Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Март, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 19:29

ЖЭБ: күбөлөрдүн сырдуу көрсөтмөсү


Бишкек ЖЭБи

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда ЖЭБдеги кырсыктын себептерин жана кесепеттерин аныктоо боюнча соттук териштирүү уланып жатат.

Бул жолу Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) кырсыкка алып келген көрүнүштөр боюнча күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү угулуп, алардын айланасында суроо жаралды. Кээ бир табышмактуу жаңы жагдайлар ачыкка чыгууда.

Айрым адвокаттар “тергөө кырсыктын чыныгы себептерин толугу менен кылдат иликтеп, ар бир соттолуучунун жеке жоопкерчилигин объективдүү аныктап, укуктук жактан негиздүү айып койгон эмес” деп кине коюшту.

Комиссия менен тергөөнүн баштапкы тыянагы

Бул кылмыш иштерин иликтеген тергөө органдары буга чейинки экспертизалардын тыянагына таянып, Бишкек ЖЭБиндеги өндүрүштүк кырсыктын себептери катары үч негизги жагдайды атаган.

Алар - от казандары жайгашкан цехтин жылууланбаганы, катуу сууктан тоңгон жабдууну жылытуу үчүн химиялык сууну колдонуу жана анын натыйжасында туздан арылтылган суунун жетишсиздиги экени көрсөтүлгөн. Ошондой эле өндүрүштүк кырсыктын алдын алуудагы персоналдын өз ара байланышынын начардыгы белгиленген.

Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция (Мамэкотехинспекция) түзгөн комиссиянын 2018-жылдын 8-февралындагы корутундусунда кырсыктын негизги себеби катары ЖЭБде 26-январда кезметте турган персонал авариянын алдын алууда эрежелерди бузганы айтылган.

Анда ошонун айынан жабдууга берилчү туздан арылтылган суу жетпей калып, натыйжада от казандары тоңуп калганы белгиленген. Бул боюнча чыгарылган актыда Бишкек ЖЭБи, "Электр станциялары" мекемелеринин административдик-техникалык персоналынын кетирген катачылыгы аварияга жол бергени тууралуу тыянак чыккан.

"Электр станциялары" ишканасынын башчысы Узак Кыдырбаев менен Бишкек ЖЭБинин жетекчиси Нурлан Өмүркул уулу баш болгон он жети кызматкердин аракеттерине баа бериш үчүн ал тыянак өкмөттүк комиссиянын кароосуна жөнөтүлгөн.

Мамэкотехинспекция түзгөн мекеме аралык комиссиянын төрагасы Данияр Сакеев иликтөөдө аныкталган жагдайлар боюнча сотко көрсөтмө бергенин айтты:

- Сотко барып, биз жыл башында иликтеп чыккан жагдайлардын айланасында гана көрсөтмө бердим. Бул жерде башка кошумчалай турган жаңы жагдайлар деле жок. Тергөөгө кандай көрсөтмө берсек, сотко деле ошол тууралуу айттым. Анткени биздин иликтөөгө кандайдыр жаңы нерселер кошулбайт. Андан бери эми канча убакыт өттү? Биз Мамэкотехинспекция түзгөн мекеме аралык комиссиянын алкагында эле иштедик. Бизден кийин өкмөттүк жана парламенттик комиссиялар да иш алып барып, авариянын себептерин аныкташкан.

Авариянын чыныгы себебинен четтөө

Тергөө органдары авариянын негизги себеби катары Бишкек Жылуулук электр борборундагы от казандар цехи өз убагында жылууланбагандыктан андагы техникалык жабдуу, насостор жана сууну алып өтчү түтүктөр тоңуп калганына өзгөчө басым жасаган.

Буга өз учурунда цехтерге айнек салынбаганы жана тендер өткөнү менен анда ремонт иштери жүрбөй, шалаакы мамиле жасалганы айыптоо корутундуларында белгиленген. Жактоочу тарап андай фактыларды ырастаганы менен аларды кошумча таасир эткен жагдай катары гана атап, бирок аны кырсыктын негизги себеби катары эсептебейт. Анткени жактоочу тарап авариянын негизги себеби катары химиялык блоктогу туздан арылтылган суунун туура эмес бөлүштүрүлгөнүн белгиледи. Себеби, эксперттик тыянакта айтылгандай, канчалык ызгаар суук болбосун, эгерде химиялык цехтен чыпкадан өткөн суу турбиналарга жетиштүү бөлүнүп турса анда ал от казандарын, жабдуулар менен түтүктөрдү тоңуп калуудан сактамак экен.

Адвокат Бактыбек Жумашев тергөө авариянын чыныгы жана негизги себептерин аныктабастан, негизги басымды башка жакка оодарып жатканын белгиледи:

- Терезенин жанында суунун көлөмүн көргөзүп турган билдиргич (датчик) бар экен. Ошол аспап бузулуп калыптыр. Андыктан суунун көлөмүн көзөмөлдөөгө мүмкүн болгон эмес. Баштапкы авариялык кырдаал ушундан улам келип чыкканы аныкталып отурат. “Ошондо аны карай коюп, суу жетишпей жатса, башка от казандардан алып, сууну керектүү жакка жумшаганда авария болмок эмес эле” деген өз алдынча эксперттердин корутундусу болду. Себеби цехтеги резервдик от казандар иштеген эмес. Азыркы учурда деле ошол эле эски химиялык цех суу менен камсыз кылып жатат. Сууну иштеп чыгуу жетиштүү деңгээлде эле экен. Туздан арылтылган суу авария болгон күнү деле жетмек. Бирок биздин эксперттер чыгарган тыянак боюнча, бул жерде чыпкадан өткөн суу туура эмес бөлүштүрүлүп калган. Ошонун айынан насостор сууну негизги турбиналарга бере албай, суу түтүктөрдө калып калган. Мындан башка аварияга алып келген эч кандай деле олуттуу себеп жок. Бул жерде кадимки эле шалаакылык болду. Эгерде азыр деле 10-15-градус суук болуп, анан турбиналарга берилчү сууну туура эмес бөлүштүрүп койсо, кайра эле ошондой авариялык кырдаал болушу мүмкүн. Тергөө бул жагдайларды иликтеп чыкты. Бирок тергөө авариянын чыныгы жана негизги себебине эмес, экинчи маанидеги кошумча жагдайларга басым койду.

Бишкек ЖЭБиндеги авария боюнча соттук жараянда окуянын негизги жана кошумча күбөлөрү көрсөтмө беришип, алардын көрсөтмөлөрүнүн айланасында кырсыктын чыныгы себептерин аныктоого байланыштуу адвокаттар менен мамлекеттик айыптоочулар бир катар суроолорду берип, жагдайды ийне-жибине чейин териштиришти. Күбөлөрдүн көпчүлүгү сырттагы ызгаарга туруштук берүүгө борбордун ичиндеги цехтердин жана жабдуулардын даяр эместигин жана чукул кырдаалды жөнгө салуудагы персоналдын өз ара байланышынын алсыздыгын айтып, көрсөтмө беришти.

Иликтенбей калган табышмактуу жагдайлар

Ошол эле кезде химиялык блоктон суунун турбиналарга жетпей тосмолонгону жана насостордогу манометрлердин, суунун көлөмүн көргөзүүчү датчиктердин иштебей калганы белгилүү болду.

Ал кездеги химиялык цехтеги кезмет бөлүмүнүн башчысы Надежда Цапенко №14 от казан агрегатында тээк турганы байкалганы жана анын кесепетинен турбиналарга суу кетпей жатканы боюнча маалыматтарга кырсыктын чыныгы себептерин иликтөөдө көңүл бурулбай калганын билдирди:

- Мен болсо "азыр эле от казанчылардан №14 агрегатта кандайдыр бир тээк тууралуу маалымат алдым. Ошол тээкти жапсак, анда суунун агымына каршылык болбойт. Биздин химиялык цех берип жаткан суу тоскоолдуксуз өтөт" дедим. Сиз мурдагы директор Нурлан Өмүркул уулуна мен айтканда ал кимге чалганын сурап, биле аласызбы? Анткени ал мен айтканда бирөөгө чалган. Буга чейин сууну андан ары жүгүртүп, агыза албай жатканбыз. Анан ал бирөөгө чалгандан кийин беш мүнөт өтпөй эле суунун агымынын деңгээли 380 тоннага көтөрүлдү. Ошол эле кезде ал менден "№14 от казандын айланасындабы?" деп сурады. Мен "ооба" деп ырастадым. Эгерде ал ошентип айтканынан баш тартса, анда мен аны далилдөөгө алым жетпейт. Бирок жаныбызда күбөлөр бар болчу.

Надежда Цапкенко Бишкек ЖЭБиндеги химиялык блоктон тузу тазаланган сууну турбиналык цехке берүү учурунда келип чыккан мындай техникалык мүчүлүштүктөр кырсык катталган күндүн эртеси, тагыраагы 27-январь күнү эртең менен байкалганын 2018-жылы 1-мартта берген түшүнүк катында көргөзгөн.

Анда ал бул жагдай тууралуу Бишкек ЖЭБинин ошондогу башчысы Нурлан Өмүркул уулу башка кызматкерлер менен бирге цехте турган учурда кабарлаганын жазган.

Кызматкерлердин бири мындай көрүнүш мурда да болгонун жана химблоктон кетчү суунун агымы турбинадагы тээктин ачык же жабык турган абалынан көз каранды экенин айтканы түшүнүк катта баяндалган. Буга жооп алыш үчүн Бишкек ЖЭБинин мурдагы жетекчиси Нурлан Өмүркул уулу менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Буга чейин Нурлан Өмүркул уулу авариянын негизги себеби катары жаңы химблоктун курулбай калганын атаган:

- Авариянын башкы себеби - модернизацияланган Бишкек Жылуулук электр борборуна салына турган химиялык цех курулбай калган. Бирок ошол маалымат коомчулукка чыгып кетпесин деп башында насосту "күнөөлөп" чыгышты. Мен ошондо "авариянын себеби химцех болду" деп ачык айтып чыктым. 30-январда парламентте териштирүү болгондо мен "химиялык цех салынбай калып, жаңы станцияга да, эскисине да химиялык жактан тазаланган суу жетпей калып, авария ошондон болду" дегем. Ошондон бир күн өтпөй эле мени жумуштан бошотушту. Көйгөйдүн себеби - ошол салына турган химиялык блок курулбай калып, эски химиялык цехтин кубаттуулугу муктаждыкты канааттандырууга жетпей калган. Ал баштапкы техникалык тапшырма боюнча 386 миллион доллардын эсебинен курулушу керек болчу.

Өмүркул уулу: ЖЭБдеги кырсыктын чыныгы себебин жашырып жатышат
please wait

No media source currently available

0:00 0:15:38 0:00

Мекеме аралык комиссиянын тыянагы боюнча Бишкек ЖЭБиндеги химиялык цехтеги туздан арылтылган суунун жетишпестиги аварияга алып келген негизги жагдай катары көрсөтүлгөн. Муну кийин окуянын өнүгүшүн калыбына келтирген хронология, авария учурундагы техникалык персоналдын телефондук сүйлөшүүлөрү жана күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү да ырастап турат.

Тергөөнүн айыптоо корутундусунда туздан арылтылган суунун жетишсиздиги ЖЭБди модернизациялоодо жаңы химиялык блоктун курулбай калганы менен байланыштырылган.

Жактоочу тарап ошол эле кезде тергөө органдары суунун жетишпестиги анын ашкере ысырап болгонунан улам келип чыкканына баа бербей, бул үчүн жооптуу техникалык персоналдын жоопкерчилигин көңүл сыртында калтырганын белгилейт. Анткени иликтөө учурунда туздан арылтылган суу бууландырылып, ал жабдууларды жана түтүктөрдү жылытууга жана резервдеги казандарды жууп-чайкоого майнапсыз колдонулганы мурунк комиссиянын тыянагында көрсөтүлгөн болчу.

Күбөлөрдүн көпчүлүгү “авариянын алдын алууда башкы инженер жана анын орун басары от казандар цехинин, химиялык блоктун жана турбиналык цехтин башчыларын чакырып, туздан арылтылган сууну тез арада үнөмдөөгө буйрук берип, кырдаалды жөнгө салса болмок” деген көрсөтмөлөрдү беришкен.

Бишкек Жылуулук электр борборунун мурдагы башкы инженери Нургазы Курманбеков бул боюнча суроолорго жооп берүүдөн баш тартты.

- Азыр мен эч нерсе деп айта албайм, - деди башкы инженер. - Айта тургандын баарын сотто айтып бердим. Бул маселе боюнча ар кимдин ою ар кандай да. Азыркы учурда сотто күбөлөр суралып жатат. Ошондуктан мен бул суроого азырынча жооп бере албайм.

Бишкек Жылуулук электр борборундагы кырсыкка байланыштуу “Улуттук энергохолдингдин” мурдагы жетекчиси Айбек Калиевге, анын орун басары Нурлан Садыковго, "Электр станциялары" ишканасынын мурдагы жетекчиси Узак Кыдырбаевге, анын орун басарлары Бердибек Боркоев менен Алмаз Жусупбековго, Бишкек Жылуулук электр борборунун мурдагы жетекчиси Нурлан Өмүркул уулуна, башкы инженер Нургазы Курманбековго Кылмыш-жаза кодексинин 221-беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Бул берене башкаруу укугун коммерциялык уюмдун кызыкчылыгына каршы колдонуу үчүн жазалайт. Мындан сырткары буга чейин аталган жетекчилерге карата аварияга алып келген шалаакылык боюнча да кылмыш иши козголгон.

Жекече жоопкерчиликти аныктоо мүчүлүштүгү

Бишкек ЖЭБинин кышка толук даярдыгы боюнча "Электр станцияларынын" жетекчисинин орун басары Бердибек Боркоевдин колу коюлган отчеттор “Улуттук энергохолдинг” менен өкмөттүн дарегине жөнөтүлүп турганы комиссия таап чыккан документалдык далилдерде көрсөтүлгөн.

Айбек Калиевдин адвокаты Бактыбек Жумашев мыйзамга ылайык, “Улуттук энергохолдингдин” жетекчиси ишканалардын чарбалык ишине кийлигише албасын эске салып, ошондуктан ага тагылган айыптоо негизсиз эсептейт.

- Кылмыш ишинин материалдарында Айбек Калиевге коюлган айып боюнча бир да далил келтирилген эмес, - деди ал. - Анда Айбек Калиев өз аракеттери менен кантип материалдык зыян келтиргенин тастыктаган бир да далил жок. Бишкек ЖЭБиндеги ушундай абал боюнча Айбек Калиевге кагаз жүзүндө маалымат жеткен эмес. Эгерде “цехтер айнектелиши керек” деген кагаз жүзүндө бир сунуш кирсе, анан Айбек Калиев бул маселеге атайын көңүл буруп, чара көрбөй койсо да аны жоопко тартуу маселеси талаштуу болмок. Анткени Айбек Калиев Бишкек ЖЭБинин жетекчиси болгон эмес. Бул ишкана "Электр станциялары" ачык акционердик коомуна карайт. Ал эми “Улуттук энерго холдингге” "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун 80 пайыз акциясы берилген. Бул жерде мыйзам боюнча акционер акционердик коомдун ишмердигине түздөн-түз кийлигише албайт. Бул Жарандык кодекстин жана "Акционердик коомдор жөнүндө" мыйзамдын талабы. “Улуттук энергохолдингдин” жетекчиси анын ишине кийлигише албаган соң, чарба жүргүзүүчү ишкананын ишмердиги үчүн да жооп бербейт. Акционердик коомдун өз башкармалыгы бар. Ал эми бул жерде “Улуттук энергохолдинг” энрегетикалык компанияларды жалпысынан координациялоо саясаты менен гана алекттенет. Эгерде Айбек Калиев "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун, андан өтүп, анын карамагындагы Бишкек ЖЭБинин чарбалык иштерине кийлигишип кетсе, чындап мыйзам бузуу болмок. Ошондуктан Айбек Калиевге жогорудагы берене боюнча айып укуктук жактан негизсиз жерден коюлган.

Персоналдын аракетине берилген баа

Жактоочу тарап ошондой эле ошондой эле Бишкек Жылуулук электр борбору Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин катуу суукка байланыштуу эскертүүсүнө карата бир жума мурун кошумча тогуз резервдик от казанды даярдаганын эске салып, бирок авариялык кырдаалда от казандар эмне себептен ишке киргизилбей калганына кызыкты.

ЖЭБдин техникалык коопсуздук кызматынын башчысы Павел Иконников авариянын бир нече себептери бар экенин, алардын арасынан персоналдын өз ара начар байланышынан улам, кошумча от казандар өз убагында ишке берилбей калганын айтты:

- Персоналдын өз ара макулдашылбаган аракеттери аварияга алып келген. Эгерде персонал бири-бири менен өз убагында жагдайды кабарлап, ага кылдат баа берип, өз ара жакшынакай сүйлөшүп иш алып барганда келип чыккан маселе чечилмек. Кошумча от казандарды өз убагында күйгүзө алган жокпуз. Анткени үлгүрбөй калдык. Аны күйгүзгөнгө убакыт керек болчу. Бирок бизде убакыт абдан тар эле. Бул жерде бир канча себептер биригип отуруп, авария келип чыкты. Эгерде ошондо кандайдыр бир өзгөртүү керек болсо, мүмкүн анда авария болмок эмес. Эгерде катуу суук болбосо, от казандарына суу да жетмек, бардыгы жайында болмок. Бул үчүн жоопкерчиликти ЖЭБдин жетекчилиги өзүнө алууга тийиш болчу. Анын үстүндөгү башка органдар туура көзөмөлдөшү зарыл эле.

Анткен менен "Электр станциялары" ишканасынын өндүрүштүк-техникалык бөлүмүнүн башчысынын орун басары, аварияны иликтөө боюнча мекеме аралык комиссиянын мүчөсү Урматбек Мамбетов аварияга алып келген негизги үч себепти бири-биринен бөлүп кароо мүмкүн эмес деп эсептейт. Анткени, анын айтымында, себептер менен жагдайлардын баары бири-бири менен өз ара байланышта.

- Бул жагдайлар боюнча тергөө учурунда бардыгын айтып, көрсөтмө бергенбиз, - деди ал. - Биз болсо авариядан кийин түзүлгөн Мамэкотехинспекциянын комиссиясында иштеп, жумушчу топто иш алып барганбыз. Биз авариянын келип чыгышына түрткү болгон жанагы негизги үч себепти аныктап, көргөзгөнбүз. Үчөөнүн арасынан бирөөсүн бөлүп карап, “ошонун айынан ушундай авария келип чыкты” деп айтууга болбойт. Анткени ал үч себеп бири-бири менен терең байланышта. Алардын бирин эле өзүнчө карап алууга болбойт. Бул жерде авариянын негизги себептери комплекстүү түрдө болгон. Иликтөөнүн жүрүшүндө бардык жагдайларды изилдеп, анан алардын ичинен өз ара байланыштагы негизги үч себепти аныктап чыкканбыз.

Бишкек ЖЭБиндеги авария жана модернизация боюнча жалпысынан төрт кылмыш иши козголгон. Быйыл 26-январда Бишкек Жылуулук электр борборунда авария болуп, анын кесепетинен кыш чилдеде шаардыктар бир жумага жакын жылуулуксуз калган. Модернизациялоо долбоорундагы коррупция боюнча кылмыш иши тергелип бүтүп, сотко өткөрүлүп бериле элек.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (23)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG