Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:33

Кытай Кыргызстандын аймактарын өнүктүрүүгө 100 млн. доллар бөлөт


Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Кытайдын төрагасы Си Цзинпин. Бээжин. 6-июнь 2018-жыл.
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Кытайдын төрагасы Си Цзинпин. Бээжин. 6-июнь 2018-жыл.

Кытай Кыргызстандын аймактарын өнүктүрүүгө, аларды таза суу менен камсыз кылууга 100 миллион доллар бөлөт. Бул каражат кайтарымсыз гранттык негизде берилет. Бул тууралуу "Азаттыктын" Кытайда жүргөн кабарчысы Канымгүл Элкеева маалымдады.

Кыргызстан Кытайга аймактарды өнүктүрүү багытында жалпысынан 48 долбоор сунуш кылган.

Кыргызстан менен Кытайдын лидерлери Сооронбай Жээнбеков жана Си Цзинпин кечээ Бээжинде сүйлөшүү өткөрүп, эки өлкөнүн ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк боюнча декларацияга кол коюшту.

Мындан сырткары жолугушуунун алкагында кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган биргелешкен ондой документке кол коюлган. (KE/KR)

XS
SM
MD
LG