Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:35

Коргонбай уулу: Орус жарандыгын алган эмесмин


Бишкек шаардык кеңешине "Республика - Ата Журт" партиясынан депутат болуп шайланып, бирок мандатынан ажыраган Жусупбек Коргонбай уулу мурда Орусиянын жарандыгын албаганын “Азаттыкка” билдирди. Ал Аймактык шайлоо комиссиясынын чечимин жокко чыгаруу жана мандатты калыбына келтирүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылганын кошумчалады:

- Мен өз укугумду коргоп сотко берем, адвокат азыр даярданып жатат. Мен Кыргызстандын жарандыгынан эч качан чыккан эмесмин. Ал эми Орусиянын жарандыгын алыш үчүн адегенде Кыргызстандын жарандыгынан чыгыш керек.

Аймактык шайлоо комиссиясы Жусупбек Коргонбай уулу мурда Орусиянын жарандыгын алганы аныкталганын билдирип, 19-декабрда мандатынан ажыраткан.

Комиссиянын төрагасы Кайрат Маматов анын жарандыгын тактоо тууралуу быйыл жайында Орусиянын Юстиция министрлигине кат жөнөтүлгөнүн, ал жактан келген жоопто Коргонбай уулу 2007-жылы орус жарандыгын алганы, ал азыркы күнгө чейин күчүндө экени белгиленген.

Кыргызстанда чет мамлекеттин жарандыгын алган аткаминерлер маселеси буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттарына жана башка жетекчилерге байланыштуу да көтөрүлгөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG