Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:22

Оштун мэрин шайлоо шар өттү (видео)


Таалайбек Сарыбашев.
Таалайбек Сарыбашев.

Ош шаарынын мэрлигине жалгыз талапкер болуп көрсөтүлгөн Таалайбек Сарыбашев шайланды. Ага шаардык кеңештеги 45 депутаттын 44ү колдоп добуш берди.

Мэрди шайлаш үчүн чогулган шаардык кеңештин жыйынында Сарыбашев шаарды өнүктүрүү боюнча өз программасын депутаттарга сунуш кылып, эки жыл аралыгында калааны иретке салып, өнүктүрүүгө убада берди. Шаардык кеңештеги бир да депутат талапкерге суроо берген жок.

Ош шаарынын башчысын шайлоого Ош шаардык кеңешиндеги 45 депутат толук катышты. Алгач шаар башчылыкка жалгыз талапкер болуп катталган Таалайбек Сарыбашев шаарды өнүктүрүү боюнча программасын айтты:

- Сиздер колдоп берсеңиздер, мен биринчи кезекте ишкерликти криминалдык кийлигишүүдөн, ыксыз текшерүүдөн коргоону өзүмө милдет кылып алам. Анткени ишкерлер элди, шаарды багат, элди ирдентет. Айыл чарба өндүрүмүн кайра иштетүүнү түптөш үчүн ишкерлерге жер бөлүп берүүгө бүт аракеттер жасалат. Ошто зыярат жана билим туризмин күчөтүш үчүн шарттарды жакшыртууга бардык күч жумшалат. Ош шаарын таза суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылыш үчүн керек болсо болгон ресурсту салабыз. Ош шаарында бардык көп кабаттуу үйлөрдүн эшиктерине ишкерлердин жардамы менен домофондор орнотулат. Шаар ичиндеги автоунаа тыгынын азайтыш үчүн калааны айланып өтүүчү жолдорду курууга бардык аракетти жасайм. Коомдук транспортту иретке келтириш үчүн чет элдик тажрыйбаларды колдонобуз. Жеке жана муниципалдык бала бакчаларды куруу жанданат. Өз башынча тосулган тротуарлар ачылат. Шаардагы жеке курулуштар жакшылап көзөмөлгө алынат. Кадр тандоо маселеси сынак жолу менен гана чечилет.

Таалайбек Сарыбашев Оштун мэри болду
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:00 0:00

Таалайбек Сарыбашевге шаардык кеңештин бир да депутаты суроо берген жок. Алдын-ала сөзгө жазылган фракция башчылары гана сөз алып, талапкерге шаардагы айрым маселелерди чечүү боюнча сунуштарын айтышты. Мисалы, "Кыргызстан" фракциясынын лидери Элмира Балтабаева Таалайбек Сарыбашевден таштанды маселесин чечүүнү суранды.

- Ош шаарынын таштанды талаасындагы маселени чечүүнү программаңыздагы артыкчылыктуу маселе катары карасаңыз дейт элем. Анткени таштанды талаасындагы түтүнгө биздин шаардыктар ууланып атат. Таштандынын түтүнүнөн калаанын батыш райондору жабыр тартууда.

Ош шаардык кеңешиндеги "Мекеним Кыргызстан" фракциясынын депутаты Ашим Осмонов болсо шаар башчыдан үй-бүлөлүк зомбулукту азайтууну жана Ак-Буура дарыясынын тазалыгын камсыз кылууну өтүндү.

- Биз Ак-Буура дарыясынын боюндагы курулуштарды жөнгө салууга, тротуарларды оңдоону, коомдук транспортто өспүрүмдөрдүн укугун сыйлоону камсыз кылууну, алардын коопсуздугуна кам көрүүнү жана үй-бүлөлүк зомбулукту азайтууну сунуш кылдык. Буюрса бул сунуштардын аткарылышын көзөмөлдөп турабыз, - деди ал жыйындан кийин.

Шаар башчыны шайлоо жашыруун добуш берүү аркылуу өттү. Бирок айрым депутаттар бюллетенди бүктөбөй, ички бетин байкоочуларга каратып, урнага шашпай таштап жатканы да байкалып жатты. Жыйынтыгында Ош шаарынын башчылыгына жалгыз талапкер болуп катталган Таалайбек Сарыбашев 45 депутаттын 44үнүн добушун алганы белгилүү болду.

- Ош шаарынын мэрин шайлоого 45 депутат толук катышты. 45 депутаттын баары добуш берди. Бузулган, булганган бюллетень табылган жок. Шаар башчылыкка жалгыз талапкер болуп катталган Таалайбек Сарыбашевге 44 депутат "макул" деп, бир депутат "каршы" деп добуш берди, - деди Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын башчысы Абдижалил Муратов.

Ош шаарынын башчысы болуп шайланган Таалайбек Сарыбашев 47 жашта, төрт балалуу. Эки уулу, бир кызы студент, ал эми кичүү кызы окуучу.

Таалайбек Сарыбашев бийликтеги карьерасын 2008-жылы Алай райондук кеңешине депутат болуп баштаган. 2012-жылдан 2015-жылга чейин Алай районунун акими болуп иштеген. 2012-жылдын декабрынан тартып өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарымдуу өкүлү болуп иштеп келаткан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG