Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:34

ЖЭБдеги тендер боюнча айыпталгандарга сот өкүмү чыкты


ЖЭБ.
ЖЭБ.

22-январда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) оңдоодогу тендерге байланыштуу бир нече айыпталуучуга өкүм чыкты. Ага ылайык, «Электр станциялары» ишканасынын жетекчисинин мурдагы биринчи орун басары Бердибек Боркоев жети жыл алты айга, «Аймар Энержи» жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси Темирбек Ниязов менен «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы техникалык директору Алмаз Жусупбеков жети жылга, «Аймар Энержи» жоопкерчилиги чектелген коомунун уюштуруучусу Канат Деркенбаев алты жылга эркинен ажыратылды. Өкүмдөн кийин Канат Деркенбаевдын бөгөт чарасы өзгөртүлүп, сот залынан камакка алынды. Ал эми башка айыптоочулар буга чейин эле камакка алынган.

ЖЭБдеги тендер боюнча сот өкүмү чыкты
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:45 0:00

Сот айыпталуучуларды Кылмыш-жаза кодексинин 233-беренесинин 2-бөлүмү («Коммерциялык же башка уюмда ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу), 205-беренесинин 3-бөлүмү («Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу») жана 78-беренеси («Кылмыштардын жыйындысы боюнча бир жаза дайындоо») боюнча күнөөлүү деп тапты. Ошондой эле «Электр станциялары» ишканасынын доо арызы канааттандырылып, соттолгондордон мекеменин пайдасына 6 683 028,75 сом өндүрүү тууралуу чечим кабыл алынды.

2018-жылдын 26-январында Бишкек ЖЭБиндеги суу бөлүштүрүүчү жабдуу иштен чыгып, -20 градустан ашкан катуу суукта абоненттер беш күн бою жылуулуксуз калган. Бул кырдаал андан жарым жыл мурун модернизацияланган жылуулук борборуна карата сын-пикирлерди күчөтүп, Кытай берген 386 миллион доллардын сарпталышы боюнча элдин нааразылыгын жараткан.

2018-жылдын март айында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) ишкананы оңдоп-түзөөгө бөлүнгөн акчаны кымырып алуу фактылары аныкталганын, Кылмыш-жаза кодексинин бир канча беренеси менен кылмыш иши ачылганын маалымдаган.

Бишкек ЖЭБинин от казандарын «Аймар Энержи» ишканасы оңдогон. (BtO/TSh)

XS
SM
MD
LG