Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:52

Тарыхый Өзгөн чылага батып турат


Өзгөн
Өзгөн

Ош облусуна караган тарыхый Өзгөн шаарында көп кабаттуу үйлөр болгону менен канализация жок. Шаарды дайыма саркынды суулардын жана таштандылардын жагымсыз жыты каптап турат.

Жакында эле Өзгөн шаарынын Ноорузбек Абакиров аттуу тургуну өзү жашаган көп кабаттуу үйдүн кире бериши менен кошо короосун жаан жааган сайын суу каптап каларын видеого тартып Интернетке тараткан. Ноорузбек өзү жашаган Өзгөн шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн абалына кейийт:

- Биздин подъездге кире бериште дайыма челектер турат. Булар дежур челектер. Жаан көбүрөөк жааганда подъездге толуп калган сууну сыртка төгөбүз. Бул Өзгөн шаарынын так ортосундагы Манас көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үй. Шаардык мэрия бул жер борбор экенине карабай, эч кандай көңүл бурбайт. Мисалы, ушул үйлөрдүн короосуна суу кетүүчү ноолорду орнотсо болмок. Жол бойлоруна арыктарды курса болмок. Жертөлөбүзгө суу толуп калган. Аны сордурса болмок. Кыскасы шаар бийлиги бизге такыр карабайт. Шаар бүт антисанитарияга чөмүлүп жатат.

Ноорузбектин кошунасы Дарика Жапарканова да көп кабаттуу үйдүн короосун жаан жааган сайын суу каптап калып жатканы көнүмүш болуп каларын ырастады.

- Жаан жааган сайын суу кечебиз. Ичкериге кирип кетсе челектеп ташыйбыз. Ар бир жаанда ушундай. Кечээги жаанда да ошентип сууну челектеп төктүк. Арык казып, сууну үйдөн алыс агызып коюунун айласы көрүнбөйт. Агып эле үйдү каптап топтолот.

Өзгөн шаар башчысынын милдетин акыркы сегиз айдан бери аркалап келе жаткан Рахман Атажанов да тазаланбай калган арыктан улам, калаадагы көп кабат үйлөрдүн короосун суу каптай турганын ырастады.

- Негизи андай болчу эмес. Ошол күнү кудайдан болуп, жаан жааганда чоң жолдун боюндагы өтмөк түтүккө баклажка, желим баштыктар толуп калыптыр. Ошондон улам суу ашып, сөз болуп аткан үйдүн алдын каптаган. Жумушчуларым келип, суунун көзүн тазалап койгондо эле суу ашпай, ноо менен агып кетти.

Өзгөн
Өзгөн

Бирок Ноорузбек өзү жашаган чакан районду аралап, Өзгөн шаарынын борбордук бөлүгүндөгү көйгөйлөрдү көрсөтүп жүрдү. Аны менен кошо жүрүп, шаар борборундагы чылага аралашкан таштандыларды кечип, мурунду жарган жагымсыз жыттан кутулганча шаштык. Көрсө Өзгөн шаарында көп кабаттуу үйлөр болгону менен канализация жок экен. Саркынды суулар топтолуучу кампалар толуп ашып, жагымсыз жыттанган суу шаардан ар тарабына ачык эле агып жатат.

- Биздин шаарда канализация жок. Ошондуктан көп кабаттуу эки-үч үй сайын бирден септик жасалган. Бирок ал септиктеги суу эч качан өз убагында тазаланбайт. Мисалы, мына бул сасып агып жаткан суу дал ушул септиктен ашып чыгып аткан саркынды суу. Ушул саркынды суу башы оогон жакка агып, бир нече мекемелерди, үйлөрдү каптайт. Арыктын жоктугунан жайылып көрүнгөн жакка ага берет. Аны минтип машиналар да, адамдар да кечип жүрө беришет. Шаар мэриясы буга такыр көңүл бурбайт.

Өзгөн
Өзгөн

Канализация маселесинен улам шаардагы көп кабаттуу үйлөрдүн тургундары үчүн жалпы дааратканалар курулган. Бирок ал дааратканалардын тазалыгына эч ким көз салбайт. Ар жерде жайнап жаткан таштындыларга жана саркынды суунун көчөдө агып жатканына шаар мэри шаар тургундарын күнөөлөйт.

- Шаарда суюк жана коюу таштандыларды ташуучу транспорттор бар. Бирок эл таштандыны урнага таштабай, көрүнгөн жерге ыргытып жиберет. Муну менен мен өзүм башкарып жаткан шаар тургундарын жамандагым келбейт. Бирок өзүбүздөн да кетип жатат да. Шаардын тазалык ишканасы бар күч-аракетин жумшап жатат. Иштебей койду дегенден алысмын.

Ал эми канализация боюнча - шаарга канализация курууга керектүү каражат чечилген. Бирок канализацияны курууга керектүү жер шаарда жок. Аны кошуна турган айыл өкмөттөн сурап жатабыз. Бирок ал айыл өкмөт бизге жерди бере элек. Ошондуктан жер маселеси чечилишин күткөнгө туура келип жатат.

Өзгөн шаарында 57 миң адам жашайт, бюджети 80 миллион сомдон ашык. Шаарга негизги кирешени борбордук базар, сыра, ун заводдору жана тамактануучу жайлар берет. Шаарда болгону сегиз гана орто мектеп бар. Шаар ичиндеги негизги жолдордун дээрлик көпчүлүгүнө жаңы асфальт төшөлгөн. Ал эми өкмөт башчы жарыялаган үч айлык тазалык акциясы Өзгөнгө али жете элек өңдөнөт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG