Линктер

дүйшөмбү, 14-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 13:55

Шинжаңдагы тагдыры белгисиз балдар


Шинжаңдагы мусулман мечити. 2014-жыл.

Шинжаңда ата-энелеринен атайылап ажыратылып, интернаттарда тарбияланып жаткан мусулмандардын балдарынын саны белгисиз.

«Human Rights Watch» укук коргоо уюму Кытайдагы ата-энесинен ажыратылып, атайын мектеп-интернаттарда тарбияланып жаткан мусулман балдарын тез арадан жакындарына кайтарууну талап кылды.

«Кытай өкмөтү адамдарды балдарынан ажыратып жатканы - Шинжаңдагы эң ырайымсыз кысым. Балдар Кытайдагы туугандарынын кароосуна же чет жакка чыгып кеткен ата-энелерине берилиши керек», - дейт уюмдун өкүлү Софи Ричардсон.

Укук коргоочулар чет жактан Кытайда калган балдары менен байланыша албай жаткан беш үй-бүлө менен сүйлөшкөн. Ушул тапта Түркияда жашаган уйгур Абдурахман Тохти 2016-жылы аялы камакка алынгандан бери уул-кызы менен байланыша албай келет. Шинжаңдагы интернатта кытайча сүйлөп турган төрт жаштагы уулун ал Интернетте таркаган видеодон капыстан көрүп калган.

«Балдарымды, аялымды сагындым. Мен аларды кайтаргым келет. Акыры бул жашоомдо балдарымды көрсөм, алар кытайлар менен жуурулушуп кетип, мени тааныбай, мени душман катары көрөт деп корком», - дейт ал.

«Human Rights Watch» интернатта балдар кытайча окутулуп, алардын эне тилинде сүйлөө, улуттук маданий мурастарын сактап калуу укуктары чектелип жатканына тынчсызданарын билдирет.

Уюм Кытайдын мыйзамдары өкмөттүк органдарга балдарды жакындарынан атайылап ажыратып, мамлекеттик камкордукка алууга жол бербей турганын белгилейт. Уюмдун өкүлдөрү Кытай 1992-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун Балдардын укуктары боюнча конвенциясын кабыл алганын да эскертишет.

Ал эми Кашкардан келген кыргыз улутундагы Меметрасул Хасан эки жылдан бери быйыл 14 жашка чыккан эгиз уулдарынын тагдырын биле албай келет.

«Балдарым кайда экенин билбейм. Туугандарымдын баары камакта. Уулдарымды эч ким издей албайт. Кытай бийлигине 50 кат жаздым. Бишкектеги элчиликке алып барып бердим. Кытай бийлиги менин балдарымды, эжелеримди бошотуп, аларды Кыргызстанга жөнөтүшүн суранам. Биз мекенибизде жашайбыз», - дейт Меметрасул Хасан.

Буга чейин «Кытайдагы кыргыздарды колдоо» комитети «саясий тарбиялоочу лагерлердеги» 50 миңдей кыргыз тууралуу кабарлаган.

Шинжаңдагы өкмөттүк мектеп-интернаттарда канча бала ата-энесинин уруксаты жок эле, мажбурланып тарбияланып жатканы белгисиз. Чет жакка чыгып кеткен мусулмандар адатта Кытайдагы туугандары менен байланыша алышпайт. Кырдаалга көз салып жүргөн германиялык иликтөөчү, доктор Адриан Зенц 2017-жылы эле Шинжаңдагы интернаттарга барган балдардын саны жарым миллионго көбөйгөнүн айтып чыккан.

Өкмөттүк документтерде кимдин уруксаты менен балдар интернаттарга жөнөтүлүп жатканы, кайсы мамлекеттик мекеме жоопкерчилик алганы же балдарды кайтарып алуу процедурасы тууралуу маалымат жокко эсе же чектелген.

Ал арада акыркы үч жылда Шинжаң аймагындагы билим берүүгө өкмөттөн бөлүнчү каражат кескин көбөйтүлүп, мектеп-интернаттар кеңири курулуп жатканы кабарланууда. Мындай жайларда уйгур жана башка аз улут өкүлдөрүнүн балдарын толугу менен тегинен ажыратуу аракеттери болорун Би-Би-Си июлда жазган.

Кытайдын Шинжаң аймагында миңдеген мусулмандардын жана аз улуттардын өкүлдөрү «саясий тарбия берүүчү лагерлерде» кармалып жатканы тууралуу кабар 2016-жылы тараган.

Бээжин бул «элди агартуучу, тарбиялоочу борборлордо» шинжаңдыктар коомго интеграция болууну үйрөнүп, экстремизмге жана террорчулукка каршы күрөш жүрүп жатканын билдирип келет.

Укук коргоо уюмдары лагерлерде кармалган аз улуттардын саны миллионго жеткенин белгилешет. БУУнун адам укуктары боюнча Жогорку комиссары, 25 мамлекет жана «Human Rights Watch» баш болгон укук коргоочу уюмдар Кытайдын бийлигин өз алдынча байкоочуларга Шинжаңга барып, абалды эркин иликтөөгө уруксат берүүнү суранышкан.

«Шиңжаңдагы жагдай - Кытайдын ички маселеси» деген позицияда тургандар да бар. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Кытайда сентябрда өткөн алгачкы мамлекеттик сапарында Шиңжаң аймагында турган казактар жөнүндө маселе көтөрүлгөн эмес. Шиңжаңдагы башка аз улуттар менен кошо кытайлык казактар да бийликтин кысымына туш болушканы Казакстанда Кытайга каршы маанайдын күчөшүнө себеп болгон. Казакстандагы кээ бир уюмдар казак бийлигинен жана эл аралык уюмдардан Шиңжаңдагы казактарды куткарууну өтүнүп, жардам сурашкан.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

Пикирлерди көрүңүз (5)

XS
SM
MD
LG