Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:30

Кытайдын Борбор Азияга тигилген көзү


Кытайдагы көзөмөл камерасы. Иллюстрациялык сүрөт.
Кытайдагы көзөмөл камерасы. Иллюстрациялык сүрөт.

(Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама. 2-9-сентябрь, 2019-жыл).

«Eurasianet» басылмасы Кытай Борбор Азияга видео көзөмөл каражаттарын алып келүү менен Шиңжаңдагыдай көзөмөл системасын акырындап киргизип жатканын жазды. «Кыргызстанда адамдын жүзүн видео камера аркылуу таануу технологиясын Кытай улуттук электрониканы импорттоо жана экспорттоо корпорациясы (CEIEC) сунуш кылды. Бул корпорациянын көзөмөл системасы азыр Шиңжаңды кайтарууда. Кыргызстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын мыйзам чыгаруучулары Кытайдын бул көзөмөл системасы жарандардын жеке маалыматын чет өлкөгө өткөрүү ыкмасы экенин көз жаздымда калтырбашы керек. Маселен, Кыргызстанда калктын санын каттоо дал ушул электрондук система менен ишке ашканы турат. Быйыл апрель айында Эквадордо кытайлык корпорациянын камералары иштеп, коомдук тартипти көзөмөлдөөнүн куралына айланган. Венесуэла, Боливия, Ангола да Кытайдын «Huawei» компаниясынын көзөмөлүнө өткөн», деген басылма Кыргызстан эркин туруп, электрондук көзөмөл бутасына айланабы деген суроо коёт.

«Буга чейин өлкө Кытайдын санариптик көзөмөл системасынан баш тартып, «Коопсуз шаар» долбоорун орусиялык «Вегага» тапшырган. Эми «Веганын» камераларына Кытайдыкы кошулуп, Бишкектеги жол кыймылын эле эмес, ар бир жаранды көзөмөлдөшү толук ыктымал. Бишкектиктер мындай көрүнүшкө каршы чыгып жатышат. Маселен, 47 жаштагы такси айдоочу Арстан жарандардын жеке маалыматын мамлекет өзү гана көзөмөлдөп, ал өлкөнүн ички сыры катары тышка чыкпашы керек деген ойдо. Програмист Даниел Вартанов: «Кытай компаниясы биздеги маалымат базаларын колго алып, жергиликтүү бийлик менен операторлорду паралап коюшу толук ыктымал», - дейт. Ал арада Өзбекстанда Кытай улуттук элетрониканы импорттоо жана экспорттоо корпорациясы коңшу өлкөнүн Технология министрлиги менен 300 миллион долларлык келишимге кол коюп, коопсуздук камераларын орнотууда. Бара-бара бул долбоор 1 миллиард долларга чыкмакчы. Шавкат Мирзиёев «Коопсуз шаардын» камералары 2023-жылга чейин өлкөнүн булуң-бурчуна чейин коюларын билдирген. Басылма электрондук көзөмөл орнотуу жараяны Борбор Азия өлкөлөрүндө элдин пикирин көзгө албай эле бийлик тарабынан каалагандай ишке ашып жатканын өкүнүү менен баяндайт.

Кыргызстанда Москванын үгүтү солгун

Орусиянын башка өлкөлөрдөгү үгүтү өтө деле таасирлүү эмес. «Washington Post» гезити ушундай тыянак чыгарды. Америка Кошмо Штаттары, Орусия, Кытай сыяктуу дөө-шаа өлкөлөр эл аралык деңгээлде өз саясатын жайылтыш үчүн өнөктүк жүргүзүп келишет.

Москва.
Москва.

Социолог Теодор Гербер менен Жейн Завицка Кыргызстанда сурамжылоо жүргүзүп, Орусиянын үгүтү солгун экенин аныкташты. Алар Украинадагы кырдаалга карата Орусия менен АКШнын таасирине байланыштуу суроолорго жооп издешкен. Борбор Азиянын эң чакан өлкөсүндө изилдөөгө тартылгандардын 60% Орусия тууралуу маалыматты телеканалдан гана угушарын билдиришти. Себеби өлкөдө Орусиянын мамлекеттик каналдары абдан популярдуу. Анткен менен кыргызстандыктар Орусиядагы саясий кырдаал, Украинадагы согуш тууралуу жаңылыктарга кызыгышпайт. Орусиялыктарга салыштырмалуу жаңжалдарга бир гана Батышты күнөөлөгөн маанай жок. Сурамжылоого катышкан кыргызстандыктардын 13% гана Орусия тууралуу кабарды Интернеттен окуйт. Алар көбүнчө Орусиядагы эмгек мигранттарынын социалдык камсыздоосу, миграциялык саясат жөнүндө жаңылыктарга кызыгышат. Интернет булактары үгүткө жетиштүү курал болуп бере элек. Ушундан улам «Минерва» иликтөө демилгесинин окумуштуулары кыргыз коомчулугу «орус үгүтүнүн жетегинде деп айтуу туура эмес» деген жыйынтык чыгарышты.

Өзбекстанды жарга такаган суу көйгөйү

«The Diplomat» аналитикалык журналы Өзбекстандагы суу маселесин талдаган. «Өзбекстандын 10% жери гана сугат суусу менен камсыз болгон. Дүйнөдөгү 180 өлкөнүн ичинен киши башына 531 куб метр таза суу туура келген Өзбекстан 152-орунда турат. Аймагынын 90% чөл. Мындай географиялык оор кырдаал айыл чарбасы менен жан баккан өлкөнүн экономикасына таасир этип, коңшу Тажикстан менен Кыргызстанга толук көз каранды.

Бухарадагы суу кампасы.
Бухарадагы суу кампасы.

Ислам Каримов көз жумган соң тажик-өзбек ымаласы жылып, сугат суусу менен камсыздоо тууралуу кызматташтык сүйлөшүүлөрү жүрүп жатат. Өзбек бийлиги сууну башкарууну Израилдин тажрыйбасынан үйрөнсө болот. Себеби Израилде киши башына 91,29 метр куб суу туура келип, ал сууга таңкыс 180 өлкөнүн 172-сабында турат. Бирок израилдиктер сугат жана таза суу менен камсыздоону толугу менен заманбап нукка салган. Азыркы тапта мурда чөл болгон Израилдин айдоо талаалары толугу менен тамчылатма сугат ыкмасына өтүп, гүлдөп турат. Мындайга жетиш үчүн Ташкент Аму Дарыя менен Сыр Дарыянын суу запастарын колдоно алат. Мирзиёевдин дүйнөгө ачык саясатынын, эл аралык кызматташтыкты жакшыртууга болгон далалатынын аркасында өлкөнү жүдөткөн суу маселесин чечсе болот. XX кылымда Европадагы көмүргө болгон талап Германия менен Франциянын кагылышуусуна жеткирген. Бактыга жараша Борбор Азияда азырынча сууга байланышкан эл аралык келишпестиктер өтө аз», дейт макаланын автору, Жоржтаун университетинин бүтүрүүчүсү Азиз Игамов. Анын пикиринде, Ташкент чөлкөмдөгү коңшуларына сууну ынтымак жана өз ара түшүнүү менен башкарууда лидерлик кыла алат. «Балким чөлкөмдөгү сууну башкаруу Еврошаркеттеги көмүр жана болот комитетиндей расмий статус алса да жаңы реформалардын башаты болмокчу», деген ойдо автор.

Дүйнөдө таза энергияга инвестиция жумшалбай жатат

«Economist» журналы дүйнөдө таза энергия өндүрүүгө жетиштүү инвестиция жумшалбай жатканын жазды. «20 жыл мурда Кытайда күндөн кубат алган ыкма дээрлик жок болчу. Азыркы тапта бул өлкөдө өндүрүлгөн энергиянын чейрек бөлүгү күндөн алынат.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кытай космосто күн нурунан энергия жаратуучу станция курууну пландап жаткан кези. Эгер бул долбоор ишке ашса, Жерге арзан электр жарыгы сатыла баштайт. Ансыз деле Кытайдын күн энергиясына өткөн шаарлары жарыкка мурдагыдан аз акча төлөп калышты. Ошентсе да бул тармакта быйылтан бери солгундоо сезилет. Кытайдын күндөн алчу энергия компанияларындагы киреше акыркы эки жылда 60% түшкөн. Америкадагы таза энергияга жумшалган инвестициялар да азаюуда. Европанын эң жашыл деп эсептелген Франция, Германия, Нидерландия сыяктуу өлкөлөрү да күн энергиясын эмес, шамалдан ток алууну биринчи планга коюшту. Кытай дүйнөдөгү таза энергия алууда алдыда экенине карабай, көмүрдү эң көп жаккан өлкө бойдон калууда. Ал арада Индия, Түштүк Чыгыш Азия чөлкөмүндө да таза энергия алууда ири долбоор ишке аша элек» деп жазат «Economist».

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG