Линктер

шейшемби, 22-май, 2018 Бишкек убактысы 18:01

Парламентте жаңыдан мандат алган депутат Сагындык Келдибаевдин жарандыгы боюнча коомчулукта күмөн ойлор жаралды. Келдибаев мандат алууда жарандыгы маселе жаралган биринчи депутат эмес.

Анын мандат алышы талаш-талкуулар менен коштолду. Ушундан улам Борбордук шайлоо комиссиясы өзү жөнүндө жалган маалымат берген талапкерлерди кылмыш жоопкерчилигине тартуу жөнүндө сунуш даярдап жатат. Мыйзам чыгаруу органына мыйзам бузуп келгендерди кантип чектеш керек?

Сагындык Келдибаев социалдык багыт үчүн жооптуу вице-премьер-министрдин кызматына киришкен Алтынай Өмүрбекованын ордуна "Республика - Ата Журт" фракциясына депутат болуп барды. Социалдык тармактардагы анын орус жараны экендиги жөнүндө кабарлардан улам, Борбордук шайлоо комиссиясы бул маселени кароого мажбур болду. БШКнын мүчөсү Гүлнара Журабаева Аида Салянованын ордуна келмекчи болгон Клара Кабиловага мандат берүү да ушундай эле маселеге байланыштуу создугуп жатканын белгилеп, Келдибаевдин иши кандайча тез арада чечилип жатканына кызыкты.

Гүлнара Журабаева.
Гүлнара Журабаева.

- Азыркы талапкер боюнча “ал жарандыктан чыккан” деп Орусия элчилиги расмий кагаз бериптир. Ал эми Клара Кабилова боюнча Орусия элчилиги "жарандык сураган эмес" деген жооп бериптир. Экөө бирдей эле, ага таянып Клара Кабиловага мандат тапшыра берсек болмок. Бирок кесиптештерим макул болбой жатышат.

Антсе да Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Келдибаевге мандат берүүдө мыйзам бузуу жок экенин белгилеп, ал эми Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Клара Кабилованын кош жарандыгы бар-жогу иликтенип бүтө элек экенин билдирди.

Ошентип БШК мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен Сагындык Келдибаевге мандат берилди. Мандатка ээ болгон эл өкүлү Келдибаев "кош жарандыгы бар" деген маалыматтар чындыкка коошпой тургандыгын айтып, муну душмандарынын чагымы катары баалап жатат.​

Сүрөттө Сагындык Келдибаев жана анын орус жарандыгы жоктугун тастыктаган документ.
Сүрөттө Сагындык Келдибаев жана анын орус жарандыгы жоктугун тастыктаган документ.

- Бардык мигранттардын катарында эле 2006-жылы орус жарандыгын алганым чын. Андан кийин мен шайлоого даярданып жаткан учурда мыйзамдарды окуп, таанышкам. Башка өлкөнүн жарандары депутат боло албасын билем. Ошондуктан орус жарандыгынан 2014-жылы баш тартканым жөнүндө Орусия элчилигинен документти алып келип тапшырып бергем.

Анткен менен социалдык тармактарда талапкер көрсөткөн Орусия элчилигинин тастыктамасынын чын-төгүнү боюнча талкуу токтой элек.

Сагындык Келдибаев мандат алууда экинчи жарандыгы тууралуу сөз болгон алгачкы депутат эмес. Буга чейин жогорку кызматтардагы аткаминерлер да кош жарандыгы боюнча сынга кабылып, ал тургай депутаттык ордунан кол жууган эл өкүлдөрү болгон.

Быйыл жыл башында Казакстанда аткезчиликке байланыштуу шектүү катары кармалган Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулун бул өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги "казак жараны" деп маалымдаган.

Парламентке жарандыгы шек жараткан адамдардын шайланып келишине бөгөт коюу максатында БШК депутат болуш үчүн тапшырган документтеринде жалган же жасалма маалыматтар аныкталган талапкерлерди жазага тартуу жөнүндө сунуш даярдап жатат.

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова шайлоо мыйзамдарына кирүүчү бул ченем иштелип жатканын билдирди.

Нуржан Шайлдабекова.
Нуржан Шайлдабекова.

- Депутаттыкка талапкерлер БШКга документ тапшырып жаткан учурда бир нече кошумча ченемдерди киргизебиз. Экинчиден, документтери жасалма же жалган маалымат менен жазылган болсо, жоопкерчиликке тартуу каралып жатат.

Кыргызстанда аткаминердин кош жарандыгы билинип калган учурда мандатынан ажырап же кызматынан алынганы болбосо, эч кандай деле жоопкерчиликке тартылбайт. Ал эми шайлоо мыйзамдарына ылайык, талапкер болуш үчүн Кыргызстандын жараны экенин көрсөткөн паспорт жана соттолбогону тууралуу негизги документтер жетиштүү.

БШКнын мурунку төрагасы Акылбек Сариев өзү жөнүндө жалган маалымат берген талапкерди жазага тартыш үчүн азыркы мыйзамдар деле жетиштүү деп эсептейт. Анын айтымында, азыркы мыйзамдар иштебегендиктен бүгүнкү көрүнүштөр орун алып жатат.

Акылбек Сариев.
Акылбек Сариев.

- Жасалма кагаздарды мамлекеттик органга тапшырган учурда жоопко тартуу боюнча тиешелүү мыйзам ченемдери бар. Эгерде анын документ жасаганы аныкталса, азыр деле жоопко тартса болот. Башка маселе - азыр мунун эч кимге кереги жок. Мыйзамдарда бар нерсени шайлоо ченемдерине киргизе бергендин өзү туура эмес. Анан да шайланып келген депутаттын өзүнүн моралдык жагы болушу керек. Өзү мыйзам чыгаруу органына мыйзам бузуу менен келгени болбойт.

Кыргызстанда саясатчылардын кош жарандыгын текшерүү мүмкүн эмес. Болгону атайын кызматтар кайсы бир аткаминер жөнүндө конкреттүү арыз түшкөн маалда гана текшере алышат. Өлкөдө бизнес, спорт чөйрөсүнөн келгендердин арасында кош жарандыгын жашырган саясатчылар көп экени айтылат. Алар Орусияда, Казакстанда ишкерлик кылыш үчүн кыргыз паспортун тапшырбай туруп барган жеринин жарандыгын алышкан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG