Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:48

Кыргызстан Кытайдан 70 миллион доллар грант алат


Кытайдын Кыргызстандагы элчилиги. Бишкек шаары.
Кытайдын Кыргызстандагы элчилиги. Бишкек шаары.

Экономика министрлиги билдиргендей, Кыргызстан менен Кытайдын өкмөттөрү эки келишимге кол коюшту. Анын алкагында Бээжин Бишкекке 450 миллион юань (70 миллиондон ашык доллар) кайтарымсыз грант бермей болду.

Анын 350 миллион юанына Бишкек шаарындагы жолдор оңдолот. Кум-Дөбө (Кочкор Башы), Мынакелди жана Бурана (Баласагын) шаарчаларындагы археологиялык иштер үчүн 100 миллион юань сарпталат.

Мекеме Бишкектеги жолдор үч фаза менен оңдолорун, азыр биринчи баскычтагы жумуштар жүрүп жатканын маалымдады.

Президент Сооронбай Жээнбеков ушул аптада Кытайга мамлекеттик сапар менен барат. Анын алдында Бишкек шаардык кеңеши учурда Кытай элчилиги турган 3 гектардан ашуун жер тилкесин ижарага берүүгө макул болду.

Кытай буга жооп кылып Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүгү үчүн Бээжиндин борборунан 25 сотых жер бөлүп, элчиликтин имаратын, анда иштегендерге турак жай салууга жардам берээри айтылды.

XS
SM
MD
LG