Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:07

Былтыр 345 млн. доллар инвестиция кирип, 328 млн. чыгып кеткен


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өткөн жылы өлкөгө 345 млн. доллар өлчөмүндө инвестиция тартылып келсе, 328 млн. доллар өлчөмүндөгү инвестиция чыгып кеткен. Бул тууралуу экономика министри Олег Панкратов Жогорку Кеңештин тармактык комитетиндеги жыйында билдирди. Депутат Руслан Казакбаев инвестиция тартуу боюнча элчиликтерге бир жыл ичинде канча бизнес-долбоор жөнөтүлгөнүнө кызыкты. Эл өкүлү Бахадыр Сулейманов кирген жана чыккан инвестициянын ортосундагы айырма чоң эмес экенин белгилеп, “мактануунун деле кажети жок” деп сындады.

Бүгүн, 22-январда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети «2018-жылдын 17-майында Астана шаарында кол коюлган ЕАЭБ менен анын курамындагы мамлекеттердин жана экинчи тараптан Кытай Эл Республикасынын ортосундагы Соода-экономикалык кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды.

Батыштын атаандашы болуп саналган Кытай жана Иран менен соода-экономикалык байланышты күчөтүү максатында былтыр май айында кабыл алынган макулдашууну күчүнө киргизүү жөнүндө чечим 6-декабрда Санкт-Петербург шаарында болуп өткөн Евразия Экономикалык Биримдигинин жыйынында кабыл алынган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG