Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:31

Карамушкина Ош мэринин жарандыгын иликтөөгө чакырды


Ирина Карамушкина.
Ирина Карамушкина.

Парламенттин бүгүн, 22-ноябрдагы сессиясында КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашовдун кош жарандыгын текшерүүнү сунуш кылды.

Ал УКМКнын жетекчилигине кайрылып, эгерде мэр чет элдик жарандыгын атайылап жашырган болсо, анда ал камакка алынышы керек экенин билдирди:

- Орусиянын Федералдык салык кызматынын сайтында Таалайбек Сарыбашовго 2016-жылдын ноябрында орус паспорту берилгени жазылган. Азыркы туруктуу жашаган жери Новосибирск деп көрсөтүлгөн. Тактап айтканда, Орусиянын Федералдык салык кызматы аны орус жараны катары билет. Кыргызстандын мыйзамдары боюнча чет элдик жаран жетекчилик кызматтарда иштей албайт. Ошондуктан, мен УКМКнын төрагасынан Сарыбашов кандай негизде Ош облусунун губернатору болуп, Ош шаарынын мэринин кызматын ээлеп отурганын текшерүүнү өтүнөм.

Карамушкина эгерде Сарыбашов чет өлкөлүк жарандыгын жашырган болсо, беш айдан бери камакта отурган Кубанычбек Кулматов сыяктуу схема менен камакка алынышы керек деген оюн кошумчалады.

Сарыбашовдун орус жарандыгы тууралуу маалымат буга чейин Интернетте тараган.

Таалайбек Сарыбашов быйыл 18-июлда Ош шаарынын мэрлигине жалгыз талапкер болуп көрсөтүлүп, шайланган.

2015-жылдын декабрынан 2018-жылга чейин өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарымдуу өкүлү болуп иштеген.

Сарыбашов жана Ош шаардык мэриясы Карамушкинанын айткандарына комментарий бере элек. (NT)

XS
SM
MD
LG