Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:25

Кытай: Жээнбеков электромобил идеясын айтты


Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков жана Кытайдын төрагасы Си Цзинпин
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков жана Кытайдын төрагасы Си Цзинпин

Кытайга мамлекеттик сапар менен барган Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков 6-июнда бул өлкөнүн төрагасы Си Цзинпин менен жолугушуп, ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү орнотуу жөнүндө биргелешкен декларацияга, кыргыз-кытай алакасын бекемдөөгө багытталган бир катар документтерге кол коюлду.

Бүгүн, 7-июнда Жээнбеков Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Кэцян жана Эл өкүлдөрүнүн бүткүл Кытай жыйынынын Туруктуу комитетинин төрагасы Ли Чжаншу менен жолукту.

Кытайга мамлекеттик сапар менен барган Сооронбай Жээнбековду Бээжинде тышкы иштер министрин орун басары Чжан Ханхуэй тосуп алды.

Кытайдын төрагасы Си Цзинпин Кыргызстандын мамлекет башчысын Бээжиндин Тяньаньмень борбордук аянтында, Эл өкүлдөрүнүн Бүткүл дүйнөлүк жыйынынын имаратынын алдында салтанаттуу тосуп алды.

Эки өлкөнүн расмий делегацияларынын кеңейтилген форматтагы жолугушуусуна катышып, Си Цзинпин менен сүйлөшүү өткөргөн Сооронбай Жээнбеков президент катары биринчи мамлекеттик сапары Кытайда болуп жатканына кубанычын жашырган жок.

- Кытай Кыргызстан үчүн чыныгы дос, маанилүү жана ишенимдүү өнөктөш. Менин Кытайга мамлекеттик визитим биздин тышкы саясатыбыздын багыты өзгөрүлбөстүгүнүн далили болуп саналат. Кытай Кыргызстанга насыя, грант жана техника түрүндө эбегейсиз жардам берип келатат. Бул Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн олуттуу көмөк деп эсептейм.

Жолугушууда Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы кызматташтыктын олуттуу маселелери, ар кыл чөйрөлөрдөгү биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү жана бардык багыттар боюнча өз ара аракеттешүүнү мындан ары өркүндөтүүнүн келечеги талкууланды.

Си Цзинпин Кыргызстан менен өз ара мамилелерди тереңдетүүгө Кытай кызыкдар экенин белгиледи.

- Биз кыргыз-кытай мамилелеринин келечегине оптимисттик көз караштабыз, мен Кытай менен мамилелерди тереңдетүүгө даяр экениңиз тууралуу билдирүүңүздү баалайм. Биз жемиштүү кызматташтыкты өнүктүрүүнү, ар тараптуу өз ара аракеттешүүбүз үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүнү жактайбыз. Мен биздин мамилелердин келечегине оптимизм менен карайм жана кылымдардан берки достуктун духунда биздин элдер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө даярбыз.

Студенттердин өтүнүчү айтылды

Кытайдын төрагасы Си Цзинпин Сооронбай Жээнбеков жүргүзүп жаткан саясатты колдой турганын айтты. Жээнбеков “жашыл экономикага” өтүү тенденциялары жөнүндө айтып, кытай тарапка Кыргызстанда электромобилдерди чыгаруу боюнча биргелешкен заводду ачуу мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү сунуш кылды.

- Биздин өлкөбүз кытай электромобилдерин чыгаруу жана Борбор Азия жана ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттоо үчүн плацдарм болуп бермек. Сиздин “Бир алкак – бир жол” демилгеңиздин алкагында аны ишке ашырууга мүмкүн экенин эске алганда биздин ортобуздагы кызматташуунун бул багытын келечектүү деп эсептейм.

Мындан сырткары маданий-гуманитардык, билим берүү, саламаттыкты сактоо тармагында кызматташуунун негизги багыттарынын бири экени белгиленди. Кыргызстандын мамлекет башчысы Кытайдын жогорку окуу жайларында кыргыз студенттер үчүн квотаны көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү өтүндү.

Кытай тарап Кыргызстандан таза айыл чарба азыктарын алууга кызыкдар экени жана өлкө аймагына таза суу жеткирүү боюнча долбоорлорго көмөк көрсөтүүгө даяр экени айтылды.

Президент Сооронбай Жээнбеков төрага Си Цзинпинди 2019-жылы өтө турган ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын саммитинин алдында Кыргызстанга мамлекеттик визит менен келүүгө чакырды.

Сапар алкагында эки өлкө лидерлери Кыргызстан менен Кытай мамлекеттеринин ортосунда ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү орнотуу жөнүндө биргелешкен декларацияга кол коюшту. Мындан сырткары эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган бир катар документтерге кол коюлду. Алардын арасында кыргыз коомчулугунда талкуу жараткан Кытай-Кыргызстан газ кууру боюнча дагы макулдашуу бар. Ошондой эле эки өлкөнүн өкмөттөрү ортосунда акысыз техникалык-экономикалык жардам көрсөтүү жөнүндө келишимге кол коюлду.

Төмөнкү документтерге кол коюлду:

«Кыргызстан-Кытай» газ өткөргүчүн курууда жана пайдаланууда кызматташуу жөнүндө 2013-жылдын 11-сентябрындагы өкмөт аралык келишимге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу протокол;

Кыргызстандын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиги менен Кытайдын Коммерция министрлигинин ортосундагы тышкы соода-экономикалык кызматташтыктын зонасы жөнүндө меморандум;

Кыргызстандын Мамлекеттик кадр кызматы менен Кытайдын Коммерция министрлигинин ортосундагы адам ресурстары чөйрөсүндөгү өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө меморандум;

Кытай экспорттолуучу коон жемиштерине фитосанитардык талаптар жөнүндө Кыргызстан Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министрлиги менен КЭР сапатты көзөмөлдөө, инспекция жана карантин боюнча Башкы башкармалыгынын ортосундагы протокол;

Кыргызстан Өзгөчө кырдаалдар министрлиги үчүн «Мобилдүү оорукананы» жеткирип берүү долбоорун ишке ашыруу жөнүндө КР жана КЭР Өкмөттөрүнүн ортосундагы кат алмашуулары;

КР Саламаттык сактоо министрлиги менен Кытайдын Гигиена жана саламаттык сактоо боюнча мамлекеттик комитетинин ортосундагы саламаттык сактоо жаатында кызматташтык жөнүндө Келишим;

КР Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын радио уктуруу жана теле көрсөтүү иштери боюнча Башкы мамлекеттик башкармалыктын ортосундагы кызматташтык жөнүндө Келишим;

КЭР Башкы бажы башкармалыгынын жана Кыргызстандын ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын ортосундагы Эмдөө практикаланган шарптан арылган зонанын талаптарын түзүү жөнүндө меморандум;

Кыргызстан Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен КЭР Адам ресурстары жана социалдык камсыздандыруу министрлигинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

Акысыз техникалык-экономикалык жардам көрсөтүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы келишим.

Өнөр жай, энергетика жана жер ресурстары боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Улан Рыскулов “Азаттыкка” билдиришинче, газ кууру жер асты аркылуу өтүп, аны кайтаруу Кыргызстандын мыйзамдарынын чегинде аныкталат.

- Газ куурун кайтаруу Кыргызстандын мыйзамына ылайык күзөт кызматына же милицияга жүктөлүшү мүмкүн. Жер эч кимге берилбейт. Бул түтүкчөлөр жердин алды менен өтүп, Алайды эч качан экиге бөлбөйт, - деди Рыскулов.

Буга чейин Кыргызстанда аталган газ куурунун курулушу боюнча талкуу жаралган. Анда бул келишимде өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч жаратчу жагдайлар бар экенин жана аны кайтарууну Кытай тарап жүргүзөрүн айрым активисттер айтып чыгышкан.

Кайтарымсыз грант

Кытай Кыргызстанга кайтарымсыз гранттык негизде 600 миллион юань берет (болжол менен 94 миллион АКШ доллары). Тиешелүү макулдашууга президент Сооронбай Жээнбековдун Кытайдагы мамлекеттик сапарында жетишилди. Бул тууралуу Кыргызстандын экономика министри Олег Панкратов журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Панкратовдун айтымында, бул каражат жол куруунун үчүнчү фазасына жана фитосанитардык лабораторияларды курууга жумшалат. Акча 2020-жылдан баштап бериле баштайт.

Экономика министри Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы товар алмашуу 2017-жылы 1 миллиард 600 миллион долларды түзгөнүн айтып, ал мурдагы жылга салыштырмалуу 10 пайызга азайганын кошумчалады. Министр муну ири долбоорлордун кыскартылып кеткени менен байланыштырды. Ошондой эле жолугушуулардын жүрүшүндө кыргыз-кытай темир жолун куруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп, бул багытта эксперттик топтор иш алып барып жатканы маалым болду.

Мындан тышкары Кытай Кыргызстандын аймактарын өнүктүрүүгө, аларды таза суу менен камсыз кылууга 100 миллион доллар бөлүп берет.

Жер маселеси ачык калды

Бул жолу Кыргызстандын жана Кытайдын элчиликтери үчүн жер тилкесин бөлүп берүү боюнча эки тараптуу келишимге кол коюлган жок. Буга чейин Кыргызстандын жана Кытайдын лидерлери Сооронбай Жээнбеков менен Си Цзинпин Бээжиндеги жолугушуусунда бул макулдашууга кол коюлары айтылган. Бирок белгисиз себептерден улам ал келишимге кол коюлган жок.

Буга чейин Бишкек шаардык кеңеши Кытай элчилиги турган 3 гектардан ашуун жер тилкесин ижарага берүүгө макул болгону кыргыз коомчулугунда кызуу талкууланган. Кытай буга жооп кылып Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүгү үчүн Бээжиндин борборунан 25 сотых жер бөлүп, элчиликтин имаратын, анда иштегендерге турак жай салууга жардам бермек.

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков башында турган кыргыз делегациясынын курамында тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, президенттик аппараттын тышкы саясий бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков, вице-премьер-министр Замирбек Аскаров, Жогорку Кеңештин депутаттары Акылбек Жапаров, Исхак Масалиев, Адыл Жунус уулу, Кубанычбек Нурматов, Мамлекеттик кадр кызматынын башчысы Акрам Мадумаров, финансы министри Адылбек Касымалиев, экономика министри Олег Панкратов, айыл чарба министри Нурбек Мурашев, саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев, транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиев, эмгек жана социалдык өнүгүү министри Таалайгүл Исакунова, өнөр жай, энергетика жана жер казынасын иштетүү боюнча мамлекеттик комитетинин башчысы Улан Рыскулов бар.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кытайдын төрагасы Си Цзинпиндин чакыруусу менен 8-июнга чейин Кытайда мамлекеттик сапарда болот. 9-10-июнь күндөрү Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) саммитине катышат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG