Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:53

Ошко азыр абийирдүү мэр керек


Ош шаары. Архивдик сүрөт.
Ош шаары. Архивдик сүрөт.

"Айтмамат Кадырбаевдин ордуна ким мэр болот?" деген суроо Оштун ар бир жашоочусун ойлонтуп жатса керек.

Албетте, ар бирибиз көңүлүбүзгө жаккан адамдын мэр болушун каалайбыз. Социалдык тармактарда "бул татыктуу", "койчу ошону, андан көрө тигил татыктуу" деп кызыл чеке болуп жаткандарды көрдүм.

Бирөөлөр ностальгия болуп Мелис Мырзакматовду "чарбачыл эле" деп мактаса, экинчилери Айтмамат Кадырбаевдин жума намазды калтырбай окуганын, демек ыймандуу экенин айтып түгөтө албай жатышат.

Бири "Мырзакматов бир бала бакчаны 36 млн. сомго чейин курчу" дешет. Кадырбаев болсо бир бала бакчанын курулушун 24 млн. сомго түшүргөнүн айтып жүрөт.

Бирок ошол эле маалда АРИС деген өкмөттүк эмес уюм Оштон 350 чакырым жерде турган Чоң-Алай районунун төрүнө 120 орундуу, эки кабаттуу бала бакчаны 8 млн. сомго эле куруп койду. Ошто ОшТВ деген компания да 5 миллион сомго эки кабаттуу жаңы имарат куруп жатат.

Демек, Ошто 8-9 млн. сомго эле бала бакча курса болот турбайбы?

Ушундан улам мен Ош шаарына бюджеттин каражатын өз капчыгындагы тыйындай үнөмдөгөн, таза, курч адамдын келишин каалайт элем.

Курч, эл үчүн чындап күйгөн мэр келсе, шаар ичиндеги быкылдаган базарды сыртка көчүрмөк. Анын ордуна бак тигип, көлөкө издеген шаардыктардын сообуна калмак. Ак-Бууранын жээги менен Ош аэропортуна кеткен жолду ойлонбой ачтырмак. Тротураларды элге кайтарып, элге тийиштүү кан жолдон 20 сом дооламак эмес. Туристтер тынбай келген байыркы шаардын дааратканаларын оңдотмок.

Таза, абийирине кызмат кылган мэр келсе, элдин Орусияга мигрант болуп кеткенинен уялмак. Балдарына, аялына кымбат жолтандабастарды алып бермек эмес. Тууганын, балдызын, аяшын кызматка дайындап, дароо эле жетекчи кылуудан тартынмак.

Ошко азыр байлык топтош үчүн эмес, чындап кызмат кылган мэр керек. Оштон байлык эмес, барк таап кеткиле. Ош эли көп мэрлерди жакшы эле бакты, эркелетти, бирок ошого татыктуу пайдасын көрбөдү.

"Ошко таза суу эми чыгат, шаркырап агат" дегенден бери үч жыл өттү, жаан жааган сайын сууну өчүргөн адат тыйыла элек. "Шаар толугу менен жарык болот" дешти эле, калаанын караңгы жери дале көп.

Бишкектегидей жыл бою чыккан ысык суу Оштун тургундарынын түшүнө да кире элек. Кышында үйдө майкечен отурууну калаа тургундары элестете да албайт.

Бала бакча жетишсиз, кезек келгиче бала жетиге чыгат.

Ошту "чоң кыштак" десе, арданабыз. Бирок чындык көз алдыбызда турбайбы.

Калаанын астынан өткөн эски түтүктөр чирип бүткөн. Алар маал-маалы менен ар жерден жарылып турганы кадимки көрүнүш. Суу атылган сайын тамтыгы чыккан жолдор канчага чейин жамалбай жата берет.

Экинчи борбор болуп туруп билим берүүдөн аксайбыз. ЖРТнын алтын сертификаты боюнча чакан гана Ат-Башы району менен тең чыктык.

Маданий байланыш, улуттардын ынтымагын чыңдоо деген маселеге көңүл бурбайбыз. Майыптардын жашоосуна ыңгайлуу шарт түзө албадык.

Кыскасы, иштейм деген кишиге Ошто иш чачтан көп. Байыркы шаарга азыр изденип иштеген, Кытай берген жолтандабаста эле жүрө бербей, ара-чолодо эл аралап жөө басканды сүйгөн, мекенчил, иш билги мэр келсин.

Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG