Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:35

Тогуз жылда Кытайдан келген 352 адам кыргыз жарандыгын алган


Алтынай Өмүрбекова.
Алтынай Өмүрбекова.

Бул маалыматты 17-январда вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Жогорку Кеңештин депутаттарына билдирди. Анын айтымында, 2017-18-жылдары Кыргызстандын жарандыгын 7 миң 413 чет элдик киши алган. Ал эми 2010-жылдан берки убакта Кыргызстандын жарандыгын алган 352 кытайлыктардын 171и кыргыз, 72си уйгур, тогузу өзбек жана алтоо кытай улутундагылар болгон.

Алтынай Өмүрбекованын маалыматы боюнча, 2010-жылдан бери чет өлкөлүк жарандар менен никеге турган кыргызстандыктардын саны 17 миң 669 болсо, анын ичинен 60 адам кытай жарандары менен баш кошкон.

Депутат Дастан Бекешев акыркы убакта кытайлыктарга каршы маанай күч алып, социалдык тармактарда "бул улуттагы адамдарга турмушка чыккан кыздардын саны 60 миңге жетти" деген жалган маалыматтар тараганын белгиледи. Дастан Бекешев мындай маалыматтардын таасирин азайтыш үчүн өкмөттө күчтүү маалыматтык бөлүм ачылышы керек экенин билдирди.

17-январда Бишкекте Кытайдан келген мигранттарга каршы митинг өттү. Бир канча талаптарды койгон митингчилерди милиция кууп таратты. (ZKo)

XS
SM
MD
LG