Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:26

Бишкек: мыйзамсыз миграцияга каршы митинг


Бишкектеги митинг.
Бишкектеги митинг.

Бишкектин Ала-Тоо аянтындагы митингден милиция 21 кишини кармап кетти.

Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөн кытай жарандарын өлкөдөн чыгарууну көздөп Ала-Тоо аянтына чыккандар «Элдик көзөмөл» кыймылын түзүп, бийликке бир нече талап коюшту.

Бишкектеги Ала-Тоо аянтында Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөн кытай жарандарын өлкөдөн чыгарууну талап кылгандардын кезектеги митинги ызы-чуу менен коштолду. Ага болжол менен 500дөй, уюштуруучулардын айтымында, эки миңдей киши катышты. Анда Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөн мигранттарды тез арада өлкөдөн чыгаруу, жыл сайын чет элдиктерге берилчү 15 миң квотаны кескин азайтуу, Кыргызстандын жарандыгын берүүнү 10 жылга токтотуп, мораторий киргизүү, кыздардын чет өлкөлүктөргө турмушка чыгышын көзөмөлдөө, Курултай институтун киргизүү сыяктуу сегиз талап кагазга түшүрүлдү. Уюштуруучулардын бири Аманбол Бабакулов бийлик өкүлдөрү менен бирге мыйзамсыз жүргөн мигранттарды аныкташ үчүн комиссия түзүп, «кытайлар иштеп жаткан ишканаларга барып көрөлү» деген сунушун айтты:

- Кыргызстан 15 миң чет элдик жаранга квота берет экен. Өзүбүз ушундай кедей мамлекет болсок, ушунун кереги барбы?! Кереги жок да, өзүбүз кыйналып Орусияда талаалап жүрсөк. «Бишкекте, Нарында, Таласта кытай көбөйүп кетти» деп жатасыздар. Ушундай нерселерге чекит коюш үчүн ИИМ, УКМК, Мамлекеттик миграция кызматы, депутаттар жана жарандык активисттер болуп чогуу жеринен барып, өз көзүбүз менен көрөлү. Ар бир райондон, жаштардан арабызга кошолу.

Иманкулов: Бийлик таза иштебесе, митингдер токтобойт
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:05 0:00
Түз линк

ТИМдин жообу

Буга чейин социалдык тармактарда Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөн кытайлардын саны 50-60 миңге жеткени тууралуу маалымат тараган. Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директору Алмаз Имангазиев чогулгандардын алдына чыгып сүйлөп, Интернетте тарап жаткан кабарлар туура эмес экенин айтып, Кыргызстанга кирген кытай жарандары мыйзамдуу тартипте киргенин билдирди:

Алмаз Имангазиев.
Алмаз Имангазиев.

- Визасыз кытай жарандары бул жакка кире албайт. 2017-2018-жылдары узак мөөнөттүү виза менен 10 миңден эле кытай кирип чыккан. «50 миң кытай бар» деген туура эмес маалымат. Ар бир кытайдын иши көзөмөлдө. «Мыйзамсыз жүрөт» деген туура эмес.

Ал эми Мамлекеттик миграция кызматынын жетекчисинин орун басары Самат Токтоболотов чет элдиктерге берилчү квотаны азайтуу, алардын киришин жөнгө салуу боюнча мыйзам долбоору иштелип чыкканын айтты. Ал Кыргызстандагы чет элдик компанияларда 52 миң кыргызстандык иштеп, алардан канчалаган салык түшүп жатканын митингчилерге түшүндүргөнгө аракет кылды:

- Сиздер азыр айтып жаткан нерсени биз бир жыл мурда ойлоно баштаганбыз. Атайын жумушчу топ түзүп, жайдан баштап жаңы мыйзам долбоорун иштеп чыктык. Азыр өкмөттүн кароосунда турат. Эң негизги максат - чет элдик жарандардын санын азайтуу. Ар бир иштеп жаткан мекемеде эң көбү 20% чет элдик жаран иштөөгө укуктуу болот. Азыр чет элдиктерге уруксат кагазы 2 миң сом турат, жаңы мыйзам боюнча ал 30 миң сом болот.

Бирок митингчилер өкмөттүн бул өкүлдөрүнүн келип маалымат бергенине канааттанган жок. Буга чейин да мыйзамсыз миграцияга, кытайларга каршы рейддерди өткөрүп келген «Кыргыз чоролору» уюмунун штаб башчысы Бактыбек Нуралы уулу маалыматты президентке түз жеткире турган өкүлдөр келишин талап кылды:

- Бизге президенттин аппаратынан чыгып берсин, биз ошолорду угабыз. Булар эч нерсеге жооп бербейт. Биз Кытайдын бийлиги эмес, мыйзамсыз жүргөн адамдар, аларга мыйзамсыз документ жасап берген уурулар жөнүндө айтып жатабыз.

Мыйзамсыз миграцияга каршы уюштурулган митингде саясий маселелер да көтөрүлдү. Алардын катарында шайлоо мыйзамдарын оңдоо, 120 депутатты кыскартуу, «депутаттардын 50% өз талапкерлигин көрсөткөн жаштардан болсун» деген жобону киргизүү тууралуу талаптар айтылды. Атын атабаган митингдин катышуучуларынын бири митинг максатына жетпей калды деп эсептейт.

- Мен кытайларга каршы пикирди колдоп келгем, - деди ал. - Бирок бул жерге келсем саясий чакырыктар да болду. Ошондуктан мен митингде өз оюмду айта алган жокмун. Уюштуруучулар эмнени каалады, билбейм.

Төрт киши митингчилердин өкүлү катары Жогорку Кеңештин имаратына кирип, төраганын орун басары Мирлан Бакировго жолугуп, талаптар жазылган кагазды тапшырды.

Ушул эле күнү Жогорку Кеңеш миграция саясаты боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу өкмөттүн маалыматын укту.

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованын билдиришинче, 2017-2018-жылдары 7413 адам Кыргызстандын жарандыгын алган.

- Акыркы тогуз жыл аралыгында Кытайдын 352 жараны кыргыз жарандыгын алган, анын ичинде 171 адам этникалык кыргыздар, 72 уйгур, тогуз өзбек, алты кытай. Ал эми акыркы сегиз жылда 17 миң 669 кыргыз жараны чет өлкөлүк адамдар менен никеге турган. Анын ичинде 60 кытай жараны бар, алар дагы ич ара кыргыз, казак, өзбек, уйгур, кытай, дунган сындуу улуттарга бөлүнөт.

Депутат Жанарбек Акаев буга чейин кытай жарандарына виза кызылдай акчага сатылып келгендигин айтып, мындай мыйзамсыз иштерге жол бербөө зарылдыгын белгиледи.

Ал эми Махабат Мавлянова өлкөдө иштеп жаткан чет элдик жыйырмадай компанияны иликтегенин белгилеп, бул ишканаларда документте катталган жарандардан алда канча көп адам иштеп жатканын айтты.

Дагы бир эл өкүлү Кенжебек Бокоев мындан төрт жыл мурун Кыргызстанда туруктуу жашоого уруксатты мыйзамсыз алган 996 Кытай жараны эмдигиче депортация болбой жатканын сынга алды. Эл өкүлү бул жерде орто катмардагы мамлекеттик органдар пара алып, коррупция жасап жатканын кошумчалады.

“Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү Каныбек Иманалиев бул өлкөдөн Кыргызстан эле эмес, коңшулаш бир катар республикалар насыя алып жатканын тизмектеп, кыргыз-кытай мамилесин жолго коюу үчүн кыргыз-кытай экономикалык форумун өткөрүүнү сунуш кылды. Ошону менен катар кытайлар жөнүндө ар кандай күмөн жаралбашы үчүн аксакалдардан топ түзүп, ал жактагы боордош кыргыздардын абалы менен тааныштырып келүү зарылдыгын, митингчилерден топ түзүп, чет элдиктер тууралуу маалыматты текшерип чыгыпя. так маалымат берүү керектигин кошумчалады.

Митингчилерди милиция таратты

Бишкекте Ала-Тоо аянтында уюштурулган митингди милиция кызматкерлери таратты. Тартип сакчылары бир канча жаранды кармап кетишти. Шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Сталбек Рахманов митинг уюштуруудагы эрежелерди бузуп, жол кыймылына жолтоо болгондор, кастыкты козуткан чакырык таштагандар суракка алынарын айтты:

Сталбек Рахманов.
Сталбек Рахманов.

- Бир жарымга чейин тынч митинг өтүп жатып эле белгилүү бир балдар машиненин жолун тороп, «бери өтөбүз» дей башташты. Ошолорду өздөрүнүн ордуна, жолдун аркы бетине сүрүп өткөрүп койдук. Арасындагылар сөгүнүп-сагынып, тилдеп, жаман сөз сүйлөп, жол кыймылы токтоп калбадыбы. Эч кандай күч колдонулган жок.

​Кармалгандардын арасында уюштуруучулардын бири Аманбол Бабакулов, «Кыргыз чоролору» уюмунун штаб башчысы Бактыбек Нуралы уулу бар экени белгилүү болду. Митинг учурунда жолду тороого аракет кылган 21 жаран кармалганы маалым болду. ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, алардын көпчүлүгүнө коомдук тартипти бузганына байланыштуу үч миң сомдон айыппул салынып, коё берилди. Бирок кармалгандардын көбү буга макул болбой, сотко кайрыла турганын айтып жатышат.

Жапырт кармоо баштала электе Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз катчысы Бакыт Сеитов митингдин айрым кармалган катышуучулары сурак берип, кайра кое берилгенин «Азаттыкка» айткан. Анын сөзүнө караганда, кармалгандар 7-январда ушул эле талап менен уюштурулган митингден кийин «Бейбаштык» беренеси менен козголгон кылмыш иши боюнча көрсөтмө беришкен. Анда айтылган сөздөр, чакырыктар лингвистикалык экспертизага жөнөтүлгөнү айтылды.

Кытайда кыргыз, уйгур, казак жана башка улуттагыларга каршы басым күчөгөнү тууралуу маалыматтар чыккандан кийин социалдык тармактарда, мессенжерлерде Кыргызстандагы кытай жарандарына каршы билдирүүлөр байма-бай тарап жатат.

Президент Сооронбай Жээнбеков 11-январда кыргыз-кытай мамилесин бузгусу келген күчтөр жазаланарын эскерткен. Ага удаа эле биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов басма сөз жыйынын өткөрүп, «кытай жарандары көбөйүп кетти» деген маалыматтарды жокко чыгарган.

Кыргызстанда кытайлар иштеткен компаниялардын бири.
Кыргызстанда кытайлар иштеткен компаниялардын бири.

Өкмөттүн маалыматы боюнча, Кыргызстанда 400гө жакын кытай ишканасы бар, ал эми биргелешкен ишканалардын саны 177. Расмий Бээжин каржылаган ишканалардан былтыр 3,8 миллиард сом салык түшкөн, бул мурдагы жылга салыштырмалуу 20 пайызга көп.

Былтыр Кыргызстанга 35 миңден ашуун (35 миң 215) кытай жараны келип, 34 миң 436сы кайра чыккан. Мамлекеттик каттоо кызматында 25 миңге жакын кытай жараны каттоодо турат. Алардын 25ине өлкөдө жашоого уруксат берилген. Соңку тогуз жылдын ичинде 268 кытай жараны Кыргызстандын атуулдугун алган. Алардын басымдуу бөлүгү, тактап айтканда 171си кыргыз, 72си уйгур, тогузу өзбек, алтоо кытай жана бири казак.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​

XS
SM
MD
LG