Линктер

шаршемби, 21-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 06:18

Кыргыз-кытай алакасы кылдаттыкка муктаж


Президент Сооронбай Жээнбеков Бээжинде "Манас" операсына барган учур.

Президент Сооронбай Жээнбековдун Кытайдагы мамлекеттик сапары кыргыз-кытай кызматташтыгынын бүгүнкү абалы жана келечеги тууралуу талкууларга жем таштады.

“Арай көз чарай” берүүсүндө эки өлкө ортосундагы ири долбоорлордун тагдыры, соода-экономикалык карым-катыштын оош-кыйыштары, статистикалык айырмачылыктардын себептери, алакалардын келечеги жөнүндө кеп болду.

Талкууга саясий илимдердин доктору, мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов, Тышкы иштер министрлигинин Маалымат департаментинин директору Мурат Азимбакиев катышты.

“Азаттык”: Мурат мырза, президент Сооронбай Жээнбековдун Кытайда өткөн мамлекеттик сапарынын негизги жыйынтыгы жана жетишкендиги деп кайсы маселелерди бөлүп көрсөтө алабыз?

Мурат Азимбакиев: Биздин президенттин Кытайдагы алгачкы мамлекеттик сапары абдан жемиштүү болду десем болот. Бул сапар эки өлкө ортосундагы саясий, экономикалык жана маданий кызматташтыгыбыздын бекемдигин, жогорку деңгээлде экенин көргөздү.

“Азаттык”: "Жемиштүү" деп калдыңыз, сапардын алдында "элүүгө жакын документке кол коюлат" деп айтылган эле, бирок иш жүзүндө он чакты документке кол коюлду...

Мурат Азимбакиев: Дипломатияда мындай жагдайлар болот. Документтерди даярдап жатканда эки тараптын көңүлү, мүмкүнчүлүктөрү, даярдыгы каралат. Маселе, келишимдер 40 же 20 болобу, кеп санында эмес, ага көңүл бурбаш керек. Эки тараптан канча документке кол коюлса да жемиштүү деп эсептесек болот.

“Азаттык”: Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчилигине жер бөлүп берүүгө байланышкан документке эмне себептен кол коюлбай калды?

Мурат Азимбакиев: Кыска эле айтайын, биз тараптан процедуралык маселелер бүтпөй калды. Эми кийинки сапарлардын жүрүшүндө чечилиши мүмкүн.

Аликбек Жекшенкулов: Кандай гана өлкө болбосун мамлекеттик сапар менен баргандан кийин ал лидерлердин мамилесин да тастыктайт. Биздин президент Кытайга барарда, ачык айтсак бийликтен кеткен аткаминер “эки өлкөнүн ортосунда маселе жаралышы мүмкүн” деген ар кандай маалыматтарды чыгарган. Бүгүн андай кооптонууга негиз жок экени далилденди. Президентти тосуп алганы, эки лидердин сүйлөшүүлөрүнүн деңгээли, маанайы абдан жакшы болду.

Ошентсе да биздин дипломаттар бир аз катачылык кетиргенин ачык эле айтып коюш керек. Башында "43 документке кол коюлат" деп жарыялабаш керек болчу. Келишимдер, макулдашуулар эки тараптан тең макулдашылып, даяр болгондо гана маалымат бериш керек. Жөнөкөй адамдар эл аралык мамилелердин маселелерин түшүнө бербейт. Анткени жалпы элибизди Кыргызстандын Кытай менен болгон мамилеси өтө кызыктырат.

“Азаттык”: Аликбек мырза, Кытай мамлекети “Бир алкак – бир жол” программасы боюнча демилге көтөрүп келатканына көп болду. Бул идеянын негизги максаты эмнеде? Анын маңызы Кыргызстандын, башка мамлекеттердин улуттук кызыкчылыктарына канчалык жооп берет, келечекте кесепети тийбейби?

Темир жол курулушунун тагдыры арсар

Темир жол курулушунун тагдыры арсар

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча сүйлөшүүлөр жанданды.

Аликбек Жекшенкулов: Ар бир мамлекет “Бир алкак – бир жол” идеясы болобу же башкабы, колдоп жатканда, анын алкагында кызматташуу ниетин билдиргенде улуттун, мамлекеттин кызыкчылыгы биринчи орунда турушу керек. Бул позиция мамлекеттин кичине-чоңуна карабаш керек. Маселе, биз ал концепцияны кандай кабыл алабыз, өзүбүздүн кызыкчылыгыбызга кандай пайдаланыбыз - кеп ушунда турат.

Азыр Кытайдын дүйнөлүк саясатта, дүйнөлүк экономикада таасири күчөп жатат. Кошуна мамлекеттин ошол таасирин улуттун кызыкчылыгына бурушубуз зарыл. Мисалы, Бишкек ЖЭБин модернизациялоого насыя алып жатканда максат, тилек жакшы эле болчу. Бирок биз аны кандай пайдаландык? Эл суукта тоңуп кала жаздаганда ал жакта чоң коррупция бар экендиги билинип калды.

“Азаттык”: Мурат мырза, Кыргызстанда чуулгандуу болуп жаткан Бишкек ЖЭБи жана башка ири долбоорлордун тагдыры тууралуу кыргыз, кытай мамлекет башчыларынын сүйлөшүүлөрүндө кеп болдубу?

Мурат Азимбакиев: Аталган долбоорлор жөнүндө эки тараптуу сүйлөшүүлөрдө сөз болгон жок. Кытай Эл Республикасы “Кыргызстанда болуп жаткан окуялар - ал өлкөнүн ички иши, биз кийлигишпейбиз” деп мурда эле айткан. Ошондуктан бул маселелер Кыргызстан тараптан чечилиши керек. Ишенимдүү айтсак, биздеги чуулгандуу окуялар кыргыз-кытай мамилелеринин бүгүнкү өнүгүшүнө тескери таасирин тийгизе алган жок.

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)

Кыргыз-кытай алакасы
please wait

No media source currently available

0:00 0:24:20 0:00
Түз линк

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG