Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 22:11

Кош жарандык маселеси кайра козголду


2018-жылы кош жарандыгы козголгон саясатчылар. Солдон оңго Жусупбек Коргонбай уулу, Дамирбек Асылбек уулу, Кубанычбек Кулматов, Бахадыр Сулейманов жана Таалайбек Сарыбашов.

Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкек шаардык кеңешинин орус жарандыгы бар деп айтылган депутаты Жусупбек Коргонбай уулунун мандатын алуу чечимин колдоду. Депутат бул айыптоону четке кагууда.

Мунун алдында Казакстандын Алматы шаарында камакка алынган кыргызстандык экс-депутат Дамирбек Асылбек уулу казак жарандыгынан ажыратылганы тууралуу маалымат тараган.

Бул жараяндар Кыргызстанда мамлекеттик кызматкерлердин кош жарандыгы тууралуу теманы кайрадан козгоду. Буга чейин айрым депутаттардын, шаар мэрлеринин башка өлкөнүн паспортуна ээ экендиги айтылган.

Жусупбек Коргонбай уулунун маселеси

26-декабрдагы отурумда Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) орус жарандыгы үчүн мандатынан ажыратылган Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Жусупбек Коргонбай уулунун арызын карап, аймактык шайлоо комиссиясынын чечимин күчүндө калтырды.

БШКнын жыйынга катышкан сегиз мүчөсүнүн жетөө буга макулдук беришти.

Бул маселени иликтеген жумушчу топ Коргонбай уулунун орус жарандыгы тиешелүү мекемелерден алынган документтер менен ырасталганын билдиришти.

БШКнын мүчөсү, аталган жумушчу топтун башчысы Алмаз Асаналиев кабыл алынган чечимге негиз болгон жагдайларды санап берди:

- Бизге келген маалыматтар, мыйзамдуу, расмий документтердин негизинде Жусупбек Коргонбай уулу Орусиянын атуулдугун алганы такталды. Орусиянын Федералдык миграция кызматынын, Юстиция министрлигинин жана Кыргызстандагы элчилигинен алынган кагаздар муну толук далилдеп турат. Кыргызстандагы орус элчилиги Коргонбай уулу аларга 26-ноябрда келип, жарандыктан чыгуу үчүн документтерин тапшырып кеткенин да тастыктап беришти. БШК тергөөчү орган эмес, бирок туура эмес чечим чыгарып албайлы, бир депутаттын келечегине балта чаап койбойлу деп Кыргызстандын да органдарынан сураштырдык. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке "чек арадан орус паспорту менен өттү беле?" деген суроо-талап жөнөтсөк, алардан "Жусупбек Коргонбай уулу төрт жолу Кыргызстандын чек арасынан орус паспортун көргөзүп өткөн" деген маалымат келип түштү. Ошондуктан биз анын мандатын кайтарып берүү тууралуу арызын канааттандыруудан баш тарттык жана мандатынан толук ажыраттык.

Жусупбек Коргонбай уулу
Жусупбек Коргонбай уулу

Аймактык шайлоо комиссиясы Жусупбек Коргонбай уулу мурда Орусиянын жарандыгын алганы аныкталганын билдирип, 19-декабрда аны мандатынан ажыраткан.

Ал эми депутат мурда Орусиянын жарандыгын албаганын билдирип, аймактык шайлоо комиссиясынын чечимин жокко чыгаруу жана мандатты кайтаруу тууралуу БШКга кайрылган.

Бирок БШКнын соңку жыйынына депутат катышкан жок. Анын өкүлү жана адвокаты Эрик Ирискулбеков Боршайкомдун чечимин мыйзамсыз деп атады:

- Биз Борбордук шайлоо комиссиясынын Жусупбек Коргонбай уулун мандатынан ажыратуу боюнча чечимине макул эмеспиз. Албетте, биз бул чечимдин үстүнөн сотко кайрылабыз. Анткени БШКнын "Коргонбай уулунун өзүнүн макулдугу менен Орусиянын Юстиция министрлигине суроо талап-жөнөттүк" деген маалыматы карандай калп. Ал документке Коргонбай уулу эч качан кол койгон эмес жана андан кабардар да болгон эмес. Ошол министрликтен, миграция кызматынан жана элчиликтерден алынган документтердин бардыгы мыйзамсыз алынган. Ишенимдүү түрдө айта алабыз, Коргонбай уулу Жусупбек Кыргызстандын жараны. Ал Орусиянын жарандыгын алган эмес жана алууга аракет да көргөн эмес. Коргонбай уулунун өзүнүн баалашынча, анын мандатын алуу - бул саясий буюртма. Саясий оппоненттери Коргонбай уулун келерки жылдардагы Жогорку Кеңешке жана жергиликтүү кеңештерге өтчү шайлоолорго жеткирбей дискредитациялоо аракетин көрүп жатышат.

Бишкек шаардык кеңешине "Республика - Ата Журт" партиясынан депутат болуп шайланып, бирок мандатынан ажыраган Жусупбек Коргонбай уулу өзү да буга чейин "Азаттыкка" комментарий берип орус жарандыгын албаганын билдирген.

Казак жарандыгынан ажыраган Асылбек уулу

Мунун алдында аткезчиликке байланыштуу айыпталып, Алматыда камакка алынган кыргызстандык депутат Дамирбек Асылбек уулунун казак паспорту жараксыз деп табылды.

Учурда ал Кыргызстандын жараны катары соттолуп жатканын “Азаттыкка” Кыргызстандын Башкы прокуратурасы ырастады.

Дамирбек Асылбек уулунун казак паспорту
Дамирбек Асылбек уулунун казак паспорту

Асылбек уулу быйыл февралда Казакстанда кармалган 29 кишинин арасында болгон жана анын жанынан Казакстандын паспорту табылган.

Кийинчерээк Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Дамирбек Асылбек уулу казак жараны экенин маалымдаган.

Депутаттын атасы уулу кыргыз жараны болгонун, Каракол шаарында туулуп-өскөнүн айтып чыккан. Ага карабай Асылбек уулу мандатынан ажыраган.

Асылбек уулу жана аны менен чогуу кармалган үч кыргызстандыктын соту Алматынын район аралык сотунда 19-октябрда башталган. Алгачкы соттук процессте мурдагы депутат кыргыз жараны экенин билдирип, өзүн мекенинде соттоону суранган. Ага карабай сот 26-декабрда уланды.

Жогорку Кеңештин депутаты, юрист Дастан Бекешев Дамирбек Асылбек уулун Кыргызстанга экстрадициялоо зарылдыгын белгиледи:

Дастан Бекешов
Дастан Бекешов

- Дамирбек Асылбек уулу Кыргызстандын эле жараны болгон. Болгону Казакстандын да жарандыгын алганы билинип калды. Ошондуктан ал мандатынан ажырады. Бул туура. Бирок ал өзүнө тагылган айып боюнча соттолсо, кайсы жерде жазасын өтөйт деген маселе турат. Ал биздин жаран болгондон кийин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги аны экстрадициялоо маселесин көтөрүп, алып келиш керек. Биз Орусияда, Казакстанда соттолгон башка жарандарыбызды деле Кыргызстанга экстрадициялап алып келебиз, экс-депутат Асылбек уулуна да ошондой колдоо керек. Кыргызстандын Баш мыйзамына ылайык, юридикалык жактан жардам берүү абзел.

​Депутат Дастан Бекешев башка эл өкүлдөрү менен чогуу сентябрь айында кош жарандуулукка байланыштуу мыйзам долбоорун алып чыккан. Анда кош жарандыгын жашырган мамлекеттик кызматкерди же депутатты кылмыш жоопкерчилигине тартуу, ири суммада айып пул төлөтүү сунушу келтирилген. Мыйзам профилдик комитетте жактырылып, коомдук талкууга чыгарылмай болгон. Бирок депутаттар аны оңдоп-түзөө үчүн кайра чакыртып алганы турушат.

Кулматов, Сулейманов, Сарыбашов...

Депутаттар жогорудагы мыйзамды кабыл алууга өздөрүнүн эле кесиптештеринин эки паспорту бар экени такталганы себеп болгонун билдиришкен.

Маселен, буга чейин депутат Жыргалбек Саматовдун орус жарандыгы бар экени аныкталып, Борбордук шайлоо комиссиясы аны мандатынан ажыраткан.

Быйыл “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Бахадыр Сулеймановдо жана "Республика – Ата Журт" саясий партиясынын тизмеси боюнча жаңыдан депутат болуп келген Сагындык Келдибаевде башка өлкөнүн паспорту бар экени айтылган. Эки депутаттын бири Келдибаев өзү тууралуу жалган кабар таратты деп экс-депутат Ыргал Кадыралиеваны сотко берген. Бирок азыркыга чейин мамлекет эки депутатка коюлган доомат боюнча расмий маалымат бере элек.

Быйыл ошондой эле камакка алынган Бажы кызматынын мурдагы жетекчиси Кубанычбек Кулматовдун орус паспорту боюнча иши сотко жетип кайтты.

Булардан сырткары Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашовдун да чет элдик паспорту боюнча маселени парламент депутаты Ирина Карамушкина көтөрүп чыккан. Мэр Сарыбашов өзүнүн дарегине карата айыптоолорду басма сөз кызматы аркылуу төгүндөп келген. 26-декабрдагы Ош шаардык кеңишинин сессиясында бул тууралуу комментарий да берди:

Таалайбек Сарыбашев
Таалайбек Сарыбашев

- Кезинде мен Орусиянын Новосибирск шаарында мигрант катары иштеп, салык төлөп жүргөм. Мына ошондогу маалыматтарды Интернеттен таап алышып, чаташтырып жиберишти. Маалыматта мени 2016-жылы Орусиянын жараны болгон деп айтып жатышат. Кыргызстанга 2008-жылы келсем, 2016-жылы өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү болуп иштеп жатсам, кантип Орусияга барып жарандык алам? Ойлонуп көргүлөчү. Азыр депутат Карамушкинадан суроо-талап түштү, укук коргоо органдары иликтеп жатат. Алар расмий маалыматтарын чыгарат. Бирок мен ишенимдүү түрдө айта алам, бул жалган. Мен Орусиянын жарандыгын алган эмесмин.

Бирок байкоочулар мамлекеттик жооптуу кызматтарга дайындоо учурунда же кеңештерге шайлоо алдында талапкерлердин кош жарандыгын милдеттүү текшертүү керектигин эскертишүүдө.


Коомдук ишмер Жылдызбек Турганов мындай деди:

- Азыр бизде депутаттардын же башка жооптуу кызматтарда отурган адамдардын кош жарандуулугун бирөө чукуп чыкканда гана билинип жатат. Ага чейин көзөмөл жок. Орусиянын, Казакстандын же башка өлкөнүн жараныбы же тыңчысыбы айырмасы жок, кыргыз жарандыгын тастыктаган документи болсо эле депутаттыкка шайланып жатышат. Же бир жерге чоң кызматка дайындалууда. Ошол эле Жогорку Кеңеште же мамлекеттик, муниципалдык кызматтарда дагы башка жарандары иштебей эле турат деп ким кепилдик берет? Бирок муну тартипке келтириш керек да. Менин оюмча азыр иштеп жаткандарды билиш үчүн кадимкидей эле депутаттардын бирин калтырбай текшерип, башка паспорттору барларды жоопко тартуу керек. Бирден киргизип текшерип койсо эле билинет. Келечек үчүн жарандыкты текшерүүнү милдеттүү кылуу зарыл. Маселен, ишке кирип жатканда же БШКга арыз берип атканда кадрлар, талапкерлер соттолбогону тууралуу тастыктама беришет го, муну да ошондой кылыш керек. Жогорку Кеңешке же саясий кызматтарга келип жаткан талапкерлерди Орусия менен Казакстандын жарандыгы жок деген да тастыктаманы алып келгенге милдеттендирип коюш керек. Ушул эки өлкөдөн жарандык алуу коркунучу чоң экенин эске алуу менен, ошондой шарт киргизсе туура эле болот деп ойлом.

Борбордук шайлоо комиссиясы депутаттардын башка жарандыкка ээ экенин жапырт текшерүүгө алууга мыйзам жол бербей турганын айтып келет. Ошол себептүү эми шайлоо алдында ар бир талапкерден чет өлкөлөрдөн өзүнүн маалыматтарын алууга уруксат берген макулдук баракчасы алынганы турат. Бул боюнча мыйзамга өзгөртүүлөр кирсе, эмки шайлоолордо пайдаланылышы мүмкүн.

Кыргыз депутаттарынын төш-белгиси
Кыргыз депутаттарынын төш-белгиси

Кыргызстан эч бир өлкө менен кош жарандуулук боюнча келишим түзгөн эмес. Ошондой эле мыйзам боюнча чет өлкөнүн жараны депутат, министр, күч органдарынын кызматкери жана муниципалдык кызматтын жетекчиси боло албайт. Бирок аткаминердин кош жарандыгы билинип калган учурда кызматынан алынганы болбосо, жоопкерчиликке тартылган учурлар аз.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Пикирлерди көрүңүз (29)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG