Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 07:40

Салянованын ордуна Клара Кабилова депутат болуп келет


Клара Кабилова - Гүлнара-Клара Самат.

Парламентке Аида Салянованын ордуна БШКнын мурдагы төрайымы Клара Кабилова депутат болуп келет. “Ата Мекен” фракциясы билдиргендей, партиянын кийинки тизмесинде 2007-жылы БШКнын төрайымы болуп эмгектенген, кийин ысымын өзгөрткөн Клара Кабилова - Гүлнара-Клара Самат турат.

Саляновага Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") менен 2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда "мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес" деген айып тагылган.

Бишкек шаардык соту 7-февралда Саляновага козголгон кылмыш иши боюнча Ленин райондук сотунун чечимин күчүндө калтырган.

Райондук сот былтыр 10-октябрда депутатты беш жылга эркинен ажыратуу жана үй-мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыгарган. Салянова өз жазасын үч жашар кызы 14 жашка толгондон кийин өтөй турган болгон. Мыйзам боюнча шаардык соттун чечиминен кийин эл өкүлүнүн мандаты алынат. Борбордук шайлоо комиссиясы бул маселе жакын арада караларын билдирди. (NT)

Пикирлерди көрүңүз (4)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG