Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:49

Ордолуу Ош кантип өнүгөт?


Оштогу Манастын эстелиги. 11-июнь, 2012-жыл.
Оштогу Манастын эстелиги. 11-июнь, 2012-жыл.

Өкмөт башчы Сапар Исаков Ош облусун өнүктүрүү боюнча тапшырма берди.

Өкмөттүн маалымат кызматы тараткан кабарга караганда, Ош облусун өнүктүрүү боюнча жыйында облустун башчысы Таалайбек Сарыбашов жалпы маалымат берген. Анда аймакта ачылып жаткан ишканалар, артыкчылыктуу долбоорлор, салыктардын чогулушу, салынып жаткан жолдор, социалдык жана билим берүү тармактарындагы иштер, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу боюнча кеңири сөз болгон.

Тарыхы терең, маданиятка бай Ош шаарын кантип өнүктүрсө болот?

Оштогу фестивалдардын бири.
Оштогу фестивалдардын бири.

Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн агроөнөржай бөлүмүнүн башчысы Эмил Шадыханов "Азаттыктын" суроолоруна инвесторго сунуш кыла турган бир дагы даяр долбоорду көрсөтпөй, жалпы сөздөр менен жооп берди.

- Ар райондо ар түрдүү өндүрүш ишканалары акырындап ачылып жатат. Алар көп эле. Ал эми ишкерлер келсек, биз аларга кандай өндүрүш бул жерде иштей албай калганы боюнча маалымат берип, башка долбоорлорду сунуш кылабыз. Биз азыр райондордо кооперативдерди түзгөнгө аракет кылып жатабыз. Райондорду кыдырып, дыйкандар менен жолугуп, ар кайсы райондун өзгөчөлүгүнө жараша "силер буга же тигиге басым койгула" деген кеңештерди берип жатабыз.

Учурда кошуна Өзбекстан чек арасын ачып, бир нече өндүрүштүк товарларын Кыргызстанда сатууга уруксат сурап турат. Кыргызстан болсо кошуналарга жооп катары алма менен картошканы гана сунуш кылууга жарады. Бажы биримдиги кыргыз товарларынан сапатты талап кылууда. Ал арада эч кандай соода уюмуна кирбеген Тажикстан кыргыз базарына ар кандай жол менен товарларын киргизип келатат.

Экономика боюнча адис Эркин Абдразаков мындай шартта кыргыз бийлиги ыкчам аракеттенүүгө өтүшү керек деп эсептейт.

Талдоочу Эркин Абдразаков.
Талдоочу Эркин Абдразаков.

- "Бажы биримдигине кантип ыңгайлашабыз? Өзбекстанга эмне сатабыз? Сата албай жаткан нерселерди кантип кайра иштетебиз? Канча лаборатория, канча логистикалык борбор түзөбүз?" дегендей суроолордун үстүнөн иштеш керек. Биз "кырк кадам, тиги-бу" деп 2040-жылды күткөнгө убактыбыз жок. Кыргызстан артта калып баратат. Ырас, биз ЕАЭБдин курамына киргенден кийин алардын тараптарын тезирээк аткарышыбыз керек. Ар ким мүшөгүн жонуна көтөрүп, ар кайсы жакка кетпегидей кылып өкмөт уюштурушу керек. Биздин дыйкандардан: "Эмнени канча көлөмдө өндүрүп бере аласың?" деп сураган киши жок.

Экономикалык өнүгүү боюнча Ош шаарынын мэриясы да өкмөт башчыга отчет берүүгө даярданып жатат. Салыктан чогулган акча менен социалдык маселелерди чечүүгө кызуу киришип алган шаар бийлиги азырынча бир дагы ири экономикалык долбоорду ишке ашыра элек. Маселен, Ош шаары ушул күнгө чейин эркин экономикалык аймак ачууга жер таппай келет.

Ош мэриясынын экономика бөлүмүнүн башчысы Талант Кайымов былтыр төрт жармаңке өткөрүлгөнүн экономиканы өнүктүрүү багытындагы негизги иш-чара катары айтты.

"Ошто тейлөө тармагы жанданып жатат. Мисалы, "Фрунзе" сыяктуу ири дүкөндөр, ресторандан ачылып жатат".

- Ошто тейлөө тармагы жанданып жатат. Мектептер, бала бакчалар курулуп жатат. Ошолордун эсебинен жыл сайын миңдей жумуш орду пайда болууда. Мисалы, "Фрунзе" сыяктуу ири дүкөндөр, ресторандар ачылып жатат. Андан тышкары, чет элдик инвесторлорду тартуу менен Ошто биргелешкен ишканаларды ачууга жардам берүүдөбүз. Мисалы, Ошто "Жиммей" ачылды. Андан тышкары, чет элдик ишкерлер менен жергиликтүү ишкерлерди байланыштырыш үчүн форумдарды өткөрүп жатабыз. Мисалы, былтыр төрт ири форум уюштурулду.

Бул арада Ош шаарынын казынасын байкоого алып келаткан жарандык коом өкүлдөрү шаар бийлигинин өнүгүү пландарынын баары жалпы сөздөр менен толуп калганын сындашууда. "Интербилим" уюмунун жетекчиси Гүлгаакы Мамасалиева Ош шаары экономикалык долбоорлорду өнүктүрүүгө акча бөлбөй жатканын сынга алды.

Гүлгаакы Мамасалиева.
Гүлгаакы Мамасалиева.

- Узак жана кыска мөөнөттүү стратегиялык пландар кабыл алынып эле жатат. 2015-жылы, андан кийин 2017-жылы кабыл алынды. Бирок ал пландарды кабыл алууда шаардын 5-10-20 жылдык муктаждыктары изилденген эмес. Мисалы, "Ош шаары 2010-жылы маданий борбор болот" деп жатышат. Шаарды маданий борбор кылыш үчүн, айталы, 20 долбоор ишке кириши керектир? Ал үчүн ар бир долбоордун аткаруу мөөнөтү так, даана жазылыш керек да. Мисалы, "2018-жылы жер бөлүнүшү керек. 2018-жылы курулуштун долбоору бекитилиши керек, 2020-жылы курулуш башталышы керек, 2021-жылы ишке кириши керек. 22-жылы ал жерди элге көрсөтүш үчүн мындай же тигиндей иш-чаралар уюштурулушу керек" дегендей деталдуу план жок. Мындай баш-аягы жок пландын аткарылышын көзөмөлдөп, сурап алуу мүмкүн эмес.

Буга чейин азыркы президент Сооронбай Жээнбеков өкмөттү башкарып турганда бардык айылдардын жана шаарлардын башкы планы жоктугу экономикалык өнүгүүгө жана инвестор тартууга тоскоол болуп жатканын айтып келген. Анын жыйынтыгы чыга электе "Таза коом", "Кырк кадам" долбоорлору пайда болду.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG