Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:43

ШКУнун саммити экономикага басым жасады


Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) саммити. Кытай. Циндао, 10-июнь, 2018-жыл.
Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) саммити. Кытай. Циндао, 10-июнь, 2018-жыл.

Кытайдын Циндао шаарында өткөн Шанхай Кызматташтык Уюмунун кезектеги саммитинде декларация менен кошо биргелешкен 20дай документке кол коюлду. Жыйында коопсуздук маселеси менен катар мүчө өлкөлөрдүн экономикасын илгерилетүү маселесине басым жасалды.

Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) кезектеги саммити алгачкы жолу “сегиздик” форматында өтүп, ага уюмга кирген Кыргызстан, Кытай, Орусия, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Пакистандын президенттери жана Индиянын премьер-министри катышты. Пакистан менен Индия 2017-жылы уюмга толук укуктуу мүчө болуп кирген.

Саммиттин башталышында Кытайдын төрагасы Си Цзинпин сөз сүйлөп, мүчө өлкөлөрдүн саны кеңейип, уюмдун жоопкерчилиги менен катар кадыры жогорулап баратканын билдирди. Ошону менен катар Кытай ШКУнун алкагында инвестициялык долбоорлорго 30 млрд. юань же 4,7 млрд. доллар каражат бөлө турганын жарыялады.

ШКУ саммитинин Кытайдын чыгышындагы Шаньдун жарым аралында жайгашкан маанилүү порт жана аскер базасы эсептелген, өлкөнүн өнөр жай борбору саналган Циндао шаарында өтүп жатканы да жөн жеринен эмес. Жыйында коопсуздук маселеси менен катар мүчө өлкөлөрдүн экономикасын илгерилетүү, инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу маселелерине басым жасалды.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков ШКУ аймагында айыл чарба азыктарын өндүрүүнүн жана кайра иштетүүнүн эң жаңы технологияларын колдонуу менен атайын айыл чарба технологияларынын парктарын түзүү боюнча долбоорлорду изилдөө зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле уюмдун Өнүктүрүү банкын түзүү демилгесин колдой турганын айтты.

- ШКУ аймагында экономикалык долбоорлорду илгерилетүү үчүн кыргыз тарап уюмдун финансылык механизмин — Өнүктүрүү банкын жана Өнүктүрүү фондун тезирээк түзүүнү жактайт жана Кыргызстандын аймагында банкын ачуу маселесин талкуулоо жана макулдашуу процессин улантууну сунуш кылат.

Мамлекет башчы Кытай демилгелеген “Бир алкак — бир жол” долбоорун Евразия Экономикалык Биримдиги менен иш жүзүндө байланыштыруу боюнча чараларды көрүү зарыл экенин белгиледи. Жээнбековдун саммитте белгилегени боюнча, Кыргызстан ШКУ өлкөлөрүнүн транзиттик жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн олуттуу жогорулата турган “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун курууну тездетүүгө кызыкдар.

Экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейте турган темир жол маселесин саммитке катышкан башка лидерлер да көтөрдү.

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков акыркы бир нече жылдын ичинде Сириядагы, Ирактагы жана Ооганстандагы окуяларга байланыштуу аймактагы өлкөлөрдүн жарандары ар кандай экстремисттик кыймылдарга катышып жатканына да токтолду.

- Мекендештерибизди жалданма террорчулардын катарына азгырып, үгүттөө иштери кызыганы бизди тынчсыздандырат. Диверсиялык-террористтик тажрыйба топтогон террористтердин башка аймактарга келип, кырдаалды курчутууга аракеттенип жатышы бизди өзгөчө кооптондурат. Мекенине кайтып жаткан террорчуларга карата тийиштүү аракеттерди көрүш үчүн ШКУнун алкагында координацияланган чара көрүү зарыл деп эсептейбиз.

Жыйынга катышкан Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков ШКУ 3 млрд. калктын, Евразия аймагынын 60% камтыган дүйнөдөгү ири чөлкөмдүк уюм болуп калганын белгиледи.

ШКУ аймакка арка-бел болобу?

ШКУ аймакка арка-бел болобу?

Чыгыш жана Азия өлкөлөрүнүн башын кошкон уюмдун максаты батыш мамлекеттерине тең салмактуулукту сактоого багытталганбы?

Жыйынтыгында Циндао декларациясы, терроризм, сепаратизм жана экстремизмге каршы туруу, баңгизаттаргаа каршы күрөш, азык-түлүк коопсуздугу, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ШКУга кирген мамлекеттердин башчылардын биргелешкен чечимдерин кошкондо 20га жакын документ кабыл алынды.

Бир катар эл аралык жана жергиликтүү эксперттер ШКУ чаржайыт иш алып барганын токтотуп, өз багытын аныктамайынча дүйнөдөгү таасирдүү уюмга айлана албай турганын белгилеп келишет. Уюмдун учурдагы ишмердүүлүгү жана келечеги туурасында саясатчы Равшан Жээнбеков буларга токтолду:

Равшан Жээнбеков.
Равшан Жээнбеков.

- ШКУ адегенде коопсуздук боюнча Европа менен Американын НАТОсуна каршы турган аскердик-коопсуздук уюму катары түзүлгөн. Бирок акыркы жылдары экономикалык жакка багыт алып баратат. Уюм түзүлгөндөн бери маанилүү, чон маселени чече алган жок. Буга катышкан мамлекеттердин саясий режимдеринин жана кызыкчылыктарынын бири-бирине каршы келгени себеп болуп жатат. Орусия менен Кытай бир караганда жакын көрүнгөнү менен алардын экономикалык, саясий, геосаясий багыттарында көп карама-каршылыктар бар. Индия менен Пакистандын бул уюмга кириши аны күчтөндүрбөй, тескерисинче алсыздандырып коюшу мүмкүн. Анткени Индия менен Пакистандын ортосунда Кашмир маселеси бар. Индия менен Кытайдын ортосунда кандайдыр бир деңгээлде экономикалык жактан кыйынчылыктары бар.

Кыргыз президенти саммит катышуучуларын быйыл күздө Ысык-Көлдө өтүүчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына чакырды.

ШКУнун саммитинин алкагында Сооронбай Жээнбеков эки тараптуу жолугушууларды да өткөрүп, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга, Индиянын премьер-министри Нарендра Мои менен кездешип, алар менен өз ара кызматташтыкты талкуулады.

ШКУнун төрагалыгы 2018-2019-жылдарга Кыргызстанга өттү. Ага Кытай баш болгон өлкөлөр көмөк көрсөтүп, колдоого даяр экенин билдиришти. Президент Сооронбай Жээнбеков саммитти келерки жылы 14-15-июнда Бишкекте өткөрүүнү сунуш кылды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG