Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:58

"Улуттук энерго холдинг" ЖЭБде түтүк жарылганын төгүндөдү


Бишкек жылуулук борбору.
Бишкек жылуулук борбору.

"Улуттук энергохолдинг" ишканасынын өкүлү Аман Калыбековдун "Азаттык" радиосуна билдиргенине караганда, "Бишкек жылуулук электр борборунда дагы бир түтүк жарылды" деген маалымат туура эмес.
Түтүк жарылган эмес, №24 кошумча агрегатты ишке киргизүүдө түтүктө жарака кетип, иштен чыккан. Адистер аны дароо эле оңдогон. Азыр жылуулукту калыбына келтириш үчүн дагы бир от казанды иштетүү аракети көрүлүүдө:

- Ар бир түтүктө индикаторлор турат. Иштен чыкканы эски жабдыктагы түтүк болчу. Суукка байланыштуу иштебей калган. Температураны көтөрүш үчүн от казанды даярдап атабыз. Азыр ЖЭБден чыккан температура 50-60 градус болуп атат. Даярдалып жаткан от казан кошулса, температура көтөрүлөт.

Аман Калыбеков жылуулук колдонуучуларды батареялардан сууну агызбай турууга чакырды:

- Жел туруп калса, түтүктөр жарылат. Температура акырындык менен жогорулатылып жатат. Эгер дароо көтөрүп жиберсек, түтүктөр көтөрө албай калат. Мындан тышкары, системанын баары муздап калганына байланыштуу жылуулукту калыбына келтирүүгө убакыт керек.

26-январдын кечинде Бишкек Жылуулук электр борборунда техникалык авария болуп, шаарда жылуулукка чектөө киргизилген. Энергохолдинг "авария 28-январга караган түнү оңдолду" деген маалымат берген. Бирок техникалык кырсыктын кесепети толук жоюла элек. (NT)

XS
SM
MD
LG