Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:06

Дүйнөлүк экономиканын өсүшү солгундайт


АКШнын Лос-Анджелес шаарындагы порт. 2018-жылкы сүрөт.
АКШнын Лос-Анджелес шаарындагы порт. 2018-жылкы сүрөт.

Дүйнөлүк банк глобалдык экономиканын быйылкы жылдагы өсүү ыргагы боюнча божомолун төмөндөттү.

Жакырчылыкка каршы эл аралык деңгээлде иш жүргүзгөн каржылык уюм экономикадагы солгундоонун башкы себептерин соода тиреши менен өндүрүштүн басаңдашынан көрүп жатат.

Ал арада былтыр соода согушуна барган АКШ менен Кытай жаңы жылдагы алгачкы сүйлөшүүлөрүн Бээжинде өткөрүштү.

Дүйнөлүк банк глобалдык экономиканын быйылкы абалы боюнча жаңы баяндамасын “Асмандын күңүрт тартышы” деген ат менен 8-январда жарыялады.

​Банктын эсептери боюнча 2019-жылы дүйнөлүк ички дүң өнүм эң көп дегенде 2,9% гана өсүшү мүмкүн.

Бул - банктын былтыр июндагы акыркы божомолунан төмөнүрөөк көрсөткүч.

Анда Дүйнөлүк банк глобалдык экономиканын 2019-жылдагы өсүү ыргагын кеминде 3% деп божомолдогон.

Эгер жыл соңуна барып, акыркы көрсөткүчтөр ырасталса, бул дүйнөлүк экономикадагы өсүштүн экинчи жыл катары менен солгундашы болот:

- Экономикадагы басаңдоо дүйнө боюнча кетип жатканына күбө болуудабыз. Глобалдык экономиканын башкы үч кыймылдаткычы бар. Алар: АКШ, Евробиримдик жана Кытай. Бул үчөө бириккенде былтыр дүйнөлүк ички дүң өнүмдүн 50, ал эми глобалдык өсүштүн 60% беришти. Быйыл бул үч экономикада тең өсүш ыргагы басаңдаганы турат, - деди америкалык Си-Эн-Би-Си телеканалындагы маегинде Дүйнөлүк банктын өнүгүү боюнча директору Айхан Косе.

Ал эми жакырчылыкка каршы иш жүргүзгөн бул эл аралык каржы уюмдун башкы аткаруучу директору Кристалина Георгиева “2018-жылдын башталышында дүйнөлүк экономика бардык цилиндрлери менен иштеп жаткан, бирок жыл ичи ал ылдамдыгын жоготту жана бул (экономиканын жайлашы) келе жаткан жылы дагы күчөйт.

Өнүгүп келе жаткан мамлекеттер үчүн экономикалык жана каржылык тоскоолдуктардын күчөшү менен дүйнөнүн жакырчылыкты кыскартуудагы жетишкендиги коркунучка кабылышы мүмкүн”,- деп белгиледи.

Дүйнөлүк банктын баяндамасына караганда, глобалдык экономика 2016-жылы 2,4%, 2017-жылы 3,1% көтөрүлсө, 2018-жылы кайра 3% түшкөн.

Экономиканын өсүү ыргагындагы төмөндөө Кыргызстанда байкалууда. Ички дүң өнүм Дүйнөлүк банктын эсебинде, 2017-жылы 4,6% көбөйсө, 2018-жылы 3,1% болду, быйыл кайра 3,4% жетиши мүмкүн.

Кытайдын Шанхай шаарындагы порт. 2018-жылкы сүрөт.
Кытайдын Шанхай шаарындагы порт. 2018-жылкы сүрөт.

Глобалдык экономикадагы солгундоонун негизги себептерин Дүйнөлүк банк соода тирештеринен, ага катар өндүрүш басаңдап, өнүгүп келе жаткан экономикалар үчүн каржылык стресс күчөгөнүнөн көрүп жатат.

Соода тиреши дегенде биринчи кезекте АКШ менен Кытайдын бири-бирине каршы бажы тарифтерин көтөргөнү эске алынат.

Талдоочулар глобалдык экономиканын алдыдагы жылдардагы абалы дал ушул эки ири оюнчу соода талашын качан жана кантип жөнгө саларына көз каранды экенин эскертип келишет.

Дүйнөлүк банктын жаңы баяндамасына тушташ Бээжин менен Вашинтон быйылкы жылдагы алгачкы соода сүйлөшүүлөрүн өткөрүштү. Бирок жыйынтыгы азырынча айтыла элек:

- Мен Кытай менен АКШнын соода сүйлөшүүлөрү аяктаганын ырастай алам. Менимче, анын жыйынтыктары жакын арада жарыяланса керек. Сүйлөшүүлөрдүн кийинки айлампасынын чоо-жайы да ошондо белгилүү болот. Мен бул сүйлөшүүлөрдүн узакка созулушу, азыркы айлампага эки тарап тең өтө олуттуу мамиле жасаганынын далили экенин гана айта алам, - деди 9-январда Бээжинден Кытайдын тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Лу Кан.

АКШнын Кытайга соода сүйлөшүүлөрү үчүн келген делегация мүчөлөрү. Бээжин, 7-январь, 2019-жыл.
АКШнын Кытайга соода сүйлөшүүлөрү үчүн келген делегация мүчөлөрү. Бээжин, 7-январь, 2019-жыл.

Буга чейин өткөн айдын башында АКШ жана Кытай лидерлери Дональд Трамп менен Си Цзинпин Аргентинда, "Чоң жыйырманын" саммити учурундагы жолугушууда “соода согушунда” токсон күндүк тыныгуу алууну макулдашкан. Бул мөөнөт быйыл март айы ичи аяктайт.

Ага чейин былтыр, жылдын экинчи жарымынан тарта Кытай АКШнын өзүнө багытталган бир жылдык экспортунун 85% бөлүгүнө, АКШ аныкынан төрт эсеге жакын чоң Кытай экспортунун 50% азыраак бөлүгүнө бажы тарифтерин көтөрүшкөн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG