер-министр Кубатбек Боронов атайын билдирүү таратып, ушу тапта Кыргызстанда кытайлык инвесторлордун 397 ишканасы, 177 кыргыз-кытай биргелешкен ишканалары иштеп жатканын кабарлаган. Ал Кытай инвестициялаган ири ишканалардан түшкөн салыктын көлөмү 2018-жылы – 3,8 млрд. сомду (2017-жылга салыштырмалуу өсүү 20%) түзгөнүн билдирген.

Өкмөт өкүлү ошондой эле эгемендик алган жылдары Кыргызстандын мамлекеттик долбоорлоруна Кытай 2,1 млрд. доллар кайтарымсыз каражат бергенин мисал келтирген.

Деген менен былтыр Кыргызстандын аймактарын өнүктүрүү үчүн Кытай өкмөтү убада кылган 100 миллион доллар гранттык жардам бөлүнбөй калганы ачыкка чыкты.

2017-жылдын июнь айында Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Кытайдын лидери Си Цзинпиндин Бээжиндеги жолугушуусунан кийин, экономика министри Олег Панкратов өзү билдирүү берип, бул каражаттар элетти таза суу менен камсыз кылууга жумшаларын билдирген. Азыр министрлик бул жардам 2019-2020-жылдары гана келиши мүмкүндүгүн айтууда.

Экономика министрлигинин жардам стратегиясы башкармалыгынын жетекчиси Султан Акматов муну Кыргызстандын долбоорлору даяр эмес экендиги менен түшүндүрдү:

- Таза суу, ирригация, региондорго жардам берүү боюнча долбоорлор азыр каралып жатат. Ал долбоорлорду биз 2019-жылы Кытайга жөнөтөбүз. Кытай тарап аны бир сыйра карап чыгат. Алар менен макулдашып, келишимдерге кол коюлгандан кийин каражаттар келсе, бул багыттагы долбоорлор 2020-жылдан тарта ишке аша баштайт.

Финансы министрлигинин маалымат катчысы Гүлмира Түгөлбаева болсо 100 миллион долларлык кытай гранты Мамлекеттик курулуш агенттигинин линиясы аркылуу таза суу долбооруна жумшала турганын белгилеп, бирок 2019-жылга алардын бюджетине киргизилбегенин кошумчалады.

Ошентип инвестиция жана убадаланган гранттардын келбей калышы коомчулукта түрдүү түкшүмөлдөрдү жараткандай болду. Буга чейин Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялаган Кытайдын ТВЕА компаниясынын тегерегинде кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатканы бул өлкөнүн бийлик өкүлдөрүнүн арасында нааразы пикир жаратып жатканын айтып келген адистер эми, кытайлыктарга каршы митингдер "отко май чачканын" белгилешүүдө.

Биринчи кезекте бул нерселер Кытайдын Бишкектеги элчилигинде жардыруу болгондон кийин башталган. Былтыр ТВЕАга байланыштуу маселе чыгып, нааразылыктар орун алганы да мамилени салкындатты.
Төлөнбек Абдыров.

Экономика илимдеринин доктору Төлөнбек Абдыров каражаттын буйдалышын ушул нерселер менен байланыштырды:

- Кыргызстан менен Кытайдын мамилеси жылдан-жылга сууп эле баратат. Мына виза маселеси оорлоду, биздин бизнесмендер аларга чыга албай калышты. Биринчи кезекте бул нерселер Кытайдын Бишкектеги элчилигинде жардыруу болгондон кийин башталган. Былтыр ТВЕАга байланыштуу маселе чыгып, нааразылыктар орун алганы да мамилени салкындатты. Колдон келсе биз бардык мамлекеттер менен эле жакшы мамиледе болууга аракет кылышыбыз керек. Бирок ошол эле кезде бир тараптын көзүн карабай, тышкы саясатты көп кырдуу багытта алып барганыбыз жөндүү. Жардамдарды бир гана булактан ала бербей, башка өлкөлөрдөн деле каржылык жардам издесек болот. Болбосо Кытайдан алган карыздарыбыз жалпы карыздын 40-45% түзүп калды, адатта 30% ашкандан кийин эле бул эгемендикке коркунуч катары саналат.

​Соңку эки-үч айдан бери коомчулукта, социалдык тармактарда Кытай мамлекетине жана кытайлык жарандарга каршы чакырыктар болуп жатат.

Бишкекте антикытайлык маанайдагы эки-үч митинг өттү. Буга байланыштуу өкмөт эки жолу кытайлык жарандардын саны жана бул өлкөнүн Кыргызстанга салымы тууралуу билдирүү таратты.

Бирок Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков парламенттеги жыйындардын биринде бул аракеттер аздык кылып жатканын сынга алды. Аз күн мурдараак сүйлөгөн сөзүндө ал Кытай чек арасын жаап койсо, Кыргызстанга эле оор болорун эскерткен:

Дастан Жумабеков.
Дастан Жумабеков.

- Мына Бишкектеги митингде миграция, кытайлык мигранттар боюнча да такталбаган көп сөздөр айтылды. Биякта 50 миң, тиякта 60 миң кытай деп, ар кайсы жактан алган маалыматтарын айтышты. Жалпы кыргыз элин дүрбөлөңгө салышты. Өкмөт кытай мигранттары тууралуу маалыматтарды ээмне себептен алдын ала берген эмес? Берсе, мындай суроолор туулбайт эле. Эгер чындыкты айтсак, Кытай АКШ, Орусия деген чоң державалар менен теңата соода-сатык кылат. Мен коркутуу иретинде айткым келбейт, бирок эртең бир айга чек арасын жаап койсо эмне болобуз? "Дордой", "Кара-Суу", Аламүдүн, "Мадина" сыяктуу базарларыбызда иштегендер эмне болот? Күнүмдүк тиричиликте колдонгон буюмдарды кантебиз? Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда 1 миллиард 700 миллион долларлык соода-сатыгыбыз бар. Жок, биз Кытай менен эч качан терс мамилеге барбайбыз. Балким чыккынчылар, үчүнчү күчтөр, өлкөдө стабилдүүлүк болушун каалабаган топтор ушул нерселерди уюштуруп жатышы мүмкүн. Бирок Кыргызстан эли мындай чагымчылдыкка алдырбашы керек. Өкмөт, укук коргоо органдары ушундай туура эмес маалымат тараткандардын үстүнөн иштеп чыгып, чагымчылдыктын алдын алуу керек.

Былтыр 6-июнда Кытайга мамлекеттик сапар менен барган Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков бул өлкөнүн төрагасы Си Цзинпин менен жолугуп, ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү орнотуу жөнүндө биргелешкен декларацияга, кыргыз-кытай алакасын бекемдөөгө багытталган бир катар документтерге кол койгон. Бул макулдашуу алкагында Бээжин Бишкекке 450 миллион юань (70 миллиондон ашык доллар) кайтарымсыз грант бере турганы айтылган. Ага Бишкек шаарындагы жолдордун оңдолору, Кум-Дөбө (Кочкор Башы), Мынакелди жана Бурана (Баласагын) шаарчаларындагы археологиялык иштерге жана башка нерселерге жумшалары айтылган.

Бирок бул каражаттар мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда, тагыраагы 2015-2017-жылдардагы келишимдердин негизинде тартылганы кабарланды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG