Линктер

дүйшөмбү, 18-июнь, 2018 Бишкек убактысы 08:08

Кыргызстанда жогорку кызматтагы аткаминерлердин кош жарандуулугун текшерүү мүмкүн эмес. Атайын кызматтар гана кайсы бир саясатчы жөнүндө конкреттүү арыз түшкөн маалда текшеришет.

Акыркы окуялардан кийин коомчулукта кош жарандуулугун жашырган аткаминерлерди жазага тартуу демилгеси көтөрүлдү.

Саясатчылардын жарандыгын аныктоодо кандай механизмдер киргизилип, кайсы орган жооптуу болушу керек?

Учурда Казакстанда кармалган кыргыз депутатынын кандай жагдайда эки өлкөнүн паспортуна ээ болуп жүргөнү тууралуу маалыматтар жок.

Кыргызстандын тийиштүү органдары "такталып жатат" деген билдирүү менен гана чектелүүдө. Болгону айрым байкоочулардын "саясатчы буга чейинки спорттук же ишкердик жагдайына байланыштуу казак паспортун алышы мүмкүн" деген божомолдору бар.

Дамирбек Асылбек уулунун казак документи.
Дамирбек Асылбек уулунун казак документи.

Кош жарандуулугун жашырган саясатчыларды жоопко тартуу демилгеси кызуу талкууланып жаткан учурда парламентке жаңы депутат келгени турат.

“Ата Мекен” фракциясынын депутаты Аида Саляновага карата Бишкек шаардык сотунун өкүмүнөн кийин анын ордуна келери сөз болуп жаткан, 2007-жылы БШКнын төрайымы болуп эмгектенген, кийин Гүлнара Клара-Самат деп атын өзгөрткөн Клара Кабилованын жарандыгы боюнча коомчулукта күмөн ойлор жаралды.

Учурда Борбордук шайлоо комиссиясы тизмеде Саляновадан кийинки катарда турган талапкерге мандат берүүдө тиешелүү процедуралык иштер жүргүзүлүп жатканын билдирди. Анткен менен БШКнын деле чамасы чектелүү. Эгер Кабилова кыргыз жараны экенин далилдеген паспортун көрсөтсө, мандат тапшырылат.

БШКнын мүчөсү Гүлнара Журабаева - кош жарандуулугу аныкталган саясатчыларды жоопко тартуу демилгесин колдогондордун бири.

- Менин оюмча мамлекеттик кызматкерлерди кош жарандуулугу үчүн жоопко тартууну киргизиш керек. Бул жактан кылмыш ишин козгосо, дагы башка жарандыгы бар өлкөгө чыгып кетишпейби? Мындай болбойт.

Ал эми парламент депутаты Кенжебек Бокоев кармалган кыргыз депутатынын окуясынан кийин бардык мамлекеттик кызматтагы жетекчилердин жарандыгын текшерүү тууралуу демилге көтөрдү.

Кенжебек Бокоев.
Кенжебек Бокоев.

- Ар жерден суроолор түшүп жатат. Биз маалыматтын жоктугунан улам жооп бере албай жатабыз. Башка саясий жана жогорку кызматтагылар боюнча эмне кылабыз, алардын жарандыгын? Текшертели баарын, анда. Эл ызы-чуу болуп жатпайбы, “мындай болсо эртең президенттикке башка мамлекеттин жараны келип калса эмне болот” деп.

Анткен менен бүгүнкү күндө кызматтагы министрдин же мандат алуучу талапкердин кош жарандуулугун аныктоо дээрлик мүмкүн эмес. Андыктан укук коргоочу Рита Карасартова бул маселе саясий партиялардын мүчө тандоосунда гана кылдат каралышы керек болчу деп эсептейт.

Рита Карасартова.
Рита Карасартова.

- Кийин бизде парламент системасы калыптанып, партиялар ар бир кылган иши, мүчөсү менен мактанып калган учурда бул маселе туура жолго түшөт. Азыр эми айла жок, бир нерсе болуп эле чыгып калбаса, кош жарандуулук аныкталбай жатат. Анан кантип аныктайбыз? Куру эле шек санай бергенде да болбойт.

Бирок саясий партиялардын тизмесин түзүүдө идеалдуу система жок. Партиянын курамын тандоодо каражат чоң роль ойноору жашыруун эмес.

Дегеле, бул эл өкүлдөрүнүн экинчи жарандыгына байланышкан биринчи окуя эмес. 2010-2015-жылдагы парламенттик шайлоодо "Республика - Ата Журт" партиясынын жетекчиси Өмүрбек Бабановду оппоненттери "казак жараны" деп айыптап, бирок саясатчы экинчи жарандыгынан өзү баш тартканын билдирген. 2015-жылы ушул эле партиянын дагы бир депутаты Жыргалбек Саматовдун орус жарандыгы аныкталып, ал мандатынан кол жууган. Мындан тышкары 2011-жылы ошол кезде Бажы кызматын жетектеп турган Кубанычбек Кулматовдун жарандуулугу боюнча маселе көтөрүлүп, Башкы прокуратура Кулматов орус жарандыгынан баш тартканы тастыкталганын билдирген.

Коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков башка өлкөнүн жарандыгын алгандар жогорку кызматтарда отурушу улуттук коопсуздукка коркунуч келтирет деп эсептейт. Ошондой эле Кадырбеков аткаминерлердин кош жарандыгын текшерүүдө Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет жоопкер болушу керек деген оюн айтты.

Ишенбай Кадырбеков.
Ишенбай Кадырбеков.

- Мен совет мезгилинде иштеп калбадымбы. Бир жолу айдоочумду жумушка алып жатканда КГБнын кагазы менен токтотуп койгон. Ал убакта "мамлекеттик кызыкчылык" деп, айдоочуга чейин карачу эле. Мамлекеттик коопсуздук маселесинде атайын кызматтар эч кимден сурабашы керек. Баарын текшерип турушу керек. Казакстандын жараны экени айтылып жаткан кишинин депутат болуп калышы - алардын ишиндеги кемчилик. УКМКнын милдети ошол.

Кыргызстан эч бир өлкө менен кош жарандуулук боюнча келишим түзгөн эмес. Ошондой эле мыйзам боюнча чет өлкөнүн жараны депутат, министр, күч органдарынын кызматкери жана муниципалдык кызматтын жетекчиси боло албайт. Бирок аткаминердин кош жарандуулугу билинип калган учурда кызматынан алынганы болбосо, эч кандай деле жоопкерчиликке тартылбайт.

Укук коргоочу Динара Ошурахунованын пикиринде, бул маселени чечүүдө эл аралык тажрыйбаларды карап, мыйзам иштеп чыгууга мезгил жетти.

Динара Ошурахунова.
Динара Ошурахунова.

- АКШ же Европанын башка өлкөлөрүн карап көрүш керек. Мисалы, Европа Биримдигинде жалпы паспорт менен кандайдыр келишим бар болуш керек. Мындай учурда мыйзам, жобо иштелип, тескөөгө болот. Биз болсо баягы совет мезгилиндегидей калып калганбыз.

Өлкөдө саясат, спорт, ишкердик чөйрөсүндө кош паспорт менен же аты-жөнүн, туулган жылын өзгөртүп алгандар көп экени айтылып эле жүрөт. Эксперттердин пикиринде, өлкөдө жасалма документтерди жасоого байланышкан кылмыштар көп жасалат жана бул каттоо кызматтарынын коррупциялашканынан кабар берет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG