Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:36

Сатыбалдиев менен Артыкбаевге айыбы угузулду


Бишкек Жылуулук электр борбору.
Бишкек Жылуулук электр борбору.

Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) авариядан кийин камакка алынган мурдагы жетекчилер Осмонбек Артыкбаев менен Жантөрө Сатыбалдиевге козголгон кылмыш иштери боюнча тергөө аяктады.

УКМК адвокаттар материал менен таанышып чыккандан кийин иш сотко өткөрүлө турганын билдирди. Эки аткаминер тең ЖЭБди модернизациялоодо «коррупцияга аралашкан» деп айыпталууда. Кыргызстандагы эң чоң стратегиялык объектилердин бирин модернизациялоого жумшалган кытай насыясынын бир тобу өөнөлгөнү тууралуу маалыматтар туура бир жыл мурун катуу сууктагы авариядан кийин ачыкка чыккан.

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты, мурдагы энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев менен экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевге Кылмыш-жаза кодексинин 303 («Коррупция») беренесинин негизинде айыптары угузулду. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) атайын өкүлү Рахат Сулайманов билдиргендей, мурдагы эки аткаминерге Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу жемкордукка байланыштуу кине коюлду.

Рахат Сулайманов.
Рахат Сулайманов.

- Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча буга чейин козголгон кылмыш ишин тергөө аяктады. Учурда кылмыш ишинин материалдары айыпталуучуларга жана алардын жактоочуларына таанышуу үчүн берилди. Учурда тергөө жыйынтыкталды, - деди ал.

Буга чейин тергөөчүлөр тергөөнүн мөөнөтүн узартууну өтүнүп, сот аны 13-февралга чейин узарткан. Эми тергөө органдары ушул убакытка чейин айыпталып жаткандардын жактоочуларын иштин материалдары менен тааныштырып чыгууга тийиш. Бирок Осмонбек Артыкбаевдин адвокаты Айжан Орозакунованын айтымында, материалдар толук бериле элек.

- ЖЭБ боюнча козголгон кылмыш ишинде Осмонбек Артыкбаев жалгыз айыпталып жаткан жок, - деди адвокат. - Ал жерде бүт баары бар. Сапар Исаков, Айбек Калиев, Жантөрө Сатыбалдиев, Жолдошбек Назаров, Салайдин Авазов жана башкалар. Булардын баарынын иши бир. Сотко өткөрүп берүү мөөнөтү да бирдей болушу керек. Булар азыр материалдарды толук бергенге жетишкен жок. Бизге жарымынан көбүн беришти. Калганын бере элек. Бүт баарынын жактоочулары иштин материалдары менен таанышып чыккандан кийин жаңыдан күчүнө кирген Кылмыш-жаза кодекси боюнча тергөөчүлөр айыптоо актысын чыгарышы керек. Андан кийин аны менен бизди тааныштырышат. Ошондон кийин гана иш прокуратурага, андан ары сотко өтөт. Артыкбаевге өзүнчө кылмыш иши козголгон эмес да. ЖЭБдеги коррупция боюнча жалпы кылмыш иши козголгон.

Негизи, Бишкек ЖЭБиндеги авариядан кийин ишкананы модернизациялоодо жемкордук болгону ачыкка чыгып, жалпысынан төрт кылмыш иши козголгон. Алар ЖЭБдеги авария, модернизация иштериндеги коррупция, тендердеги мыйзам бузуу менен байланыштуу. Азырынча авария боюнча кылмыш иши сотко өтүп, аны баш калаанын Биринчи май райондук соту былтыр 12-октябрдан бери карай баштаган. ЖЭБ боюнча козголгон кылмыш иштеринин негизинде мурдагы премьер-министрлер, министрлер, энергетика тармагындагы ишканалардын ошол кездеги жетекчилери болуп баарын кошкондо ондон ашык киши УКМКнын тергөө абагында кармалууда.

Булардын ичинен Осмонбек Артыкбаев Бишкектеги №4 ооруканада. Адвокат Айжан Орозакунова жакында эле анын омурткасына операция жасалып, учурда дарыланып жатканын маалымдады. Ал эми Жантөрө Сатыбалдиевди дарылаш үчүн бейтапканага чыгаруу тууралуу адвокаттардын өтүнүчү канааттандырылган эмес. ЖЭБдеги авария менен модернизациянын чоо-жайын иликтеген депутаттык комиссиянын мүчөсү, парламенттеги «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын өкүлү Исхак Масалиев Сатыбалдиев менен Бишкектин мурунку мэри Кубанычбек Кулматовду үй камагына чыгарууну суранып Башкы прокуратурага кат жиберген. Ага азырынча жооп ала элек экенин айткан депутат ишкананы модернизациялоого Сатыбалдиевдин тиешеси жок деп эсептейт.

Исхак Масалиев.
Исхак Масалиев.

- Депутаттык комиссия ЖЭБ боюнча жалпы жыйынтык чыгарган, - деп түшүндүрдү ал. – «Биздин көз караш боюнча модернизациялоодо кандайдыр бир туура эмес, түшүнүксүз жагдайлар байкалып жатат» дегенбиз. Анын эмнеси туура эмес экенин жана эмнеси мыйзамга дал келбей турганын тергөө иликтеп чыгып, баа бериши керек. Ошондуктан мен «бул ак, бул кара» деп айта албайм. Ал эми Сатыбалдиевге келсек, мен комиссиянын мүчөсү катары айта алам - менин жеке пикирим боюнча Сатыбалдиев ЖЭБдин модернизациялоо жараянына, курулушка аралашкан эмес. Ал мезгилде кызматтан бошоп кеткен. Ооба, долбоорго макулдук берген. Бирок долбоор боюнча биздин сын-пикирибиз жок да. Ошондуктан, тергөө боло берсин, сотко өтө берсин, бирок анын жашы 60тан ашканын, оорукчан экенин эске алып, үй камагына чыгарууну эле сурангам. Кулматов деле мэр болуп турганда Калыс-Ордо конушундагы мектепти салуу тууралуу долбоорду бекиткен, бирок курулушка тиешеси болгон эмес. Ошол себептүү «аларды үй камагына чыгарып, тергөөнү уланта беришсин, сотту өткөрө беришсин» деген өңүттө кайрылгам.

Анткен менен эксперт Расул Умбеталиев ЖЭБ боюнча камакка алынгандардын баары айыптуу деген ойдо. Ал тергөө иштери создугуп жатканын айтып, иш ушундай чабал жүрсө жаңыдан күчүнө кирген кодекстердин негизинде мурдагы аткаминерлер жазадан кутулуп кетиши мүмкүн деп кооптонуп турган чагы. Эксперт ишканадагы алешемдиктерге байланыштуу айыпталгандардын ишин сотко өткөрүп, бирок аларды камабай эле акча өндүрүү аркылуу жок болуп кеткен каражаттын ордун толтурууну сунуш кылып жатат.

Расул Умбеталиев.
Расул Умбеталиев.

- УКМКда камакта отурган бардык тараптардын ЖЭБдеги абал боюнча күнөөлөрү бар, - деди адис. - Алардын катарында Жантөрө Сатыбалдиев менен Осмонбек Артыкбаевдин да түздөн-түз тиешеси бар. Анткени ЖЭБди модернизациялоо дегенди ушул экөө баштаган. Эми булардын күнөөлөрүн, мамлекетке канча суммада зыян келтиргенин аныктап чыгып, сот айыптарын моюнга коюш керек. Бүгүнкү күндө тергөө органдары жакшы иштебей, ишти улам создуктуруп жатышат. Тергөөчүлөрдө тажрыйба аз болуп, иш билгилик жетпей атат. Менимче, булардын ишин сотко эртерээк өткөрүш керек. Анткени сот жараяндары бир-эки жылга созулуп кетип, «иштин мөөнөтү өтүп кетти» деген негизде чыгып кетиши мүмкүн. Буларды камап деле кереги жок. Камактагылардын көбү миллиондогон акчасы бар байлар. Жегендерин төлөтүп, 5-10 жыл мамлекеттик кызматка жолотпогудай чечим кабыл алынса жакшы. Антпесе булар абактан чыгат. Мурдагы эле көрүнүш кайталанат.

Осмонбек Артыкбаев «2013-жылы энергетика жана өнөр жай министри болуп турганда Кытайдын ТВЕА компаниясы менен Бишкек ЖЭБин 386 миллион долларга модернизациялоо тууралуу Кыргызстанга ыңгайсыз шарттагы келишим түзгөн» деп айыпталууда. Жантөрө Сатыбалдиев да 2013-жылы өкмөттү жетектеген кезде ушул макулдашууга кол койгону үчүн күнөөлөнүп жатат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG