Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:14

«Бир алкак – бир жол»: Кытай сынга жооп берди


Си Цзинпин
Си Цзинпин

Форумдун ачылышында Кытайдын лидери Си Цзинпин долбоордун жүргүзгөн иштери, негизги пландары тууралуу баяндама жасады. Ал өз сөзүндө буга чейин айтылып келген кемчиликтерди жоюуга убада берип, кооптонууларды азайтууга аракет кылды.

Бээжиндеги форумдун ишине 187 өлкөнүн делегациясы, 37 өлкөнүн мамлекет жана өкмөт башчылары келген. Алгачкы жыйын 2017-жылы өткөн.

«Бир алкак – бир жол» форумуна Кыргызстандан президент Сооронбай Жээнбеков өзү барды.

Жыйындын ачылышына БУУнун баш катчысы Антониу Гутерреш менен Эл аралык валюта корунун директору Кристин Лагард катышты.

Андан тышкары Орусия, Кыргызстан, Өзбекстан, Беларус, Азербайжан жана башка ондогон мамлекеттердин президенттери, Пакистан, Италиянын премьер-министрлери барышты. Германия менен Франция да министрлерин жиберди. АКШ өз өкүлдөрүн жөнөткөн жок. Бээжиндин өз компанияларын колдоосу АКШ, Евросоюз жана башка тараптардын нааразылыгын жаратып келген. ​

"Биз таза атаандаштыкка тоскоолдук жараткан жана рынокто чайкоочулукка алып келген, өзүн актабаган эрежелерди, субсидияларды, ыкмаларды кайра карап көрөбүз жана андан баш тартабыз. Биз бардык компанияларга, ишканаларга жана бизнес структураларга бирдей карайбыз", - деди Си Цзинпин​.

Өлкө лидери Си Цзинпин «Бир алкак - бир жол» демилгесин Кытайдын тышкы саясатынын өзөгү деп санайт.

Орусиянын президенти Владимир Путин форумда Си Цзинпинден кийин сөз сүйлөдү. Орусия, Армения, Кыргызстан, Казакстан жана Беларус кирген Евразия экономикалык биримдигинин башында турат делген орус президенти Кытайдын инфраструктуралык демилгелерин колдоду.

"Москва Кытай төрагасынын “Бир алкак – бир жол” демилгеси Орусия Федерациясынын ири евразиялык шериктештик түзүү идеясына төп келерин бир канча жолу белгилеген. Башкача айтканда, Евразиядагы негизги жана эки тараптуу интеграциялык процесстерди жакындатат".

Ошол эле кезде серепчилер Москва Кытайдын Борбор Азияда таасири артып бара жатканынан кооптонуп турганын белгилешет.​

“Бир алкак – бир жол” экономикалык демилгеси 2013-жылы жарыяланган. Ал бир нече багыт менен Евразияны аралайт, Африкадагы айрым өлкөлөрдү камтыйт.

Кан жолду жана темир жолдорду, портторду, электр станцияларын, энергетикалык куурларды куруу үчүн инвестиция салат.

Бул демилге жаңы иш орундарын түзүү, Кытайдагы өндүрүштүн ашыкча кубатын жаңы базарларга чыгаруу, эл аралык алкакта Бээжиндин саясий жана экономикалык таасирин кеңейтүү, Европа менен соода жүргүзүүгө кеткен убакытты кыскартып, баасын арзандатуу максатын көздөйт.

"Бир алкак - бир жолдун" картасы
"Бир алкак - бир жолдун" картасы

Кытайдагы форумга Казакстандын делегациясын экс-президент Нурсултан Назарбаев жетектеп барды. Ал 19-мартта кызматтан кеткени менен Элбашы, Коопсуздук кеңешинин катчысы жана “Нур Отан” партиясынын төрагасы катары мамлекетти башкаруу ишине аралашып келе жатат.

Беларустун мактанычы

Саммиттин алдында айрым өлкөлөр Кытай менен алты жылдагы алакасынын эсеп-чотун алууда. Алардын бири - Беларус. Өлкөнүн Кытайдагы элчиси Кирилл Рудый буларды айтты:

"Биз инфраструктуралык долбоорлордон баштадык эле. Отузга жакын долбоорду жүзөгө ашырдык. Бизде “Улуу таш” деп аталган индустриалдык парк - кытай-беларус биргелешкен долбоору бар. Акыркы алты жылда Беларус аркылуу Кытайдан Европага өткөн контейнерлердин санын отуз эсе көбөйттүк. Ошентип биз “Бир алкак – бир жолдун” темир жол соодасынан пайда көрүп жаткан эң чоң өлкөбүз".

Элчи Рудыйдын айтымында, азыр Беларустагы “Улуу Таш” индустриалдык паркында 43 ишкана бар. Экинчи саммиттен кийин аларды жыл аягына чейин 60ка, кийинки жылы 100гө жеткирүү планы бар экенин кошумчалады.

Беларус президенти Александр Лукашенко жана Кытай лидери Си Цзиньпин. Бээжин, 25-апрель, 2019-жыл
Беларус президенти Александр Лукашенко жана Кытай лидери Си Цзиньпин. Бээжин, 25-апрель, 2019-жыл

Насыя тузагыбы?

Ошол эле учурда Кытайдын дымактуу демилгесине чочулоо же атаандаштык маанайында сын айткандар да бар. АКШ жана Евробиримдиктин айрым өлкөлөрү Бээжин өнүгүп келаткан өлкөлөрдү насыя тузагына түшүрүүнү көздөп жатат деп күмөн санашат. Кытай андай ниети жоктугун билдирип келет.

Форумдун ачылышында Кытайдын лидери Си Цзинпин кытай компанияларына жардам катары берилип келген субсидиялардан баш тарта турганын жарыялады.

Си Цзинпин 26-апрелдеги сөзүндө кытай компаниялары башка мамлекеттерде келишимдерди түзүүдө ачык-айкын иштебей, коррупияга жол ачат деген сындарга да жооп берүүгө аракеттенди.

“Бир алкак – бир жол” кемчиликсиз уюм эмес. Биз жашыл инфраструктура долбоорун сунуштап келе жатабыз. Биз баарыбыз үйүбүз деп атаган Жер шарын коргоо үчүн жашыл инвестиция, жашыл каржылоону жасоодобуз. Баары ачык-айкын болушу керек. Коррупция менен эч кандай келишүү болбошу зарыл", - деди Си Цзинпин.

Буга чейин, 25-апрелде өткөн форумда Кытайдын финансы министри Лю Кун Бээжин карыз коркунучун азайтууга кызыкдар экенин белгилеген.

“Бир алкак – бир жол” каржылоосун ишке ашырууда жогорку сапат, жогорку стандарт, жеткиликтүүлүк жана туруктуулук принциптерин жүзөгө ашырабыз. Карыз тобокелдиктеринин алдын алуу жана жоюу үчүн карыздын алгылыктуулугун анализдеген негиз түзөбүз".

Анын сөзүн Кытайдын Борбордук банкынын башчысы И Ганг кубаттап, берилип жаткан карызды, аны өндүрүп алуудагы тобокелдиктерди жөнгө салууну күчөтүү керектигин айткан.

2013-жылдан бери Бээжин чет өлкөлүк долбоорлорго 90 миллиард доллар инвестиция салган. Ушу күндө кытайлык банктар берген насыя 200 миллиард долларга жетти.​

Кытайдан эң көп карыз алган мамлекеттердин катарында Кыргызстан да бар. Өлкөнүн тышкы карызы 3 миллиард 838 миллион доллар болсо, анын 44% Кытайдын Экспорттук-импорттук банкына туура келет. Ага Бишкек 1,7 миллиард доллардан ашуун сумманы төлөшү керек.

Кытай насыясынын ири бөлүгү “Датка-Кемин” линиясын курууга, Бишкектеги ЖЭБди жаңылоого, Ош-Бишкек альтернативдүү жолун салууга жумшалган. Бишкек чоң коңшусунан жалпы жонунан 1,5 млрд. долларга жакын насыя алган.

Анткен менен Кыргызстан коңшусу сунуп жаткан мүмкүнчүлүктөрдү майнаптуу колдоно албай жатканы айтылып келет. Парламент депутаты Каныбек Иманалиев өкмөттү бул үчүн 25-апрелде өткөн жыйында сынга алган.

"Кийинки жылы Кытай “Жибек Жолу” долбооруна 60 өлкөгө 1 трлн. доллар бөлүп жатат. Жакынкы беш жылда 8 трлн. доллар бөлөт. Ошого Кыргызстандан бир да долбоор кирген жок. Себеби биздин өкмөт чабал, долбоор даярдалган жок, ишенген жок. Жаныбызда триллион доллар агып жатса, биз аны кармап, өндүрүшүбүзгө бере албай жатабыз".

Бирок бул сынга өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев жооп берген жок.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG