Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:28

Азия саммитинде орток пикир табылган жок


Саммиттин катышуучулары.
Саммиттин катышуучулары.

Азия-Тынч океан Экономикалык Кызматташтык Уюмунун саммити өз тарыхында биринчи жолу жыйынтыктоочу декларациясыз аяктады. АКШ менен Кытай эл аралык соода маселелеринде мунасага келе алган жок.

Салттуу жалпы коммюникенин ордуна 18-ноябрда бийик даражалуу жолугушуу өткөн Папуа-Жаңы Гвинеянын премьер-министри Питер О Нил сүйлөшүүлөр тууралуу маалымат берди. Премьер “эки дөө бир катар маселелер, анын ичинде Дүйнөлүк соода уюмун реформалоо боюнча орток пикирге келе алышкан жок” деп билдирди.

21 өлкө кирген уюмдун саммитине АКШдан вице-президент Майк Пенс, Кытайдан президент Си Цзинпинь катышкан. Кытай менен Кошмо Штаттар көптөн бери соода согушун жүргүзүп келатышат. Саммитте алардын пикир келишпестиги даана байкалды. Тараптар глобалдуу экономиканын келечеги боюнча эки башка көз караштарын ортого салышты.

Ишембиде Пенс Бээжин өз саясатынан баш тартпаса, Кытай товарларына киргизилген тарифтер өзгөрбөй турганын билдирди. Вашингтондун өкүлү ошондой эле “Бир алкак - бир жол” деген инфраструктуралык долбоорлорду сындап, Кытай насыя берип, чакан өлкөлөрдү карызга батырып жатканын айтты:

Майк Пенс.
Майк Пенс.

- Башка мамлекеттерден алган карыздар өлкөңөрдүн эгемендигине көлөкө түшүрүшүнө жол бербегиле, кызыкчылыгыңарды коргогула. АКШдай болуп өз өлкөңөрдү биринчи орунга койгула жана өз алдынчалыгыңарды сактагыла.

Бээжин триллион доллардык ал долбоор дүйнө өлкөлөрүн соода аркылуу туташтырарын билдирип, өзүн глобализациянын жактоочусу катары сүрөттөп, Кытайдын саясаты дүйнөнү өнүктүрүүгө салым кошорун белгилеп келатат. Кытайды сындагандар болсо айрым жакыр өлкөлөр карызга акча алып, өз эгемендигин тобокелге салууда деп эсептешет.

Ошол эле ишембиде Пенстен кийин сүйлөгөн Си Цзинпин “Бир Алкак - бир жол” долбоору Евразиядагы транспорт системасын гана көздөй тургандыгын, башка тымызын максаттары жок экенин билдирди. Кытай лидери ошондой эле Трамптын “Биринчи кезекте Америка” деген саясатын катуу сындап, протекционезмди карманган мамлекеттер ийгиликке жете албай турганын айтты.

Саммитке Орусиянын атынан премьер-министр Дмитрий Медведев да катышты. Өз сөзүндө ал “протекционизм соода согуштарына алып келет” деген ойго макул болуп, экономикалык санкциялар саясий кысым көргөзүүнүн каражатына айланып калганын айтты:

Дмитрий Медведев.
Дмитрий Медведев.

- Кээ бир мамлекеттерде протекционизм маанайы күчөп баратат. Алар теориялык ой жүгүртүү эмес, конкреттүү чечимдерге алып келип жатат. Бул соода согуштарына алып келиши ыктымал, тагырагы алып келди.

Андан тышкары, саммитте АКШ Австралия менен бирге Папуа-Жаңы Гвинеядагы Ломбрум аскер базасын кеңейтүү боюнча планын ортого салды. Бул кадам Кытайдын чөлкөмдөгү таасиринин артышына каршы туруу аракети катары каралып жатат. Майк Пенс база Тынч океандагы арал-мамлекеттердин эгемендигин жана деңиз укуктарын коргоого жардам берерин белгиледи.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG