Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:49

ЖЭБ: сот өкүмү чыккан биринчи иш


Бишкек ЖЭБи.
Бишкек ЖЭБи.

Ошентип Бишкек жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) айланасындагы кылмыш иштеринин бири боюнча соттун алгачкы чечими чыкты.

Анда “Электр станциялары” ишканасынын эки аткаминери жана менчик фирманын эки өкүлү алты-жети жылга кесилди. Бирок бул иштер ЖЭБди модернизациялоого жана андагы аварияга түз тиешеси жок.

Иштин төркүнү

Түшүнүктүү болушу үчүн алгач Бишкек ЖЭБинин айланасындагы козголгон кылмыш иштерин кыскача жиликтеп алалы. Белгилүү болгондой, бир жыл мурдагы өндүрүштүк кырсыктан кийин эле дароо кылмыш иши козголгон. Бул кийин экиге бөлүнүп, биринде өндүрүштүк кырсыктын келип чыгышы, экинчисинде модернизациялоо процесси иликтенип келди.

Ал эми биз кеп кылчу бул үчүнчү кылмыш иши аларга оро-пара козголгон. Анын алкагында жылуулук борборундагы от казандарды оңдоодогу жана ага өткөн тендердеги мыйзамсыздык аныкталган.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту буга “Электр станциялары” ишканасынын директорунун мурдагы биринчи орун басары Бердибек Боркоев менен ишкананын мурдагы техникалык директору Алмаз Жусупбековду жана “Аймар Энержи” фирмасынын жетекчиси Темирбек Ниязов менен кызматкери Канат Деркенбаевди күнөөлүү деп тапты.

22-январда кабыл алган соттун чечимин Жогорку соттун басма сөз катчысы Сюита Соурбаева окуп берди:

- Сот айыпталуучуларды Кылмыш-жаза кодексинин 233-беренесинин 2-бөлүмү («Коммерциялык же башка уюмда ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу), 205-беренесинин 3-бөлүмү («Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу») жана 78-беренеси («Кылмыштардын жыйындысы боюнча бир жаза дайындоо») боюнча күнөөлүү деп тапты. Аларга берилген жазаларды бириктирүү жолу менен акыркы жаза мөөнөттөрү белгиленди. Бердибек Боркоев 7,5 жылга, Темирбек Ниязов менен Алмазбек Жусупбеков жети жылга, Канат Деркенбаев алты жылга эркинен ажыратылды. Өкүмдөн кийин Канат Деркенбаевдин бөгөт чарасы өзгөртүлүп, сот залынан камакка алынды. Ал эми башка айыптоочулар буга чейин эле камакка алынган. Мындан сырткары «Электр станциялары» ишканасынын доо арызы канааттандырылып, соттолгондордон мекеменин пайдасына 6 683 028,75 сом өндүрүү тууралуу чечим кабыл алынды.

ЖЭБдеги тендер боюнча сот өкүмү чыкты
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:45 0:00

Иштин төркүнүнө токтолсок, “Электр станциялары” ишканасы 2017-жылы март айында өзүнө караштуу Бишкек ЖЭБинин үч от казанын (котлоагрегат) оңдош үчүн 30,2 млн. сомго тендер жарыялаган. Аны 20 млн. сом сунуш кылган орусиялык “СибЭнергоРемонт” компаниясы утуп алат.

Бирок орус компаниясы ушул эле тендерде утулуп калган кыргызстандык “Аймар Энержи” фирмасы менен келишим түзүп, аны кошумча жалдануучу (субподрядчик) катары ишке салат. Оңдоо иштери бүткөндөн кийин эки компания акысын толук алган. Көбүрөөк каражат, тагыраагы 15 миллиондой сумма жергиликтүү компанияга берилген.

Деген менен кийинки резонанстуу иштерди иликтөө учурунда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) бул от казандарды оңдоо иштерин ЖЭБдин өз кызматкерлери жүргүзгөнүн аныктаган. Ошондой эле фирмаларга каражат да мерчемделгенден ашыкча төлөнүп берилгени белгилүү болгон. Буга байланыштуу УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы кылмыш ишин козгоп, иликтөө иштерин баштаган.

Соттолуучулар болсо айыптоо жана соттун чечимдери менен макул эмес. “Аймар Энержи” фирмасынын жетекчиси, камакка алынган Темирбек Ниязовдун адвокаты Александр Хегайды угуп көрөлү:

- “Аймар Энержи” от казандарды талаптагыдай эле оңдоп чыккан жана алар бүгүнкү күндө деле кадимкидей иштеп жатат. Оңдоо иштеринде ЖЭБдин ширеткичтери (сварщик) кошумча жалдануучу катары тартылганы чын, бирок аларга акча төлөнүп берилген. Анткени убакыт тартыш болгондуктан ишти эртерээк бүткөрүү жөнүндө талап коюлган. Кезинде от казандардын ремонту жактырылып, “кабыл алуу/өткөрүп алуу” актысынын негизинде өткөрүп алышкан. Азыр болсо "сметада каражат кымбат көрсөтүлгөн, акча мыйзамсыз иштетилген" деп айып тагып жатышат. Бирок сметалык документацияны фирма түзбөйт да, аны Бишкек ЖЭБинин атайын бөлүмү түзгөн. Ага карабай Темирбек Ниязовду күнөөлүү деп таап коюшту. Ошондуктан менин кардарым бул иште эч кандай күнөөсү жок. Иштин материалдарынын негизинде да анын күнөөсү далилденген жок.

Кеп болуп жаткан от казандарды оңдоо учурунда Бишкек ЖЭБин жетектеп турган Нурлан Өмүркул уулу болсо тендердеги мыйзамсыздыктан кабары болбогонун билдирди:

Нурлан Өмүркул уулу.
Нурлан Өмүркул уулу.

- Тендерди Бишкек ЖЭБи баш ийген “Электр станциялары” ачык акционердик коому өткөрөт. Алар өткөрүп, жумушту жасап бере турган же оңдоп бере турган фирманы таап берет. Анан биз ал фирма менен келишим түзүп беребиз, фирма ишин өзү кылат. Жумушу бүткөндөн кийин жасаган ишин бекитип бергенбиз. Бул жерде ошо "тендер өтүп жаткан кезде мыйзам бузуу болгон" деп жатышат, ага “Электр станциялары” ишканасы жооп бериши керек. Мен ал жакта тендер кандай өткөнүн, эмне болгонун билбейт экенмин. Ишти билбегендиктен айыпталып жаткан адамдардын бул иш боюнча күнөөсү барбы же жокпу, айта албайм.

"Азаттык" соңку кылмыш ишинде айтылып жаткан фактылар боюнча комментарий алыш үчүн “Электр станциялары” ишканасына кайрылганда, мекеменин басма сөз катчысы Тагжана Айдаралиева соттук отурумдар бүткөнгө чейин маалымат бере албасын айтты.

От казандар жана калган эки иштин баяны

Кантсе да соңку соттук иш боюнча кабар тараткан жалпыга маалымдоо каражаттары бул ишти ЖЭБдеги кырсыкка жана модернизациялоодогу коррупциялык иштерге байланыштыргандай маанайда беришти.

Айрым мамлекеттик телеканалдар ал тургай бул ишти негизги күнөөкөрлөр кармалгандай мүнөздөштү.

Бишкек ЖЭБи.
Бишкек ЖЭБи.

Бирок “СибЭнергоРемонт” менен “Аймар энержи” компанияларынын өкүлдөрү 2018-жылдын январь айында кырсык болгон учурда да алар оңдогон от казандар иштен чыкпаганын билдирүүдө.

“Аймар Энержи” ишканасынын атын атагысы келбеген кызматкери буларга токтолду:

- Соттук отурумга келген 35 киши биздин фирманын күнөөсү жок экенин айтты. Бири да биздин жетекчиге жана кызматкерге каршы көрсөтмө берген жок. Ошого карабай сот аларды камап салды. Алардын эч кандай күнөөсү жок. Муну сот чечпей эле жогорку жак, бийлик чечкени көрүнүп калды. Мындан да бизди аварияга байланыштырып, "кырсыкка ушулар күнөөлүү" дегендей кылып салышты. Телеканалдар да ЖЭБдеги кырсыкка жалаң эле “Аймар энержи” айыптуу болгондой беришти. Булар элдин көзүн жазгырып, “мына, аварияга күнөөлүүлөр соттолду” дегиси келип жатат. Мындай аракет көбүнчө чоңдорго пайдалуу болуп жатат окшойт, балким чыныгы күнөөлүү адамдарды бошотуп, майдаларды камап салгысы келип жатабы, билбейм. Болбосо биз Бишкек ЖЭБиндеги №14, №18 жана №22 от казандарды оңдогонбуз. Былтыркы аварияда алар бузулган эмес, аварияга эч тиешеси жок.

Маалыматтарга караганда, мурда Бишкек ЖЭБинде 24 от казан болгон. Кийин анын сегизи иштен чыгып, 16сы эле калган. Модернизациялоо долбоорунун алкагында ТВЕА компаниясы дагы эки от казан куруп берген. Ошентип учурда 18 от казан иштеп жатат.

“Электр станциялары” ишканасынын сайтында от казандар кубаты жана маркасы боюнча гана көрсөтүлгөн. Анда СССР кезинде курулуп калган 16 от казандын маркалары БКЗ-220-100, БКЗ-160-100, Е - 220-9,8 деп аталса, кытайлык компания куруп берген от казандардын маркасы HG-710/13.8 деп берилген.

Бишкек ЖЭБиндеги от казандардын тизмеси.
Бишкек ЖЭБиндеги от казандардын тизмеси.

Адистер алардын аталыштарын баштагы “24” саны боюнча берилген номерлерине карап айтышкандыктан, авария учурунда кайсы от казандар иштебей калганын тактоо бизге мүмкүн болбоду. Бирок былтыркы кырсык учурунда кеминде беш-алты от казан иштебей калганы белгилүү.

Тергөөнүн баштапкы жыйынтыгында буга от казандары жайгашкан цехтин жылууланбаганы, катуу сууктан тоңгон жабдууну жылытуу үчүн химиялык сууну колдонуу жана анын натыйжасында туздан арылтылган суунун жетишсиздиги себеп болгону көрсөтүлгөн.

Бул жөнүндө көрсөтмөлөр ушул күндөрү уланып жаткан Бишкек ЖЭБиндеги өндүрүштүк кырсыкка жана модернизациялоого байланыштуу эки кылмыш иши боюнча соттук отурумдарда айтылууда. Бирок алардын жыйынтыгы качан чыгаары белгисиз.

Талдоочу Табылды Акеров ушул иштер боюнча айыптуулар соттолгондо гана коомчулук ынанат деп эсептейт.

- ЖЭБ коомчулуктагы эң негизги маселелерден болуп калды, - деди ал. - Себеби жаңы бийликтин коррупция каршы күрөшү да ушул ЖЭБге байланыштуу башталган. Ошону үчүн бийлик бул ишти сөзсүз аягына чейин чыгарышы керек. Тергөө иштери, соттун чечимдери жана эң негизги деген күнөөлүү адамдар жазасын алабы, албайбы - ушунун баары бийлик канчалык деңгээлде элдин кызыкчылыгын коргой алганын көргөзөт. Азыр соттор да камалып жатканын эске алып, алар эми чечимдерин да ойлонуп чыгарат жана ЖЭБге байланыштуу иштерде кайсы бир тараптардын кызыкчылыгы үчүн иштебейт деп ойлойм.

Биринчи, өндүрүштүк кырсыкка байланыштуу сотто "Улуттук энергохолдингдин" мурдагы башчысы Айбек Калиев, "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун жетекчисинин мурдагы орун басары Бердибек Боркоев, “Электр станциялары” ишканасынын мурдагы директору Узак Кыдырбаев, ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун аткаруучу директору Темирлан Бримкулов, "Улуттук энергохолдингдин" биринчи орун басары Нурлан Садыков, Бишкек ЖЭБнин мурдагы директору Нурлан Өмүркул уулу менен жылуулук борбордун мурдагы башкы инженери Нургазы Курманбеков шектүү катары өтүп жатышат.

Экинчи, модернизациялоого байланыштуу иште экс-премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков, экс-депутат Осмонбек Артыкбаев жана башкалар айыпталууда. Аты аталгандардын көбү камакта олтурушат.

“Аймар Энержинин” иши боюнча өкмөт аппаратынын мурдагы жетекчиси Нурханбек Момуналиевдин да аты аталып, ал суракка чакырылганы белгилүү.

2018-жылдын 26-январында Бишкек ЖЭБиндеги суу бөлүштүрүүчү жабдуу иштен чыгып, -20 градустан ашкан катуу суукта абоненттер беш күн бою жылуулуксуз калган. Бул кырдаал андан жарым жыл мурда модернизацияланган жылуулук борборуна карата сынды күчөтүп, Кытай берген 386 миллион доллардын сарпталышы боюнча элдин нааразылыгын жараткан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG