Линктер

шейшемби, 21-август, 2018 Бишкек убактысы 20:37

Ошту жашылдандырууга бөлүнгөн акча азайды


Ош шаары. (Дастан Үмөттегиндин сүрөтү)

Ош шаарын жашылдандырууга бөлүнгөн каражат шаар тургундарынын арасында бүйүр кызыткан маселе бойдон калууда.

Депутаттар Ош шаардык жашылдандыруу ишканасын "чыгымга жараша иш аткарбай жатат" деп эки жылдан бери сындап келишет. Шаардын жашылдандыруу ишканасы болсо кароого алынган объектилердин көбөйгөнүн айтып, жашылдандыруу тармагына былтыркыдай эле сумманы өзгөртпөй бөлүп берүүнү суранды.

Бирок Ош шаардык кеңеши Ош шаардык жашылдандыруу комбинатына бөлүнгөн 84 миллион сомду быйыл 17 миллионго азайтып, 67 миллион сом гана берди.

Буга шаар депутаттарынын жана тургундардын Ош шаардык жашылдандыруу мекемесинин ишине канааттанбаганы себеп болду. Шаардык кеңештин бюджеттик комитетинин төрагасы Акбарали Батыров мындай кыскартуунун жүйөсү бар деп эсептейт.

- Ош шаарынын азыркы аянты 18 миң гектар. Ушунун 12 миң гектары Жапалак айыл башкармалыгы болуп саналат. Калган 6 миң гектар жерде Ош шаарынын ХБК, Он-Адыр, Бир-Адыр деген кичи шаарчалары бар. Жашылдандыруу комбинаты "быйыл 2 млн. түп гүл даярдап койдук" деди. Мен болсо Бишкек шаарынын депутаттарынан сураштырсам, алар жылына 900 миң түп гүл эгилерин расмий билдиришти. Жалал-Абад шаары 200 миң түп гүл эгет экен. Бишкек шаары Оштон кыйла чоң. Ал эми бизде Бишкекке караганда эки эсе көп гүл тигилсе да жогоруда айткан ХБК, Он-Адыр, Бир-Адыр сыяктуу кичи райондорубузга гүл эгилбей жатат. Биз алар берген маалыматка ишенген жокпуз. Анткени кагаз менен турмуштун ортосунда өтө чоң айырма бар.

Ош шаардык жашылдандыруу комбинатынын маалыматын угуп жатып, шаардык кеңештин айрым депутаттары "жыл сайын жүз миңдеген көчөт тигилгени чын болсо, Ош шаары жунгли болуп кетмек" деп шакаба чегишкен. Бирок комбинаттын жетекчиси Айгүл Наватова ар бир бадал көчөттүн чырпыктары да саналганын айтып, "депутаттар аны түшүнбөй жатат" деп нааразы.

Айгүл Наватова
Айгүл Наватова

- Депутаттар бадал көчөттү да дарак деп эсептеп жатышат. Негизи жаңы эгилген көчөттөрдүн тутумдуулугу 60%-70% деп эсептелет. Бирок биз эккен көчөттөрдүн көктөгөнү 90-95% жетип жатат. Шаарыбыз жашарып, кооз боло баштады. Бул бир менин эмес, бизде иштеген 315 жумушчунун эмгеги. Каражаттарды натыйжалуу пайдаланыш үчүн кайтарымсыз жардам да алып жатабыз, гүл уруктарын сатып келип, өзүбүз өстүрдүк.

Ош шаардык жашылдандыруу комбинаты бир жылда 17 миллион сомдук күйүүчү май сарптайт. Бул сумма жашылдандыруу комбинаты күнүнө бир тоннадан күйүүчү май жагат дегенди билдирет. Мынча чыгымды көп деп санаган шаар депутаттары: "Жашылдандыруу ишканасы танк менен жүрөбү?" деп сындашкан. Бирок мекеменин жетекчиси Айгүл Наватова күйүүчү майга чын эле ошончо чыгым кетээрин айтты.

- Акыркы төрт жыл ичинде 10 чоң паркты оңдодук. Андан сырткары бир нече майда-барат аллеяларды оңдоп, карап жатабыз. Мисалы 2013-жылы 13 гана объектини карасак, азыр 55 объектини жашылдандырып жатабыз. Бирок 2013-жылы күйүүчү майга 17 миллион сом коротушчу. Биз азыр карап, оңдоп жаткан объектилер үч-төрт эсе көбөйгөнүнө карабай дагы эле ошол 17 миллион сомдук күйүүчү май алып жатабыз. Андан бери биздин техника да көбөйдү. Мисалы, 2013-жылы 23 техникалык каражат болсо, азыр 29 бирдик бар. Андан сырткары эки күнөсканабыз дизел менен иштейт.

Ошентип, шаардын жашылдандыруу комбинатынын жетекчиси "быйыл азайтылган 17 миллиондун айынан жумушчулар айлыксыз калат же бир нечеси айдалат" деп, депутаттарга маселени кабыргасынан койду.

Ашым Осмонов
Ашым Осмонов

Шаардык кеңештин депутаты Ашим Осмонов кыскартуу жумушчулардын маянасына таасир этпейт деген пикирде:

- Шаардын борборунан башка аймактарга бир да гүл эгилген жок. Шаарда герандан башка да жакшыраак гүлдөрдүн түрү көп байкалбайт. Ошондуктан каражатын азайттык. Бирок ал андагы жумушчулардын эмгек акысына эч кандай таасир этпейт. Негизи эл мэриянын короосунан башка жактарды да көрктөндүрүүнү талап кылып жатат.

Оштогу эколог Абжапар Аккулов да "жашылдандыруу ишканасы дарактарды тигүүдө сабатсыздык кылып жатат" деп сындады.

Абдыжапар Аккулов
Абдыжапар Аккулов

- Парктарга өзүнчө, аллеяларга өзүнчө, ири трассалардын боюна өзүнчө кылып, дарактарды эрежеси, максаты менен эгиш керек эле. Тилекке каршы, Ошто жашылдандыруу иши башаламан жүрүп жатат. Шаарда дарактардын көп түрдүүлүгү да сакталбай калды. Шаардын башынан аягына чейин бир эле даракты отургузуп салышты. Мунун айынан шаардагы жашыл аянттар монотиптүү болуп баратат. Муну жашылдандыруу ишканасы өзү да мойнуна алды.

Адистердин арасында "бүтүндөй бир шаарды бир эле мекеменин мойнуна артып коюу да туура эмес" дегендер бар. Алардын пикиринде, шаардын көркү жалаң эле бийликке эмес, биринчи кезекте ошол шаарда жашаган элге керек. Шаарды гүлдөтүш үчүн ар бир аймактык кеңеш, көчө комитеттери эл аралап, короосуна гүл эгиш керек экенин түшүндүрүшү зарыл.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Ыдырыс Исаков

    «Азаттыктын» Оштогу кабарчысы. 2008-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүн аяктаган. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG