Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:24

Ош мэриясы: Сарыбашовдун орус жарандыгы жок


Таалайбек Сарыбашов.
Таалайбек Сарыбашов.

Ош шаардык башкармалыгынын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров "мэр Таалайбек Сарыбашовдун орус жарандыгы бар" деген маалыматтарды четке какты. "Азаттыкка" берген комментарийинде ал Сарыбашов мурда Орусияда иштеп келгенин ырастады, бирок орус жарандыгын албаганын айтты:

- Мэрдин өзүнүн айтымына караганда, Орусиянын жарандыгын алган эмес. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын гана жараны. Бирок мэрдин 2002-жылдарда Орусиянын Новосибирск шаарында мигрант катары иштегени чын.

Сарыбашовдун орус жарандыгы тууралуу маалымат буга чейин Интернетте тараган. Парламенттин бүгүн, 22-ноябрдагы сессиясында КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина да анын кош жарандыгын текшерип чыгууну сунуш кылган.

Таалайбек Сарыбашов быйыл 18-июлда Ош шаарынын мэрлигине жалгыз талапкер болуп көрсөтүлүп, шайланган. 2015-жылдын декабрынан 2018-жылга чейин өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарымдуу өкүлү болуп иштеген. (NT)

XS
SM
MD
LG