Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:16

Өзүн сыйлаган конушун булгабайт


Нооруз күнү иштеген "Тазалыктын" жумушчулары.
Нооруз күнү иштеген "Тазалыктын" жумушчулары.

Нооруз майрамынан кийин "Тазалык" ишканасы Бишкектеги Ала-Тоо аянтынан 11 тонна таштанды жыйнады.

Аянттагы таштандыны ал жерге майрамдаганы барган карапайым адамдар ыргытып кеткени тууралуу социалдык тармактарда да кызуу талкуу жүрүп жатат. "Арай көз чарай" берүүсү бул жолу жарандардын тазалык маселесине арналды.

Талкууга "Таза шаар" демилгесинин ыктыярчысы, "Кыргызстандын жаш мууну" партиясынын төрагасы Рустам Юсупов, "Тазалык" ишканасынын өкүлү Азамат Эркинбаев жана журналист, активист Авланбек Жумабаев катышты.

"Азаттык": Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтынан дайыма эле түрдүү майрамдардан кийин тонналаган таштанды чыгарылары айтылып жүрөт. Соцтармактардагы пикирлерге караганда, Нооруз күнү аянттын жака белинде таштанды челектер аз болгон...

Бишкек
Бишкек

Азамат Эркинбаев: Ноорузга катуу даярдандык, ага чейин эле аянттын айланасына таштанды челектер коюлду. Ал күнү нөөмөттө 60 киши иштеди. Майрам башталганга чейинки саат таңкы төрттөн тартып, түн бир оокумга чейин иштешти. Улам толгон челектерди балдар ташып барып төгүп, бошотуп жатышты. Ушу күндө элдин маданияты төмөндөп жатат деп ачык айтыш керек. Ошол күнү биздин кылган ишибизге сыйлабастык менен мамиле кылгандар болду

Себеби, "Тазалыкта" деле өзүбүздүн эле ага-ини, эже-карындаштарыбыз сыяктуу эле адамдар иштейт. Алар жаңы эле тазалап кеткен жерге кайра эле таштанды ыргытылып жатканы үчүн аянт, анын тегерек-четиндеги газондор булганып жатты.

Аянтка майрамдаганы келген жарандарыбыз ичип-жегенден калган таштандыны баштыктарга салып, челекке чейин көтөрө барып, ыргытып коюуга эмнеге болбосун? Эмне үчүн отурган жеринде калтырып кетишет деген суроо туулат. ​"Азаттык": Рустам мырза, 31-мартта сиздер "Таза шаар" долбоорунун алкагында ишембилик өткөрүүнү көздөп жатасыздар. Бир эле жолу тазалап-иреттөө шаардын тазарта алабы?

Юсупов: Рахмат! Биздин ишембилик өткөрүү демилгебизди шаардыктар, жаштар колдоп жатышат. Буюрса, шаарыбыздын тазалыгы үчүн ишембилик өткөрүп турууну адат кылуу максатыбыз бар.

Ал эми шаардын тазалыгы боюнча айта турган болсок, Нооруз майрамында ыктыярчыларыбыз менен аянтта жүрдүк. Бирок чындыгында таштанды ыргытуучу челектер жетишсиз болуп жатты.

Адамдар колундагы таштандыны кайда ыргытарын билбей, отурган жерине калтырып кетип жатышты. Ошондуктан "Тазалык" ишканасы майрамга канча адам келерин, болжолдуу түрдө канча тонна таштанды топтолорун алдын ала билишет, алар челектерди көбүрөөк коюшу керек эле. Ошол эле учурда тазалыкты сактоо, шаарыбызды, айлана-чөйрөбүздү таза, иреттүү сактоо маданиятын да жарандарыбыз өнүктүрсө абдан жакшы болмок. Бул учурдун талабы.

"Азаттык": Авланбек мырза, сиз жакында эле айылыңызга 40 көчөт алып барып отургузуп келдиңиз. Бизде жыл сайын жазында жашылдандыруу максатында көп көчөт отургузулат. Бирок, тилекке каршы, көпчүлүгү каралбай, куурап калат...

Жумабаев: Туура айтасыз. Көчөттөр көп эле отургузулат. Бирок аны сугарып, карап, көктөтүү өзүнчө маселе. Ошондуктан аны отургузуп эле тим койбой, анын көгөрүп, өсүп-өнүп кетиши үчүн да кам көрүү зарылчылыгы бар. Мисалы, мен Кара-Балтага кырк арча алып барып, отургузуп келдим. Ошол көчөттөрдүн ар бирин ал аймактагы мектептердин классына бекитип, бөлүп бердим. Кайсы класстын көчөтү жакшы өссө, алар үчүн менден сыйлык болот. Ушундай эле демилгени башка ишканалар, адамдар же уюмдар да колуна алса, шаарыбыз, айланабыз тез эле жашыл болуп калат.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз

Өзүн сыйлаган конушун булгабайт
please wait

No media source currently available

0:00 0:23:43 0:00
Түз линк

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG