Линктер

шаршемби, 22-май, 2019 Бишкек убактысы 16:44

2019: Бай өлкөлөрдүн баары Айга учат


Кирип келаткан 2019-жылы дүйнөдө кандай бурулуш, өнүгүүлөр күтүлөт? Чет элдик эксперттердин айрым анализдерине сереп салабыз.

Саясат менен экономикадагы "эки дөөнүн" эрегиши

Дүйнөдө бири-бири менен тыгыз чырмалышкан саясат менен экономикада бирдей олку-солку абал келерки жылдын башкы көрсөткүчү болот деп күтүлүүдө. Буга, албетте, экономикасы эң ири АКШ менен Кытайдын "соода согушунун" же бири-бирине киргизген кошумча салыктардын таасири чоң болот.

Кошумча тарифтер саясаты мартка чейин убактылуу токтотулган, андан кийин кандай болот деген чочулоо эл аралык соода биржаларында туруксуз абалды камсыздоодо.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

"Экономист" басылмасы дүйнөдө азыр мамлекеттердин жалпы карызы баары биригип өндүргөн ички продукциянын көлөмүнүн 217% жетип калганын эскертип, бул көрсөткүч он жыл мурдагыга караганда 20% көбөйгөнүн жазды. Кыргызстандын тышкы карызы Ички дүң өндүрүмүнүн 60 пайызына жакындап калганын эске сала кетели.

Мамлекеттик карыздарды эсептөөдө башкы валюта эсептелген АКШ доллары көп өлкөлөрдөгү финансылык кыйынчылыктан улам кыйла күчтөнүп, Түркия, Аргентина, Түштүк Африка жана Бразилияда инфляцияны күчөттү. Башкача айтканда, баалар кымбаттап, элдин керектөө талабы, же товарларды сатып алуу кудурети азайды.

АКШ-Кытай соода тирешинен азырынча Кытай көбүрөөк жабыр тартып, ички соода-сатык жайлады.

Экономикадагы тараза ташы Азияга оойт

Ал тапта Индиянын экономикалык өсүшү 7%дан ашып, келерки жылы дүйнөдөгү эң ыкчам өнүгүп жаткан он өлкөнүн алдыңкы саптарына чыгаары болжолдонууда. Эл аралык валюта корунун эсеби боюнча эмдиги жылы экономикасы эң чоң өсүш көрсөтө турган он мамлекетти атай кетсек, алар: баарын кыйраткан согуштан баш көтөрө баштаган Сирия, Бангладеш, Индия, Бутан, Эфиопия, Лаос, Руанда, Мьянма, Камбоджа жана Монголия. Борбор Азиядан кийинки жылы Өзбекстан 5%дан ашык көрсөткүч менен баарынан алдыга чыгаары болжолдонот.

Индия калкынын саны жагынан да жакынкы он жылдыктарда Кытайды ашып өтүп, биринчи орунга чыгаары күтүлүүдө. Индиянын экономикасы абдан динамикалуу өнүгүп баратканын эске алып, андан анча алыс эмес жайгашкан Борбор Азия, Кыргызстан ушул багытты өз стратегиясын аныктоодо көбүрөөк эске алышы керек.

Эксперттер дүйнөлүк экономикада келерки жылдын экинчи жарымында төмөндөө, олку-солку абал сакталаарын эскертип, бирок ири компаниялар менен мамлекеттер он жыл мурдагыга караганда ар кандай терс жагдайлар менен кризистик учурларды алдын алууга, керек болсо баштан кечирүүгө жакшыраак даяр экенин белгилешет.

Кыргызстандын экономикасы эмгек мигранттары агылган Орусия менен Түркияга көз каранды болгондуктан, бул эки өлкөдө тең келерки жылы экономикалык өсүш төмөндөөрү күтүлүп жатканын кошумчалай кетели. Түрк экономикасы азыр ыкчам өсүп бараткандар катарына кирет, бирок андагы жагдай президент Эрдогандын дымактуу саясаты кандай болот, пландалып жаткан Сириядагы аскердик операцияларга канча акча сарпталат деген маселелерге көз каранды.

Сирия, Алеппо.
Сирия, Алеппо.

Жаңы жыл алдында АКШ президенти мындан ары Сириядагы радикал "Ислам мамлекети" уюмун жок кылуу вазийпасын Түркия аркалай турганын жарыялабадыбы. Бирок ошол эле Сириядагы экономикалык жандануу коңшулаш өлкөлөргө, анын ичинде Түркияга да оң таасир этээри талашсыз.

Орусия болсо жаратылыш газын сатууну кеңейтип, келерки жылдан тарта аны Кытай, Түркия, Германия багытында ири көлөмдө ташый турган куурларды ишке киргизгени турат. Москвага каршы киргизилген санкциялардан улам үчүнчү багыт кийинкиге калтырылышы мүмкүн.

Тарыхый окуялар: Брекзит, Кытайдагы көмүскө мааракелер

Британияда Брекзитти колдогондор кандай болгон күндө да, 29-мартта Евробиримдиктен биротоло чыгып, экинчи Эгемендик күнү белгиленет деп жар салып жатышат. Премьер-министр Тереза Мэй Брюсселдеги жетекчилер менен жетишкен келишимдин тагдыры азырынча Лондондо чечиле элек. Британиянын калкы "брекзитчилер" убада кылган "Евробиримдиктен чыксак эле жума сайын 460 миллион доллардай каражат өзүбүздө калат" деген сөздөр жалган экенин түшүнүп калышты. Брюссель менен эч кандай келишим жактырылбай, Британия бир тараптуу чыгып калса, өлкөнүн эң башкы соода өнөктөшү, коопсуздук жаатындагы башкы шериги Еврошаркет менен болочок алака-катыш кандай болору белгисиз жагдайда британ экономикасы жапа чегип, калктын нааразылыгы өкмөткө бурулушу ыктымал. Кандай болсо да, Лондондо жаңы жыл кызуу саясий талаш-тартыштар менен башталганы турат.

Соңку жылдары солгундай түшкөн дүйнөлүк демократиялык кыймылга быйыл жаңы дем берилиши ыктымал. Байкоочулар дүйнөдөгү эң ири демократиялык өлкөлөр Индия, ага катар Индонезия, Нигерияда боло турган шайлоого үмүт байлап жатышат. 2019-жылы Европарламентке шайлоо болот, анын аркасы менен Еврокомиссия жана Европа Борбордук банкынын жаңы башчылары дайындалат.

Кытайда коммунисттик партия жетекчилиги "9" менен бүткөн жылдары айрыкча сак болушат, улуттук коопсуздукту бекемдөө чаралары, саясий идеология мындай жылдары адаттагыдан күчөйт. Анткени 1989-жылы саясий режимге олуттуу коркунуч жараткан Тянанмен аянтындагы кандуу демонстрациянын 30 жылдыгы жана 100 жыл мурун Кытайды жарга такаган 4-май кыймылынын 100 жылдыгы белгиленет. Кытайдын өзүндө бул даталар эч жерде эскерилбейт, окуу китептеринде бул окуялар тууралуу маалымат жок. Бирок ушул даталарга байланыштуу коомдук уюмдар менен активисттердин артынан аңдымай, аларга каршы катаал мамиле мурдагыдан күчөтүлөт. Ошондуктан келерки жылы Шинжаңдагы кыргыз, казак, уйгур жана башка аз улуттарга каршы катаал саясат жумшартылаарын күтүү азырынча куру кыялдай.

АКШда президент Дональд Трамптын салыктарды азайткан саясаты экономиканы кыйла жандантып, жумушсуздук азайып, иш таппагандардын саны 4%га жетпей турат. Бирок АКШ-Кытай атаандаштыгы 21-кылымдын "башкы оюну" болот дегендей, кытайлык 250 миллиард доллардан ашуун товарга Трамп убада кылгандай, кошумча 10-25% салык киргизилсе, эл аралык соода катышына чоң сокку келтириши толук мүмкүн. Тарифтер күчүнө кирип калса, жалпы эл аралык инвестициялык климатка терс таасирин тийгизип, анын кесепетин өнүгүп келаткан өлкөлөр да тартаары талашсыз.

Дональд Трамп бирок, быйыл Конгресстеги Өкүлдөр палатасында көпчүлүк мандаттарды жеңген демократтардын катуу тоскоолдугуна туш болуп, көп жагынан буту-колу тушалып калаары күтүлөт. Конгресстеги жогорку палата Сенатта бирок, республикачылар көпчүлүк добушка ээ. Вашингтондо саясий атаандаштык күчөйт. Бирок эки башкы партия кайсыл маселеде болбосун, экөө бирдей мунасага барууга да аргасыз болушат. Президент Трамп ортодо арбитрдик вазийпасын аткара алабы, аны мезгил көрсөтөт.

Жаратылышка жан тарткандарды бийликтер менен бизнес укканга аргасыз

Акыркы жүз жыл ичиндеги эң аптаптуу аба ырайы катталган 18 жылдын 17си 2001-жылдан бери санак алат экен. Соңку жылдары миңдеген адамдардын өмүрүн алган суу ташкындары, тоо-токойду каптаган өрттөр далай мамлекеттердин айласын кетирип, экологиялык маселелерге мурдагыдан көбүрөөк көңүл бурула баштады. Айлана-чөйрөнү коргоо активисттери дүйнөдө электр моторлуу автомобилдер акыркы үч жыл ичинде эле 3 миллиондон ашканын кубатташат. Кытай бийликтеринин жаңы саясатына ылайык, бул өлкөдө унаа сатууну каалаган компаниялар жок дегенде 10%ын электр моторлуу кылып жасашы керек. Орточо эсеп менен, келерки жылы Кытайдын жолдорунда экологияга зыяны аз бир жарым миллионго жакын машине пайда болушу керек.

Дүйнөдө өндүрүлгөн автомобилдердин жарымынан көбү Азияда чыгарылат жана сатылат, кардарларга жакын болуп, кошумча салыктардан качыш үчүн автогиганттар өз ишканаларын география менен демографияны эске алып ачууга аргасыз. Андан сырткары күн энергиясын пайдалануу жылдан жылга арзандап баратканы, алдыңкы мамлекеттер зыяндуу газдарды бөлүп чыгарган көмүр сыяктуу энергия булактарынан толугу менен баш тартуу тууралуу мыйзамдарды кабыл алып жатканы, соңку сурамжылоого ылайык, АКШда 25-34 жаштагы жарандардын төрттөн бири эт жана башка мал азыктарынан баш тарткан веганмын деп айтканын кошумчалай кетели. Буга байланыштуу Батыштагы тамак-аш өндүргөн компаниялар азыр азык-түлүктүн жаңы түрлөрүн өндүрүүгө адистеше баштаган чак.

Интернеттин пайдасы менен зыяны, Айды изилдөө аракеттери

Эл аралык Телекоммуникация Ассоциациясы 2019-жылы дүйнө калкынын жарымы Интернетке кошулаарын билдирет. Он жыл мурун эле бул көрсөткүч 20%дын тегерегинде болчу. Адистер жакыр өлкөлөрдө Интернеттин жайылышы 10%га көбөйгөн сайын экономикалык көрсөткүчтөр орточо 1,5%дай жакшыраарын байкашкан. Албетте, Интернет элдин экономикалык маалымат алуу, онлайн соода-сатык жүргүзүү, бизнес усулдарын үйрөнүү жана башка иштеринде маанилүү булак болуп бере алат. Ошондуктан эл аралык телекоммуникациялык уюм өкмөттөргө Интернетке туташтыра турган жабдыктарга салыкты азайтуу, онлайн байланыш үчүн акыны арзандатуу өңдүү ондогон кеңештерди берет. Ошол эле учурда Интернет элдин аң-сезимин бурмалоонун куралына айланып, жалган маалымат, ушак-айың таратууда чоң роль ойноп жатканы эл аралык коомчулукта кызуу талкуу болуп жаткан кез.

Байкоочулар дүйнөлүк маалымат желеси АКШда Доналд Трамптын президент болуп шайланышында, Британияда Евробиримдиктен чыгууну колдогон референдумда башкы курал болуп бергенин белгилешет. Дүйнөлүк саясатта популизм күч алып, улутчулдук идеялардын жайылышына "Фейсбук" өңдүү соцтармактар маанилүү платформа болуп бергени эскертилет.

Айрым адистер азыр Интернеттин жайылышын калк аны туура колдонууга даяр болгуча жайлата туруш керекпи деген суроо да салып көрүштү. Айфондор менен алдыңкы компьютердик техниканы ойлоп чыгарган "Apple" дүйнөдөгү эң кымбат компания болуп турганда, андан башка да алдыңкы технологиялык ишканалар мындай сунушту, албетте, эч убакта колдобойт. Андыктан мындан башка жаңы идеялар табылганча ар бир адам Интернетти пайдаланууда өзү акыл калчап, ак-караны ажыратып, жалган маалыматка азгырылбай абай салышы талап кылынат.

Жогорку технологиялар тынымсыз өнүгүп жатышы адамзаттын изилдөө, изденүү мейкиндигин кеңейтип, кирип келаткан жаңы жылдын эң алгачкы күндөрү Кытайдын "Chang'e 4" космостук станциясы Айга барып коноору күтүлүүдө. Америкалык астронавт Нил Армстронг Айга кадам таштаган алгачкы тарыхый сапардан бери жарым кылым өтүптүр.

Кытайлык адистер илимий кемесин алгачкы жолу Айдын жерге көрүнбөгөн аркы бетине кондуруп, маанилүү геофизикалык, биологиялык, экологиялык изилдөө жүргүзүп, келечекте тайконавт, же космонавтын жөнөтүүнү көздөп жатышат. Андан тышкары Индиянын "Chandrayaan-2" кемеси бул өлкөнүн Айга конгон экинчи миссиясы болуп калмакчы. Асмандагы адамдын буту баскан жалгыз астрономиялык объектке азырынча АКШ гана астронавттарын кондурган өлкө бойдон калууда.

Ушул күндөрү АКШнын космос агенттиги - НАСА келерки жылы менчик компаниялар арасынан Айды изилдөө миссиясын аркалай ала турган фирманы тандай турганы, Жапония жаңы илимий миссиясын жөнөтүү планын жарыялаары кабарланды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    Эркин Европа/Азаттык радиосунун Кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тарта "Азаттыктын" Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстан жана региондогу окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин, аспирантурасын аяктаган.​

     

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG