Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:30

Адистер жылуулук борборун оңдой албай жатышат


Бүгүн Бишкек Жылуулук электр борборунун адистеринин №24 от казанды иштетүү аракеттери ийгиликсиз аяктады. “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз катчысы Тагжана Айдаралиева “Азаттыкка” билдиргендей, от казанды ишке киргизүү учурунда түтүктөрдөн жарака кетип, суу ага баштаган:

- Учурда түтүктөгү жаракаларды оңдоо аракеттери көрүлө баштады. Бул кырдаал аба ырайы суук болгонуна байланыштуу болуп жатат. Жылуулук борборунун адистери башка №23 агрегатты ишке киргизүүгө аракет кылууда.

Тагжана Айдаралиева учурда ЖЭБден 50-60 градустун тегерегинде жылуулук бөлүнүп, кызматкерлер күчөтүлгөн тартипте күнү-түнү иштеп жатышканын кошумчалады.

Энергохолдинг жана ЖЭБдин жетекчилиги түштөн кийин маалымат жыйынын куруп, кырдаал боюнча кенен маалымат берилерин айтышты.

26-январдын кечинде Бишкек Жылуулук электр борборунда техникалык авария болуп, шаарда жылуулукка чектөө киргизилген. Энергохолдинг "авария 28-январга караган түнү оңдолду" деген маалымат берген. Бирок техникалык кырсыктын кесепети толук жоюла элек. (SDz)

XS
SM
MD
LG