Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:46

ЖЭБ чуусу: TBEAнын өкүлү камалды


Бишкек Жылуулук электр борбору. 27-январь, 2018-жыл.
Бишкек Жылуулук электр борбору. 27-январь, 2018-жыл.

Бишкек Жылуулук электр борбору (ЖЭБ) боюнча кытайлык ТВЕА компаниясынын Кыргызстандагы өкүлү Мусажан Макелек да камакка алынганы ачыкка чыкты. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) буга байланыштуу азырынча комментарий бере элек.

Бишкек ЖЭБин жаңыртууга кеткен каражатты депутаттык комиссия иликтеп чыккан жана анда айрым адамдардын аттары аталган, тиешелүү органдарга укуктук баа берүү тапшырылган.

Бишкектеги Биринчи май райондук соту 8-августта Мусажан Макелектин бөгөт чарасын карап, аны тергөө бүткүчө, тактап айтканда 13-октябрга чейин абакта калтыруу тууралуу чечим чыгарды. Жогорку соттун басма сөз кызматы аны менен кошо экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазовдун, «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиевдин жана анын орун басары Жолдошбек Назаровдун да камоо мөөнөтү узарганын ырастады.

Бул макала жазылып жаткан чакта Мусажан Макелектин камалышына байланыштуу УКМК түшүндүрмө берген жок. ЖЭБ боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын өкүлү, "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаты Исхак Масалиев Мусажан Макелектин камалганы күтүүсүз болгонун билдирди:

Исхак Масалиев.
Исхак Масалиев.

- Анын камалганын азыр биринчи жолу угуп жатам. Комиссиянын корутундусунда кытайлык компаниянын өкүлү тууралуу бир да сөз жок. Менин жеке пикиримде, бул Кыргызстандын ички иши. Мунун баарын Кыргызстандын аткаминерлери жасаган.

Депутаттык комиссиянын дагы бир мүчөсү, КСДП фракциясынын депутаты Аида Касымалиева да Мусажан Макелектин камалышын сынга алды. Ал бул окуянын бүдөмүк жактары көп экенин белгиледи:

Мен муну туура эмес деп эсептейм. Муну ТВЕА, Кытай тарап өзү чечиши керек болчу.

- Биз таанышкан документтер боюнча бул жерде келишимге ылайык, Кытай тарап акчаны бергенден кийин кантип каржыланарын, кандай техника сатылып алынарын, кандай иш жүргөнүнүн баарын өздөрү көзөмөлдөгөн. ТВЕА компаниясынын өкүлүнүн камакта отурганы чоң жаңылык болуп жатат. Мен муну туура эмес деп эсептейм. Муну ТВЕА, Кытай тарап өзү чечиши керек болчу. "Буз ушундай коррупциялык иштер же ошого байланыштуу шектенүү боюнча иликтөө жүргүзүп жатабыз, өзүбүз жыйынтыгын чыгарып беребиз, кыргыз тарап менен, кыргыз органдары менен кызматташыбыз" деп айтып чыгышса бир жөн. Бул жакта кызыктай жагдай болуп жатат. Себеби комиссиянын корутундусунда аты аталган адамдардын арасында ал адамдын аты жок.

Быйыл жазында парламентте, коомчулукта ЖЭБ чуусу талкууланып жатканда ошол кездеги өкмөт башчы, азыр камакта отурган Сапар Исаков расмий Бээжин мындай талаш-талкууларга нааразы экенин билдирген. Кытайдын Кыргызстандагы элчилиги ТВЕА компаниясынын өкүлүнүн камалышы тууралуу комментарий бере элек.

Бирок эксперт Расул Умбеталиев козголгон кылмыш иштеринин негизинде Мусажан Макелектин иш-аракетине укуктук баа берилиши керек деп эсептейт:

Расул Умбеталиев.
Расул Умбеталиев.

- Бардык иштер, мыйзам бузуу Мусажан Макелек аркылуу болгон. Анын камалышы туура болду деп эсептейм. Өкмөттүн мүчөлөрү, өкмөттүн башчылары, айрым депутаттар менен ушул киши түздөн-түз иш алып барып жүргөн. Кытайлык компаниянын бул жактагы ишинин баарын Мусажан Макелек жүргүзүп, мыйзамсыз иштер ошол аркылуу кеткен. "Кытайда ТВЕА компаниясынын жетекчилери жоопко тартылып жатат" деген такталбаган маалыматтар да бар.

Мусажан Макелек - Кытайдагы кыргыздардан чыккан белгилүү окумуштуу Макелек Өмүрбайдын уулу. 2016-жылы ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев "Датка - Кемин" долбоорун ийгиликтүү бүтүргөн Кыргызстандын энергетиктери менен кытайлык өнөктөштөргө мамлекеттик сыйлыктарды бергенде алардын арасында Мусажан Макелек да болгон жана Ардак грамота менен сыйланган.

Бишкек ЖЭБин модернизациялоо 2014-жылы жазында башталып, 2017-жылы августта ал расмий ишке берилген. Анда заманбап эки блок курулуп, ЖЭБ 300 мегаваттка көбөйгөнү, жалпы кубаттуулугу 812 мегаваттка жеткени айтылган. Буга расмий Бээжин 386 миллион доллар насыя берген. Эки тараптуу келишимге ылайык, бардык жумушту кытайлык TBEA компаниясы аткарган.

Быйыл жыл башында жаңыртылган ЖЭБде авария болуп, шаардыктар катуу суукта беш күн бою жылуулуксуз калган. Насыянын максатсыз, туура эмес пайдаланылганы тууралуу дооматтар айтылган, УКМК бир канча кылмыш ишин козгогон.

Ошондон бери мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев баш болгон 15тей киши камакка алынды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG