Линктер

ишемби, 18-август, 2018 Бишкек убактысы 13:18

Теңтайлашкан темир жол долбоорлору


Борбор Азиянын картасы.

Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) кезектеги жыйынында Кытайдын Борбор Азия аркылуу өтө турган темир жол долбоорунун багыттары жарыяланды.

Казакстан "Бир алкак - бир жол" долбоорун өз аймагы менен алып өтүп, Орусия аркылуу Европага кеткен жогорку ылдамдыктагы темир жол магистралын өркүндөтүүнү сунуш кылды.

Өзбекстан Кытайдан Кыргызстан аркылуу өтүп, Ооганстан, Иран аркылуу Европага кеткен темир жол долбоорун колдой турганын жарыялады.

Логистика боюнча адистер Кытай үчүн Европа базарына чыгуудан мурун Ирандын мунайын ташуу зарыл экенин, ошондуктан Кыргызстан-Өзбекстан-Ооганстан-Иран темир жол каттамынын мааниси алар үчүн чоң экенин белгилешти.

Казакстан менен Өзбекстандын мүдөөсү

Кытайдын Циндао шаарында болуп өткөн саммитте Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Шанхай Кызматташтык Уюмунун курамындагы мамлекеттердин экономикалык өнүгүшүнүн негизги өбөлгөсү катары жаңы эл аралык транспорттук ири долбоорду иштеп чыгып, ишке ашырууну сунуш кылды.

Нурсултан Назарбаев Европа менен Азияны бириктире турган жогорку ылдамдыктагы Бээжин-Астана-Москва-Берлин каттамы аркылуу өтчү евразиялык темир жол магистралын өркүндөтүү демилгесин көтөрдү:

Нурсултан Назарбаев.
Нурсултан Назарбаев.

- Евразияда жогорку ылдамдыктагы Бээжин-Астана-Москва-Берлин каттамы боюнча темир жол магистралын куруу идеясын ишке ашырууну мисал келтирет элем. Ушундай эле каттамдарды Шанхай Кызматташтык Уюмунун башка мамлекеттери аркылуу да өткөрсөк болот. Бул биздин уюм үчүн абдан маанилүү. Долбоорду ишке ашыруу ШКУ менен Евразия Экономикалык Биримдигинин өз ара кызматташтыгын бириктирип, анан келечекте Европа Биримдиги менен да ишке ашырсак болот.

Буга удаа эле Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеёв Улуу Жибек жолун өркүндөтүүнү караган "Бир алкак-бир жол" долбооруна ылайык, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан-Ооганстан-Иран темир жол магистралын курууну жакын арада ишке ашырууну сунуш кылды.

Ал бул темир жол долбоору аймак аралык транспорттук-транзиттик мүмкүнчүлүктү көбөйтүп, соода жүгүртүүнүн көлөмүн кескин арбытууга өбөлгө түзө турганын белгиледи. Өзбекстандын президенти Кыргызстанды аралап өтчү темир жол долбоорун колдой турганын айтты:

Шавкат Мирзиёев.
Шавкат Мирзиёев.

- Бизге дүйнөнүн ири базарларына чыгыш үчүн жаңы жана жакын жолдор керек. Биз Герат - Мазари-Шариф - Кытай - Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун курууну колдойт. Бул максатта Өзбекстанда ШКУ мамлекеттеринин темир жол тармагынын жетекчилеринин биринчи жолугушуусун өткөрүү белгиленип жатат. Мындан сырткары ШКУнун эл аралык транспорттук-логистикалык биримдигин түзүүнү карап көрүшүңүздөрдү суранам.

ЕАЭБ менен эсептешип, Ташкент менен такташкан Бишкек

Ошол эле учурда Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Кытайдын "Улуу Жибек Жолу" концепциясынын алкагында "Бир алкак- бир жол" долбоорун Евразия Экономикалык Биримдиги менен айкалыштыруунун зарылдыгына токтолду.

Президент Сооронбай Жээнбеков эл аралык жүк ташуу үчүн ыңгайлуу шарттарды камсыз кылуу боюнча макулдашууну күчүнө киргизүүнү эртелетүү маселесин койду:

Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

- Биз "Бир алкак - бир жол" долбоорун Евразия Экономикалык Биримдиги менен иш жүзүндө айкалыштыруу жагынан чара көрүшүбүз абзел. Бизге эл аралык жүк ташуу үчүн жагымдуу шарт түзүү тууралуу макулдашууну күчүнө киргизүү абдан маанилүү. Анан да бизге транспорттук байланышты өркүндөтүш үчүн автоунаа жолдорун өнүктүрүү программасын кабыл алууну тездетүү зарыл. Ошондой эле Кыргызстан транспорттук-экспорттук потенциалын күчөтүш үчүн Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбоорун тез арада ишке киргизүүгө умтулат.

Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов Кыргызстан бул темир жол долбоору боюнча Өзбекстан менен позицияларын такташып бүткөнүн билдирди. Ал учурда үч тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, эксперттик деңгээлде макулдашууга жетишүү үчүн жолугушуунун үчүнчү айлампасы Бишкекте өткөнү жатканын айтты:

Жамшитбек Калилов.
Жамшитбек Калилов.

- Өзбекстан биз ал темир жолду кайсы жагынан алып өтсөк да ага макул экенин билдирди. Биз азыр Кытай менен сүйлөшүү жүргүзүп жатабыз. Буга чейин эксперттик деңгээлдеги сүйлөшүүлөр Ташкентте, анан Бээжинде болгон. Эми жолугушуунун үчүнчү айлампасын Бишкекте өткөргөнү жатабыз. Темир жолдун каттамы менен анын эни макулдашылса эле андан аркы сүйлөшүүлөр башталат.

Иран мунайына кызыкчылык

Буга чейин кытай темир жолунун келечекте Казакстан жана Кыргызстан аркылуу өтө турган багыттары боюнча эл аралык жүк ташууда атаандаштык күчтүү болору айтылып келген. Анткени Кыргызстан -Өзбекстан - Иран багыты Кытай үчүн Казакстан аркылуу өткөн темир жол тоомуна караганда 950 чакырымга жакын экени белгиленип жүргөн. Бирок эксперттер арасында "бул эки долбоордун ортосунда атаандаштык болушу мүмкүн эмес" деген пикирлер бар.

Эксперт Жумакадыр Акенеев Кытай үчүн бул темир жолдун экономикалык жактан стратегиялык мааниси чоң экенин белгиледи. Анын айтымында, Кытай өзү өндүргөн товар агымын күчөтүүнү жана Иран мунайын ташууга жол ачууну көздөйт:

Жумакадыр Акенеев.
Жумакадыр Акенеев.

- Кытайдан биз аркылуу Өзбекстанга, андан ары Иранга чейин кеткен, анан Казакстан аркылуу Европага чейин кеткен темир жол - бул эки башка максаттагы темир жол магистралдары болот. Алар бири-бирине өз ара атаандаштык жаратпайт. Экөөнүн милдети эки башка. Бири саатына 340 чакырымдык ылдамдыкта экспресс-поезддер менен жүргүнчүлөрдү ташууга ылайыкташса, экинчиси оор жүк ташыйт. Анан калса биз аркылуу Иранга чейин кеткен темир жолго Кытайдын кызыгып жатканы да бекеринен эмес. Анткени Кытай бул темир жол аркылуу Ирандын мунай запастарына жетүүнү көздөйт. Ошондой эле Кытайдын өзү өндүргөн товарларларды суу жолдору, автоунаа жолдору жана темир жолдор аркылуу көптөгөн өлкөлөргө жеткирип, аларды сатуу менен өзүнө байлагысы келген стратегиялык пландары бар. Азыр Ирандын мунайынын негизги сатып алуучусу - Кытай мамлекети. Ал суу жолу аркылуу танкерлер менен ташылат. Ага альтернативдүү темир жолду биз аркылуу өткөрүп алса, Кытай Ирандын мунайын азыркыдан бир канча эсе көп ташып, өзүнүн энергетикалык кубаттуулугун арттырууга мүмкүнчүлүк алат.

Буга чейин Транспорт жана жолдор министрлиги бул эл аралык долбоордун алкагында Кыргызстандын аймагы аркылуу өткөн темир жол багытын аныктап, иштеп чыккан. Ал башында Эркечтам - Сары-Таш - Ош - Анжиян багыты боюнча сунушталса, кийинки долбоордо ал Торугарт - Ат-Башы - Ак-Талаа -Тогуз-Торо-Жалал-Абад багытын ичине камтыган. Сунуштала турган долбоор боюнча өлкөнүн ички аймагы аркылу өтчү темир жолдун узундугу 433 чакырымды түзөт. Кытайдын Борбор Азия аркылуу темир жол алып өтүү демилгеси акыркы он беш жылдан бери талкууланып келе жаткан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG