Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:42

Исаков ишкерлерди "Таза жашоо" өнөктүгүнө салым кошууга чакырды


Өкмөт башчы Сапар Исаков "Таза жашоо" деп аталган улуттук өнөктүк боюнча элге кайрылуу жасады. Өкмөттүн маалымат кызматы 2-мартта тараткан видеокайрылууда премьер-министр алдыдагы айларда кыргызстандыктар көрктөндүрүү, таштанды тазалоо иштери менен алектенерин айтты.

- Мен бүгүн жарыялап жаткан улуттук "Таза жашоо" өнөктүгү буга чейинки ишембиликтерден айырмаланат. Саамалыкка ар ким өз ыктыяры менен катышат. Өлкөбүздүн экологиясына кайдыгер карабаган, жаңы экологиялык маданий жараянга кошулууну каалаган, жаш муундарга үлгү көрсөткүсү келген жарандарды, уюмдарды чакырабыз. Жалпы бизнес коомчулугунан экологиялык жоопкерчиликке тарбиялаган социалдык долбоорлорду күтөбүз,- дейт Исаков.

Өнөктүк комплекстүү иш-аракет экенин белгилеген премьер-министр жаратылышка аяр мамиле кылуу жаатындагы саамалыкка кошулууга коомчулукту чакырды.

"Таза жашоо" айлана-чөйрөнү көрктөндүрүп, жаратылышты коргоп, таштандыдан арылтууга багытталган республикалык өнөктүк. (SE)

XS
SM
MD
LG