Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:05

Сулайман-Тоонун чечиле элек көйгөйү көп


Сулайман Тоо
Сулайман Тоо

Бир айдан жетекчисиз иштеп жаткан Сулайман-Тоо музей комплексин жакшыртуу үчүн элден сунуштар да түшө баштады.

Буга чейин жамаат ичиндеги келишпестик айынан иштен кеткен жетекчинин ордуна 26 жаштагы ырчы Самара Каримова дайындалган. Бирок ал коомчулук сынына кабылып, бир күндөн кийин кызматтан баш тарткан.

Учурда музейге жетекчи кандай критерийлер боюнча дайындалары табышмак бойдон турат. Конфликтолог Расул Авазбек уулу мындай учурда жетекчи тандоого кылдат мамиле жасоо керек деген ойдо:

Музейдеги чыр министрликке жетти

Музейдеги чыр министрликке жетти

Сулайман-Тоо музейинин кызматкерлери жетекчисинин кызматтан кетишин талап кылып чыгышты.

- Музейдин айланасындагы ызы-чуу туура эмес болуп калды. Буга жооптуу жетекчилер ошону эске алып, бир баскан тырмоочту кайра баспайт деп үмүт кылам. Менин оюмча музей-комплексти жетектей турган адам кеминде эки-үч талапка жооп бергендей болушу керек. Биринчиден, ал музейдин өзгөчөлүгүн, экспонат, экспозиция эмне экенин билген, илимден алыс эмес, тарыхтын, идеологиянын ордун, баасын билген кесипкөй адис болушу керек. Экинчиден, жамаатты жаатташтырбай, бир багытка баштап кете алган жетекчи тандалышы зарыл.

Ал арада Сулайман-Тоо музей комплексинин жетекчисинин орун басарынын милдетин аткаруучу Хайрулло Ибайдуллаев жаңы жетекчи дайындалса, анын алдында чече турган көйгөйлөрдүн узун тизмеси барын жашырган жок.

- Ириде музей комплексинин жер аянтын аныктап, жердин мамлекеттик актысын алышыбыз зарыл. Корук деген макамы болгон менен коруктун аймагы такталбай жатса, жерди кантип коруйбуз? Анан музейдин кадрдык дараметин көтөрүү керек. Айлык аз, буга жакшы кадр келбейт. Бирок кайдан болсо дагы каражат таап, күчтүү адистерди тартышыбыз керек. Үчүнчүдөн, тоонун инфраструктурасын жакшыртуу маселеси турат. Мисалы, тоодо дааратканалар жетишпейт. Келген эл дагы ушуга нааразы. Көргөзмө залдын чатырынан тамчы өтөт. Аны ремонттоп, залды заманбап абалга алып келүү керек. Экспонаттарды сактоо шарттарын жакшыртуу абзел. Кампадагы нымдуулукту, желдетүүнү, температураны талаптагыдай абалга алып келүү маселеси турат. Мамлекеттик каржылоо аз. Ошондуктан Сулайман-Тоонун кирешесин көбөйтүү керек. Буга бардык шарттар бар.

Ал арада Сулайман-Тоону өнүктүрүү боюнча коомчулуктан да сунуштар түшүп жатат.

Айталы, Сулайман-Тоо боюнча коомдук комиссиянын мүчөсү Нурлан Адаев музейдин короосунан сүрдүрүлгөн "Айдар-Ата" кафесинин ордуна туристтер үчүн чыгыш базарын курууну сунуштады.

- Сулайман-Тоонун аймагындагы "Айдар-Ата" кафесинин орду азыр автоунаа токтотуучу жай болуп калды. Таштандылар жатат. Мен ал жерге териден, чоподон, жыгач же темирден жасалган буюмдарды сата турган этно базар ачууну сунуштайт элем. Бул шаарга көрк бермек, туристтер да утмак. Туура, юридикалык маселелер бар, бирок аларды чечсе болот.

Музей кызматкерлеринин айтымында, экспозиция залы акыркы 20 жылдан бери жаңылана элек. Чатырдан суу тамат, капиталдык ремонтко муктаж. Коопсуздук чараларынын жетишсиздигинен улам, эң баалуу делген экспонаттар көргөзмөгө коюлбай келет.

Соңку жети жылдан бери музей бир дагы илимий экспедицияга чыккан эмес, жаңы экспонат сатып алган эмес. Жарым миллиондой калкы бар Ош шаарынын чок ортосунда орношкон музей комплекстин бир жылда өзү иштеп тапкан кирешеси 5 миллион сомго жетпейт.

Сулайман-Тоо музей комплекси ЮНЕСКОнун заттык баалуулуктар тизмесине катталган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG