Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:27

Кош жарандыгын жашыргандарды жазалоо боюнча мыйзам жактырылды


Кыргызстан менен Казакстандын паспорттору. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстан менен Казакстандын паспорттору. Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети кош жарандыгын жашырган адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча депутат Дастан Бекешов сунуштаган мыйзамды биринчи окууда жактырды. Бул тууралуу комитеттин жыйынына катышкан “Азаттыктын” кабарчысы билдирди.

Экинчи окууга чейин парламенттик угуу өткөрүү сунушталды.

Депутат сунуштаган мыйзамга ылайык, Кыргызстанда президенттикке жана депутаттыкка талапкерлерде башка өлкөнүн да жарандыгы бар болгон учурда аларды жоопко тартуу сунушталып жатат. Ал муну шайлоого чейин кабыл алыш керектигин, анткени “шайлоого катышкан талапкерлердин кош жарандуулугун текшерүү үчүн маанилүү” деп негиздеди.

Дастан Бекешовдун айтымында, эки паспорту бар адамдарды жоопкерчиликке тартууга мыйзамда жоболор жетишсиз. Ошол себептүү Башкы прокуратура эки паспорту табылган Кубанычбек Кулматовго кылмыш ишин козгобой келген.

Быйыл февралда Казакстанда аткезчиликке шектүү катары кармалган 29 кишинин арасында Кыргызстандын үч жараны, Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу да бар экени белгилүү болгон. Казакстандын Тышкы иштер министрлиги кийинчерээк Дамирбек Асылбек уулу казак жараны экенин маалымдаган. Депутаттын атасы уулу Кыргызстандын жараны болгонун, Каракол шаарында туулуп-өскөнүн айтып чыккан.

Андан башка да айрым депутаттардын кош жарандыгы бардыгы тууралуу пикирлер айтылып жүрөт. Акыркы факты катары Бишкектин мурдагы мэри Кубанычбек Кулматовдо Орусия жарандыгы бар экени такталып, бул боюнча иш сотто каралып жатат.

Кыргызстан эч бир өлкө менен кош жарандуулук боюнча келишим түзгөн эмес. Мыйзам боюнча чет өлкөнүн жараны депутат, министр, күч органдарынын кызматкери жана муниципалдык кызматтын жетекчиси боло албайт. (EBM\ErN)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG